Сабырдуулук: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
Created page with "«Сабырдуулук» түшүнүгү диний согуштар дооруна байланышкан. Баштапкы мааниси боюнча ал католик..."
(Айырма жок)

16 апрель 2012, саат 06:20 учурдагы нуска

«Сабырдуулук» түшүнүгү диний согуштар дооруна байланышкан. Баштапкы мааниси боюнча ал католиктер менен протестанттар келишүүгө аргасыз болгон компромиссти билдирет. Кийинчерээк макулдашуу эрежеси катары сабырдуулук Агартуу доорунун либералчыл аң сезимине сиңет. XVII-XVIII кылымдардагы атактуу окумуштуулар Гоббс, Локк, Вольтер, Руссо айыгышкан диний касташууларга жана диний сабырсыздыкка каршы турушкан. Агартуучулар жалпыга бирдей баалуулук, диндер жана элдер ортосундагы ынтымак шарты катары сабырдуулук идеясын коомдук аң сезимге бара-бара жайылтууга өбөлгө түзгөн. XVIII-XIX кылымдар аралыгында Францияда Беневентский князы Талейран Перигор жашаган. Ал ар башка (революциялык да, Наполеондун да, король Людовик XVIIнин тушундагы да) өкмөттөрдө тышкы иштер министри бойдон калгандыгы менен белгилүү. Ал түркүн тармактарда өнөрүн көрсөтө алган таланттуу адам болгон, бирок анын эң башкы өзгөчөлүгү айланадагылардын маанайын эске алып, урмат-сый менен мамиле жасай билгендиги, бардык адамдардын кызыкчылыгын алда канча аз кодулаган жол издегендиги эле. Ошол эле учурда Талейран өз принциптеринен да тайбай, кырдаалга жеңдирбестен, ишти жөнгө салуу ыгын таба билген. Ушул адамдын атынан «толеранттык» түшүнүгү келип чыккан. 1789-жылы Францияда Адамдын жана жарандын укуктарынын декларациясы кабыл алынган. Ал адам укуктары жөнүндө азыркы декларациялардын, анын ичинде 1948-жылдагы Адам укуктарынын жалпы декларациясынын башаты болуп калды, анда элдер жана мамлекеттер ортосундагы мамиленин тынчтык, демократия, зомбулукка жол бербөөчүлүк принциптери жар салынган.9

Сабырдуулуктун (толеранттыктын) чечмелениши 

«Толеранттык» сөзүн «сабырдуулук» деп которуу эң туура болот. Бул – теги, маданияты, көз карашы жана адамдык башка сапаттары боюнча айырмаланган кишилерди түшүнүү, сыйлай билүү жөндөмү. Балдарды сабырдуулукка тарбиялоо менен биз өлкөбүздүн жана бүткүл дүйнөнүн алда канча бейпил жана үзүрлүү келечегин камсыз кылабыз. Дүйнөдөгү каршылашуулардын негизги себеби – адамдардын тышкы көрүнүшүндөгү, тилиндеги, көз карашындагы ж. у. с. айырмачылыктар. Сабырдуулуктун ар кайсы тилдердеги мааниси бирдей эмес. Мисалы, англис тилинде «инсанды жана нерсени каршы болбой кабылдоо даярдыгы жана кудурети» дегенди билдирет. Французча – «башка адамдын эркиндигин, ойлонуу ыгын, жүрүм-турумун, адептик жана диний көз карашын урматтоо». Кытай тилинде сабырдуулук «башкаларга жол берүү, оң кароо, айкөлдүк кылууну» билдирет. Араб тилинде сабырдуулук – «башкаларга кечиримдүүлүк, сылык-сыпаалык, боорукердик, түшүнүүчүлүк, кол сунуучулук». Фарси тилинде: «сабырдуулук, чыдамдуулук, элдешүүгө даярдык». Орус тилинде толеранттык термини негизинен медицинада колдонулуп, «сезгичтиктин начарлашына байланыштуу кандайдыр бир жагымсыз таасирге жооп кайтаруунун жоктугун же начарлашын» билдирчү. Ал эми «сабырдуулук» (башка адамдардын пикирин чыдап угуу, аны менен келишүү, башкалардын жүрүм-турумуна кечиримдүү мамиле жасоо жөндөмү) терминине соңку беш-алты жылга чейин толеранттыктын маанилери толук камтылбай келген. Азыркы кезде толеранттык таануу, кабыл алуу, түшүнүү сыяктуу түшүнүктөрдүн алкагында карала баштады. Таануу – бул бөлөкчө баалуулуктарды тутунган, ойлому менен жүрүм-туруму да башкача бирөөнү дал ошол бирөөдөй көрө билүү. Кабыл алуу – бул ушундай айырмачылыктарга оң мамиле жасоо. Түшүнүү – бул башка бирөөнү ичкериден көрө билүү, анын жан дүйнөсүнө бир эле учурда эки көз караштан: өзүнүн жана анын өңүтүнөн карай билүү. 1996-жылы БУУнун Башкы Ассамблеясы ага мүчө мамлекеттерге жыл сайын 16-ноябрды Сабырдуулукка арналган эл аралык күн катары белгилөөнү сунуштады, бул күнгө карата окуу жайларга, жалпы эле коомчулукка багытталган тийиштүү иш чаралар өткөрүлөт.

Сылыктык – адамдарды сыйлоо жүрүм-турумдун күндөлүк ченеми жана айланадагылар менен баарлашуунун демейки ыкмасы болуп калган, кишинин жүрүм-турумун мүнөздөгөн адептик сапаты. Сылыктыктын сырткы белгиси тийиштүү коомдо кабыл алынган сыпаалык эрежелерин сактоодон көрүнөт.

Ак көңүлдүк – жалпы жана жекече максаттарга жетишүүдө көмөктөшүүгө даяр турган инсандын башка инсанга чын ыкластуу мамилеси (http://www.catholic.uz).

Мамилечилдик – адамдар ортосундагы байланыш, анын жүрүшүндө маалымат алмашууга, өз ара иштешүүгө, кам көрүүгө, түшүнүшүүгө негизделген психологиялык байланыш келип чыгат. Мамилечилдиктин өзгөчө белгиси – башка бирөөнүн иши кандай жүрүп жатканына кызыгып жана ага жардам берүүгө даяр туруу.

Агрессиянын жоктугу – төмөнкүдөй 2 багытта каралышы мүмкүн: 1) Максатка карай кечикпестен, коркуусуз жана шектенүүсүз барбоо. 2) Психологиялык көз караштан алганда – кас мамиледе болбоо (б.а. инсандын касиети же мүнөзү, ал башка адамдарга жана курчап турган чөйрөгө жагымсыз маанай жаратуудан, кол салуудан, зыян келтирүүдөн сактануу тенденциясын баса белгилейт ) (http://www.r-gorod.ru).

Ишеним – буга адамдын бир катар сезимдери камтылат: коопсуздук (ишеничтүүлүк, көңүл тынчтыгы, коргоодо болуу, сырдын сакталышы); шайкеш келүү (достук мамиле, түшүнүү, баарлашуу, кадыр-барк, сылыктык, урмат-сый, сабырдуулук); чын ыкластык (чынчылдык, ачык-айрымдык). Ишенимдүү мамиле тараптардын эч кайсынысы алдабай, жалган белги бербей (күйпөлөктөбөй, калп айтпай) жүргөндө гана түзүлүшү мүмкүн.

Чыдамкайлык – оппонент тарабынан психологиялык кысымына жеңдирбей, тынч абалын сактай билүүгө адамдын кудурети. Бул сапат уга билүүдөн, адамга кысым жасаганга шашпоодон жана, эң оболу, ачууга алдырбай, ар кандай кырдаалда токтоо боло билүүдөн көрүнөт.

Стереотиптүү жүрүм-турумдан эркин болуу – жаман ойдон алыс болуу, сүйлөшүп оппонентке «социалдык жарлык» такпай (улутуна, жерине, кесибине ж.б. карай жамандабай), сергек мамиле жасай билүү. Бул абдан кыйын жана маанилүү көндүм, анткени стереотип өз ара түшүнүшүүгө тоскоолдук кылат: мындайда биз адамдын өз көз карашын эмес, анын күн мурунтан жаман ойдо болгонун билебиз.

Сүйлөшүүгө дилгирлик – бир тараптын экинчи тарап менен баарлашууга ачык-айкын кызыккандыгы. Сүйлөшүү адамдар ортосунда маалымат алмашуу ыгы, демек, сүйлөшүү ар кандай түшүнбөөчүлүктү жоюу ыкмасы жана чыр-чатакты чечүү ыкмасы боло алат. (http://www.existradi.ru).