Барсбек каган: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
No edit summary
30-сап:

Татаал тышкы саясий кырдаалдын шарттарында кыргыздардын мамлекетиндеги биринчи орунга ал өзүнүн асыл сапаттарынын аркасында көтөрүлгөн жана Борбордук Азиядагы эң татаал саясий кырдаалда кыргыздарга башчылык кылган.

==Барсбек тууралуу маалымат==
Түрк каганаты доорундагы кыргыздардын каганы Барсбек тууралуу китептерде, макалаларда окшош ойлор жазылып келет. Айрымдар, анын доору менен "кыргыздардын жылдыздарга жеткен сааты" деп аталган Кыргыз каганатынын доорун чаташтырып жүрүшөт. Чындыгында, Кыргыз каганаты 840-жылы Барсбек өлгөндөн 129 жыл өткөн соң түптөлгөндүгү анык.

==Барсбектин доорундагы окуялар==
Түрк каганаты доорунда жазылган Орхон-Енисей жазууларында Барсбек тууралуу маалыматтар бар. Анда Барсбек Түрк каганаты экиге: Батыш жана Чыгыш каганаттарына бөлүнгөн соң, андагы Чыгыш Түрк каганатынын баскынчыл саясатына каршы күрөшүп, кыргыздарды жетектеген тарыхый инсан болгондугу айтылат. Ал кезде кыргыздар Барсбектин жетекчилигинде Чыгыш Түрк каганатына каршы түргөштөр, кытайлар менен биримдик түзүшкөн. Муну баамдаган Чыгыш Түрк каганы Капаган кыска мөөнөттүн ичинде Көгмен (Саян) тоолорун ашып түшүп, Барсбектин ордосуна кол салган.

==711-жылкы окуя==
Жогоруда баяндалган кол салуу 711-жылы болгон. Бул тууралуу Орхон-Енисей өрөөнүнөн табылган ташка чегилген жазууда төмөндөгүдөй баяндалат: "Атыбызды жөө жетелеп, тоонун кырына чыктык... Токой каптаган чоку аркылуу аштык. Эбегейсиз кыйынчылык менен кайра төмөн түшүп, кыргыздарды чочутуп албас үчүн, көчкүлөрдү айланып өтүп, тоо этектеп жүрүп отурдук..."
Ушул окуяга чейин, кыргыздарды Түрк каганаттарына баш ийдириш үчүн, түрктөр Барсбекти өздөрүнө ийгерүүнүн амалын издешкен. Натыйжада Култегиндин карындашын Барсбекке зайыптыкка беришкен. Ташка чегилген жазууда мындай делет: "Барсбек эле, каган атын мында биз бердик, ага сиңдими (карындашымы) зайыптыкка бердим. өзү жаңылды... Каганы өлдү, эли күң менен кул болду. Сүңгүштүк, найзалаштык эли менен".

==Чыгыш Түрк каганаты жана кыргыздар==
Орхон-Енисей жазууларындагы Тонүкүккө арналган эстелик жазууда: "Табгачтын каганы, он ок (түргөштөр) каганы биздин душманыбыз болгон. Баарыдан өткөн душманыбыз кыргыздын күчтүү каганы болгон", - деген маалымат кездешет. Барсбек кыргыздарды сайдан, кырдан жана тоону байырлаган аймактардан чогултуп, эл кылып, ошол элдин өз алдынчалыгы үчүн күрөшкөн.

==Барсбектин өлүмү==
711-жылы Чыгыш Түрк каганаты кыргыздарга күтүүсүздөн кол салып, Сунга токоюндагы кызыл кыргында Барсбек курман болгон. Анын сөөгүн кыргыз салты боюнча урмат-сый менен коюуга мүмкүн болгон эмес. Ошентип, кыргыздар Экинчи Чыгыш Түрк каганаты кулаганга (745-ж.) чейин азаттыгынан кол жууп, букаралыкта жашап калышкан.

==Барсбектин кыргыз тарыхында ээлеген орду==
Барсбек орто кылымда Енисейди жердеген кыргыздардын башын бириктирип, алдуу-күчтүү, эркин мамлекет курууну көздөгөн. Борбордук Азия аймагын камтыган, азыркы кыргыздар мекендеген чөлкөм Батыш Түрк каганатына, ал эми ата-бабаларыбыз байырлаган чөлкөм Чыгыш Түрк каганатына карап турган кезде Барсбек Түрк каганатына каршы саясатын жигердүү жүргүзгөн. Барсбектин эли ал кезде бодун деп аталган, бул алардын ички биримдиги бар экендигин көрсөтүп турат.

==Адабият тизмеси==
Line 38 ⟶ 52:

==Интернеттеги шилтемелер ==
http://www.shookum.kg/2008-zhyl/57/962-barsbek-kyrgyz-kagany.html |Roza Abdykulova

[[Category:Кыргыз тарыхы]]