Нью-Йорк: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
No edit summary
162-сап:
|}}
 
== НаселениеКалкы ==
[[File:Mulberry_Street_NYC_c1900_LOC_3g04637u_edit.jpg|thumb|250px|[[Кичинекей Италия (Манхэттен)|Кичинекей Италия]] [[Манхэттен]]де.]]
Көп убакыт мурда, шаардын басымдуулук көпчүлүгүн Европанын жарандары түзүшкөн: [[XIX кылым|XIX к.]] ортосунда алардын көпчүлүгү - [[ирландецтер]] жана [[немецтер]], ал эми [[XX кылым|XX к.]] башында - [[жөөттөр]] жана [[итальяндыктар]] болгон. [[1940-жыл|40-жылдары]] Кошмо Штаттардын расмий эмес борборунун 94% калкын ак жүздүү адамдар түзүшкөн. Бирок этникалык өзгөрүүлөр, европеиддердин шаар четтерине да көчүп келиши менен өзгөрүп турган. «Субурбанизация» деген аталыштагы бул кубулуш массалык түрдө Нью-Йоркто пайда болгон. Шаардын четтеринен көчүп кете баштаган калкты, башка расадагылар түзө башташкан. Акыркы он жылда Нью-Йоркто азиялыктардын көбөйүшү байкалат, айрыкча [[кытайлар]], [[индейлер]] жана [[пакистандыктар]], ошондой эле Латын Американын жана Кариб бассейнинин тургундары.
 
Нью-Йоркко болгон күчтүү толкундуу миграциянын жыйынтыгында, XX кылымдын [[1980-жыл|80-жылдары]] шаар калкынын басымдуулук көпчүлүгүн [[латынамерикалыктар]] жана [[афроамерикалыктар]] түзүшкөн. Учурда Ричмонд — ак жүздүү адамдар басымдуу кылган жападан жалгыз аймак болуп саналат. Ал эми анын аймагы көп убакыттан бери «Гарлем филиалдарынан», «кичинекей Италиядан», «Чайнатаундардан», жөөттөрдүн «ист-сайддарынан», «латын кварталдарынын» мозаикасынан турат. Нью-Йоркко көчүп келгендердин чыныгы жүзүн Эллис-Айленддеги Иммигранттар Музейинен көрүүгө болот. Анткени учурда Кошмо Штаттардын жарандарынын болжолдуу 20 миллиону, дал ушул аймакта [[1954-жыл]]ы орун алган, башкы өткөрүүчү бөлүмдөн катталып өтүшкөн.
[[File:Chinatown_manhattan_2009.JPG|thumb|250px|[[Манхэттен]]деги [[Чайнатаун (Манхэттен)|Чайнатаун]].]]
 
Иммиграция — шаарлардын кескин турдө өсүүсүнүн башкы фактору болуп саналат. XIX к. [[1870-жыл|70-жылдарында]] шаардын тарыхый өзөгүн түзгөн - Нью-Йорк графстосунда, жашоочулардын саны миллиондон ашкан. Ал эми [[1896-жыл]]ы бирдиктүү Нью-Йорк-Ситини түзгөндө 3,4 млн. жеткен. [[2000-жыл]]ы Нью-Йоркто 8 008 278 адам жашаган, 3 021 588 түрак жай жана 1 852 233 үй бүлө болгон. [[Калктын жыштыгы]] - 10 194,2/км². Шаарда орточо жыштыгы менен 4074,6/км² жерде 3 200 912 турак жай бирдиги бар. Расалык курамы: 44,66 % ак жүздүүлөр, 26,59 % каралар, 0,52 % жергиликтүү американецтер ([[индейлер]]), 9,83 % азиаттар, 0,07 % тынчокеандыктар, 13,42 % башка расадагы адамдар, жана 4,92 % болсо, эки же андан көп расадагы адамдар. Калктын 26,98 % — латынамерикалыктар түзушөт.
 
Шаардын турак жай коомунун кирешеси $38 293, үй-бүлөлөрдүкү — $41 887. Эркектердин орточо кирешеси $37 435, ал эми айымдардыкы $32 949. Калк жанына болгон киреше $22 402. Шаардын 21,2 % калкы жана 18,5 % үй-бүлөлөр кедейлүүлүк сызыгынан төмөн жашашат. Кедей жашаган адамдардын ичинен - 30,0 % 18 жашка жете электер жана 17,8 % 65 жаштан жогору жаштагы улгайган адамдар.
 
3 021 588 турак жай коомунун ичинде - 29,7 % 18 жашка жете элек балдар ээлик кылышат; 37,2 % бирге жашаган жубайлар; 19,1 % күйөөлөрү жок айымдар; 38,7 % - үй-бүлөсү жоктор.
Жаш өзгөчөлүгүнө жараша шаар төмөнкүчө бөлүнөт: 24,2 % 18 жашка жете электер, 10,0 % 18 жаштан 24 жашка чейинкилер, 32,9 % 25 жаштан 44 жашка чейинкилер жана 11,7 % 65 жашттагылар жана алардан өйдө. Ар бир 100 айымга 90,0 мырза туура келет. Жашы 18 жана андан жогору болгон ар бир 100 айымга 85,9 мырза туура келет.
 
== Шилтемелер ==
"https://ky.wikipedia.org/wiki/Нью-Йорк" булагынан алынды