Туман: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
No edit summary
No edit summary
5-сап:
[[File:0 344bb cfaac03f XL.jpg|300px|thumb|right|Суу үстүндө туман]]
Тумандын пайда болушу буулануудан башталат. Суудагы айрым молекулалар башка молекулалардын тартылуу күчүн, башкача айтканда, молекулалардын өз ара тартылуу системасын «жеңип», жогору карай умтулат да, абага учуп чыгат. Ошентип, буулануу процесси тынымсыз жүрүп турат. Суу буусу газ абалында болгондуктан, мындай буулануу кубулушу нөлдөн жогорку температурада көзгө көрүнбөйт. Алар чогулуп туманды пайда кылганда гана, андагы майда тамчылар жарыкты чагылдырып, ошондон улам ал агарып, көзгө көрүнөт.

Биринчиден, ал молекулалар абага чыгып, аба молекулалары менен же башка суу молекулалары менен кагылышып, бириге башташат. Температуранын белгилүү бир деңгээлде муздашынан улам молекулалардын мындай биригиши суунун абдан майда тамчыларын пайда кылат. Майда тамчылардын радиусу, болжолу, 1 микрометрден 60 микрометрге (микрометр = 10-6) чейин болот. Алардын көпчүлүгү жылуу абада 5-15 микрометр, муздак абада 2-5 микрометр көлөмгө ээ болот. Абадагы суу буусунун өтө майда тамчыларга айланышы температуранын улам төмөндөшү менен тездейт. Бул [[конденсация]] кубулушу деп аталат.

Экинчиден, өтө майда тамчылардын пайда болушу үчүн конденсация ядролору болушу керек. Башкача айтканда, суу буусунун молекулаларынын топтолушун ишке ашыра турган нерсе болушу керек. Негизинен, анын кызматын иондор, абадагы түтүн, ыш же чаңдын майда бөлүкчөлөрү аткарат. Суу буусунун молекулалары алар менен биригип отуруп, өтө майда тамчыларга айланат. Ошондуктан, эл көп отурукташкан шаар жергесинде же айыл четтеринде, өндүрүш борборлоруна жакын жерлерде абанын булганышы тумандын пайда болушун шарттайт. Ачык талаа же түздүктөргө караганда мындай жерде туман коюу жана туруктуу абалда болот. Илимпоздордун айтымында, күйүүчү заттардын калдыктары көп чыккан жерде конденсация ядролору 100 эсе көп болот. Тумандын пайда болушу конденсация ядролорунун жыштыгына гана эмес, суу буусунун тыгыздыгына да көз каранды. Бул эки нерсе аймакка жана убакытка карай өзгөрүлүп тургандыктан, тумандын «жүрүшү» да бирде коюу, бирде сейрек болот.

==Тумандагы суунун көлөмү==
[[File:Wallpapers-3d-nature-008.jpg|350px|thumb|left|Коюу туман]]Эсептөөлөргө караганда, тумандагы суунун көлөмү, болжолу, 0,3 г/м3м3 болот. А өтө коюу туманда бул көрсөткүч 1 г/м3м3 га чейин жетет. Албетте, бул көрсөткүч арзыбагандай көрүнөт. Бирок, аянты 5 чакырым2км2 болгон жердеги бийиктиги 10 метр келген туманды алып карасак, эсептөөлөрдөн олуттуу сан чыгат. Мында тумандын жалпы аянты 5-1075х107 м3болупм3болуп калат. Андагы суунун тыгыздыгы 0,1 г/м3м3 болгондо, абада 5-1035х103 литр суу учуп жүргөн болот. Бул көлөмдөгү суу аталган жерди сугарууга жетет.

==Тумандын пайда болуу шарттары==
[[File:Grt.jpg|200px|thumb|right|Суунун бууланышы (схема)]][[File:What-is-evaporation.jpg|300px|thumb|right|Буулануу поцесси]]Негизинен, тумандын пайда болушуна карата экиге бөлүп карашат: буулануудан пайда болгон туман жана абадагы суу буусу муздаганынан улам пайда болгон туман. Биринчиси, жылуу температурадагы суудан же нымдуу беттерден бууланып, муздак аба менен аралашуудан улам конденсацияланып, натыйжада туманды пайда кылат. Экинчиси, ошол эле абада болгон суу буусунун муздак бетке (суунун бети, жердин, кардын бети) тийүүсүнөн улам муздап, суу тамчыларына айланып, туманды жаратат. Бирок, шарттуу түрдө ушул эки жол менен пайда болот дегенибиз менен, натыйжасы бирдей эле: эки учурда тең абадагы суу буусу конденсация кубулушунан улам өтө майда тамчыларга айланат.

"https://ky.wikipedia.org/wiki/Туман" булагынан алынды