Difference between revisions of "Улак тартыш"

no edit summary
(Created page with "УЛАК ТАРТЫШ, көк бөрү – кыргыздын улуттук ат оюну. Улак тартыш илгертен бери чоң салтанатта...")
 
УЛАК ТАРТЫШ, көк бөрү – кыргыздын улуттук [[ат оюну[[оюн]]у]]. Улак тартыш илгертен бери чоң [[салт]]анаттарда, майрамдарда, аш-[[той]]лордо өткөрүлгөн. Татаал, коркунучтуу, кокустуктары көп оюн болгондуктан атаандаштардын ортосунда кадыр-барктуу, [[тажрыйба]]луу кишилерден бокобулдарды (калыстарды) дайындашып, ошолордун чечими боюнча оюн өткөрүлгөн.
 
Улак же серкени мууздап, баш, шыйрагын кесип салып, ичинин кичине жерин жиреп, [[ичеги-карын]]ын да алып салып, кесилген жер менен мууздоосун бекем тигет. [[Атаандаш]]тар эки тарапка (ата, айыл, аймак боюнча) бөлүнүшүп, жакшы аттарга минишет. Бөлүнгөн жааттар бирдей санда (3, 5, 7) оюнчуларды чыгарышат. Оюндун негизги максаты жерге ташталган улакты эңип алып, атаандаштарга тарттырбастан белгиленген марага алып келип таштоошондой Айрым учурда кичирээк [[торпок]] да тартылып, аны торпок тартуу деп аташат.
649

edits