Difference between revisions of "Плутон"

м
r2.7.2) (робот өзгөрттү: ilo:Pluto; косметические изменения
м (робот кошту: lez:Плутон)
м (r2.7.2) (робот өзгөрттү: ilo:Pluto; косметические изменения)
Аны 1930-жылы америкалык астроном К. Томбо ачкан. Плутондун физикалык мүнөздөмөлөрү толук изилдене элек. Массасы [[Жер]]дин массасынын 0,002 бөлүгүнө барабар деп болжолдонот. Күндөн аралыгы 39,5 а.б. Жерден байкаганда 15-жылдыз чоңдугунчалык чекит объектиндей болуп көрүнөт. Плутон [[Күн]]дү өз [[орбита]]сы бонча 247,7 жылда бир айланат, [[эклиптика]] тегиздигине кыйшаюу бурчу 17°. Башка планеталарга салыштырганда Күндөн өтө алыс жана жарыктанышы начар болгондуктан Плутонду изилдөө өтө татаал. Плутондун диаметри 3000 кмге жакын, бетинин темп-расы -220°. [[Атмосфера|Атмосферасы]] сейректелген жана негизинен газ абалындагы метандан турат. Плутондун 1 [[планеталардын жандоочулары|жандоочусу]] бар. Анын диаметри 3 эсе кичине жана анын айланасында 20 000 км аралыкта айланат. 1 айлануусу 6,4 суткага барабар.
 
Плутон планетасынын радиусу 2500 км, тыгыздыгы 7,4 г/см3. Күндү 248 жылда толук 1 айланып чыгат. Өз огунун айланасында толук 1 айлануусу 6 сут 9с. 17 минутага барабар.
 
Бул жагынан Плутон планетасы зор планеталардан бир аз гана айырмаланат. Кийинки күндөрдө планеталар аралык автоматтык станциялардын жардамы менен планетанын табигый жандоочусу [[Харон]] ачылып, Плутонду радиусу 17500 км болгон орбита менен айланып жүрө тургандыгы аныкталган.
 
==Колдонулган адабияттар==
Астрономия. Энциклопедиялык окуу куралы, 2004, Бишкек<br />
''Башкы редактор: Ү. Асанов. Жооптуу редактор: Э. Мамбетакунов''
 
[[Category:Астрономия]]
[[Category:Табият илимдери]]
 
[[ia:Pluton (planeta nano)]]
[[id:Pluto]]
[[ilo:Pluto (ansisit a planeta)]]
[[io:Plutono]]
[[is:Plútó (dvergreikistjarna)]]
6,284

edits