Кургак учук: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
No edit summary
1-сап:
[[File:tubr.jpg|200px|thumb|right]]
Соңку учурларда Бүткүл дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун маалыматы боюнча ар бир секунд сайын дүйнөдө бир адам кургак учук оорусун жуктуруп алат. Ал эми ар бир 20 секундда жер жүзүндө кургак учуктан бир адам көз жумат. Жылына бул дарттан 600гө жакын киши каза табат. Республикада кургак учук менен ооругандардын саны Чүйдө жана [[Бишкек]]те көбүрөөк байкалат. өлкөдө социалдык-экономикалык кырдаал курчуп, миграция өсүп жаткандыгы бул оорунун кулач жайышына таасир этүүдө. Кургак учук менен ооруп калгандардын санын азайтуу жаатында ак халатчандар көптөгөн иштерди жасап жатышат. "2011-жылдын январындагы абал боюнча [[Кыргызстан]]да кургак учук менен ооругандардын саны калк арасында азайды";, - дейт Саламаттык сактоо министри Сабырбек Жумабеков. Анын айтымында, 2010-жылы өлкөдө 5434 кургак учук менен ооруган адам катталган, бул 2009-жылга салыштырганда 427 адамга аз. С. Жумабеков саламаттык сактоону колдоого жана өнүктүрүүгө жылына 565 миллион сом талап кылынарын, бирок республикалык бюджеттен 45 миллион сом гана бөлүнөрүн айтат. <br>
==Кургак учук тунучуктун пайда болушу==
Кургак учук - жугуштуу дарт. Ал көбүнчө какырык менен кургак учуктун микобактериясын бөлүп чыгарган сыркоо адамдан жугат. Башка [[микроб]]дордон айырмаланып, кургак учуктун микобактериясы өзгөчө сакталуу касиетине ээ. Ал жерде дагы, карда дагы өзүн мыкты сезет, ошондой эле спирт менен кислотанын таасирине да туруктуу келет. [[Микобактерия]] ыплас жерде, нымдуу үйдө бир нече ай, бейтаптын кийим-кечесинде, үй эмеректеринде 3-4 ай, сүттө, майда 1 жылга чейин сакталат. Алар жогорку температурага туруштук бере алышпайт, тике тийген күн нуруна көпкө чейин кактаганда гана жок болот. Алар жогорку температурада жана хлор камтылган заттардын таасиринен улам жок болот. <br>
Кургак учукту козгогучтардын бир нече түрү (кишиники, бодо малдыкы жана канаттуулардыкы ж. б.) белгилүү. Адамдар негизинен кишинин кургак учугу менен оорушат, бирок кээде бодо малдын кургак учугу менен да жабыркашы мүмкүн. Ооруну негизинен микробдуу какырык бөлүп чыгарган адамдар жана малдар таратышат. Айрыкча кургак учуктун ачык түрү менен ооруган адам коркунучтуу. Кургак учуктун таякчасы ар кандай жол менен жугушу ыктымал. Оору көбүнчө оорулуунун какырыгы, түкүрүгүнүн чачырандысы менен булганган аба менен дем алганда, ошондой эле оорулуу пайдаланган буюмдар (сүлгү, тиш щётка, жүзаарчы, кийим-кече ж. б.) аркылуу жугушу мүмкүн. Андыктан жугушсуздандыруунун катуу тартибиндеги чараларды көрүү талап кылынат. <br>
"https://ky.wikipedia.org/wiki/Кургак_учук" булагынан алынды