Анализ (математика тармагы): нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
Created page with "Анализ – грек сөзү, бизче жиктештирүү, ажыратып бөлүү дегенди түшүндүрөт. Көркөм текстти и..."
 
No edit summary
1-сап:
'''Анализ''' (грек. – analysis – ажыратуу, мүчөлөргө бөлүштүрүү) – үйрөнүлүүчү предметти (кубулушту, процессти же алардын арасындагы байланыштарды) ага мүнөздүү болгон негизги [[элемент|элементтерге]] (касиеттерге, белгилерге, катнаштарга) ойдон же реалдуу түрдө ажыратуу процедурасы. Адамдын жекече өнүгүшүндө анализ адегенде анын конкреттүү практикалык ишинде аткарылат (мисалы, предметтин формасын адегенде бала ал предметти ар кандай абалда кармалап көрүү менен гана анын касиетин ажыратат). Андан кийин бул операцияны көрүүнүн жардамы менен аткарат. Мунун артыкчылыгы – кабыл алуунун тез болушунда гана эмес, мында бир мезгилде предметтин башка да көп касиетин кошо камтый тургандыгында. Туюнуп-билүү методу катарында анализ көрсөтмөлүү аракеттүүлүктөн көрсөтмөлүү элестөөчүлүккө жана андан акыры сөз формасындагы [[логика|логикага]] өсүп-өнүгөт. Окуучунун анализдик ойлоосу предметтерди жана кубулуштарды башталгыч класстарда адегенде жөнөкөй анализдөөдөн башталып, жогорку класстарда улам кеңири, терең жана толук анализдөөгө чейин өсүп өнүгөт. Анализге тескери процедура [[синтез]] болуп эсептелет. Адамдын туюнуп-билүү ишинде бул эки процедура дайыма бири-бирине айкалыша аткарылат. [[Энгельс]] айткандай анализсиз синтез болбойт. Ошондуктан, маселени түшүнүү үчүн кошо аткаруу зарыл. Китеп окууда текст айрым [[фраза|фразаларга]], [[сөз|сөздөргө]], [[Тамга|тамгаларга]] бөлүнүп ажыратылат, ошол эле убакта алар бири-бири менен ажырагыс болуп байланыштырылат: тамгалар сөзгө, сөздөр [[сүйлөм|сүйлөмгө]], сүйлөмдөр [[текст|тексттин]] тигил же бул темасына бириктирилет. Ар кандай окуя жөнүндө оозеки айтууда окуя ойдон айрым [[Эпизод|эпизоддорго]] ажыратылат, ошону менен бирге алардын бири-бирине байланыштуулугу белгиленип көрсөтүлөт. Ошентип, үйрөнүлүүчү кубулуш жөнүндө толук түшүнүк алуу үчүн ал окуяны анализдөө процедурасы сөзсүз аны синтездөө процедурасы менен бирдиктүү байланышта орундалышы зарыл. Практикада анализ дайыма [[Абстракция|абстракциялоого]], ал эми синтез жалпылоого байланыштуу ишке ашат. Мисалы, [[теорема|теореманы]] туура анализдөө ошол теоремадагы фигуранын кандайдыр конкреттүү бир абалына карата айтылуу менен гана аякталбайт, ал анализ фигуранын мүмкүн болгон бардык башка абалдарын сөзсүз өзүнө камтыйт. Окуучулардын ойлоосун калыптандырууда анализдин мааниси эң зор, алардын [[Математика|математикалык]] же [[Орфография|орфографиялык]] каталарынын негизги себеби тиешелүү эрежелерди билбегендигинен эмес, эрежелерди алар көп учурда жакшы эле билишет, ошол эрежелерди маселе чыгарууда, сөздөрдү жазууда пайдалана билбегендигинде. Ал эми мындай эрежелерди пайдалануу [[аналитика|аналитикалык]] жана синтездик бир катар татаал ойлонуп эмгектенүү процесстерине негизделет. Жаңы материалды анализдей билүү окуу ишинин эң негизги элементи болуп эсептелет. Окуунун натыйжасында өздөштүрүлгөн илимий анализдин жолдору адамдын табылгасына айланат да, ал абстракциялоо, синтездөө жана жалпылоолор менен бирге чындык дүйнөнү туюнуп-билүүнүн эң негизги ишенимдүү куралын түзөт.
Анализ – [[грек]] сөзү, бизче жиктештирүү, ажыратып бөлүү дегенди түшүндүрөт. Көркөм [[текст]]ти изилдөө максатында окуп, талдап чыгуу. Адабий чыгармага анaлиз берүүдө чыгарманын идеясын, темасын, андагы [[образ]]дарды, тилди талдоо жана жалпы комплекстик анализдөө ишке ашырылат. Адабият таануунун негизги ыкмасы анализ болуп саналат. <br>
== Колдонулган адабияттар ==
==Адабият==
"Кыргыз педагогикасы: энциклопедиялык окуу куралы". Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Башкы редактор Ү.Асанов, жооптуу редактор И.Бекбоев. Бишкек - 2004. УДК 37.0 ББК 74.00я2 К 97
Ж.Шериев. А.Муратов. Адабият. Терминдердин түшүндүрмө сөздүгү. / Кыргыз энциклопедиясынын башкы редакциясы. –Бишкек, 2004. –ISBN 5-89750-084-3
[[Category:Билим Адабиятберүү]]
[[Category:Илимий Тумар-2011терминдер]]
==[[Category:Адабият==]]
[[bg:Анализ]]
[[ca:Anàlisi]]
[[de:Analyse]]
[[en:Analysis (disambiguation)]]
[[es:Análisis]]
[[fi:Analyysi]]
[[fr:Analyse]]
[[he:אנליזה]]
[[hr:Analiza]]
[[io:Analizo]]
[[it:Analisi]]
[[ko:해석학]]
[[lb:Analys]]
[[lv:Analīze]]
[[mk:Анализа]]
[[pl:Analiza]]
[[ro:Analiză (dezambiguizare)]]
[[ru:Анализ]]
[[simple:Analysis]]
[[sk:Analýza]]
[[sl:Analiza]]
[[tr:Analiz]]
[[uk:Аналіз (значення)]]
[[zh:分析]]