Суши: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
Created page with "Суши (жапончо. すし,寿司, 壽司, 鮨, 鮓, 寿斗, 寿し англ. sushi ) күрүч сиркеси менен аралашкан күрүч, деңиз өн..."
(Айырма жок)

9 апрель 2012, саат 18:25 учурдагы нуска

Суши (жапончо. すし,寿司, 壽司, 鮨, 鮓, 寿斗, 寿し англ. sushi ) күрүч сиркеси менен аралашкан күрүч, деңиз өнүмдөрү жана башка азыктар менен жасалган жапон ашканасынын негизги тамактарынан.

1980-жылдардан кийин дүйнөгө белгилуу тамактардын катарына кошулган. Сушинин түрлөрү көп, негизгилери "маки" жана "нигири". Маки суши күрүч сиркеси кошулган күрүч, даам бергич азыктар жана сыртында нори аттуу балырдын бир түрү менен оролуп даярдалат. Нигири суши болсо макиге караганда чоңураак болот. Алгач сирке кошулган күрүч жайылып, үстүнө негизги азыктар сүрүлөт, нори балыры көбүнчө кошулбайт. Күрүчтүн үстүнө жайылган азыктар төгүлүп-чачылбасын үчүн жука нори менен оролот. Сушини диета кармагандар үчүн да сунуштаса болот. Кант диабети барларга сунушталбайт, себеби сушинин курамында шекер бар. Көбү сушини чийки балык деп билет, бирок кээбир түрлөрүнө балык кошулбай башка жашылча-жемиштер менен жасалат.

Түрлөрү

  • Чирашизуши
  • Инаризуши
  • Макизуши
  • Нарезуши
  • Нигиризуши
  • Ошизуши

(adecas)