Туман: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
No edit summary
No edit summary
8-сап:
Экинчиден, өтө майда тамчылардын пайда болушу үчүн конденсация ядролору болушу керек. Башкача айтканда, суу буусунун молекулаларынын топтолушун ишке ашыра турган нерсе болушу керек. Негизинен, анын кызматын иондор, абадагы түтүн, ыш же чаңдын майда бөлүкчөлөрү аткарат. Суу буусунун молекулалары алар менен биригип отуруп, өтө майда тамчыларга айланат. Ошондуктан, эл көп отурукташкан шаар жергесинде же айыл четтеринде, өндүрүш борборлоруна жакын жерлерде абанын булганышы тумандын пайда болушун шарттайт. Ачык талаа же түздүктөргө караганда мындай жерде туман коюу жана туруктуу абалда болот. Илимпоздордун айтымында, күйүүчү заттардын калдыктары көп чыккан жерде конденсация ядролору 100 эсе көп болот. Тумандын пайда болушу конденсация ядролорунун жыштыгына гана эмес, суу буусунун тыгыздыгына да көз каранды. Бул эки нерсе аймакка жана убакытка карай өзгөрүлүп тургандыктан, тумандын «жүрүшү» да бирде коюу, бирде сейрек болот. <br>
==Тумандагы суунун көлөмү==
[[File:Wallpapers-3d-nature-008.jpg|350px300px|thumb|leftright|КоюуТокойдогу коюу туман]]Эсептөөлөргө караганда, тумандагы суунун көлөмү, болжолу, 0,3 г/м<sup>3</sup> болот. А өтө коюу туманда бул көрсөткүч 1 г/м<sup>3</sup> га чейин жетет. Албетте, бул көрсөткүч арзыбагандай көрүнөт. Бирок, аянты 5 км<sup>2</sup> болгон жердеги бийиктиги 10 метр келген туманды алып карасак, эсептөөлөрдөн олуттуу сан чыгат. Мында тумандын жалпы аянты 5х10<sup>7</sup> м<sup>3</sup>болуп калат. Андагы суунун тыгыздыгы 0,1 г/м<sup>3</sup> болгондо, абада 5х10<sup>3</sup> литр суу учуп жүргөн болот. Бул көлөмдөгү суу аталган жерди сугарууга жетет. <br>
==Тумандын пайда болуу шарттары==
[[File:Grt.jpg|200px150px|thumb|rightleft|Суунун бууланышы (схема)]][[File:What-is-evaporation.jpg|300px|thumb|right|Буулануу поцесси]]Негизинен, тумандын пайда болушуна карата экиге бөлүп карашат: буулануудан пайда болгон туман жана абадагы суу буусу муздаганынан улам пайда болгон туман. Биринчиси, жылуу температурадагы суудан же нымдуу беттерден бууланып, муздак аба менен аралашуудан улам конденсацияланып, натыйжада туманды пайда кылат. Экинчиси, ошол эле абада болгон суу буусунун муздак бетке (суунун бети, жердин, кардын бети) тийүүсүнөн улам муздап, суу тамчыларына айланып, туманды жаратат. Бирок, шарттуу түрдө ушул эки жол менен пайда болот дегенибиз менен, натыйжасы бирдей эле: эки учурда тең абадагы суу буусу конденсация кубулушунан улам өтө майда тамчыларга айланат. <br><br>
 
== Окумуштуулар тумандын пайда болуу шарттарын негизинен бешке бөлүшөт. ==
"https://ky.wikipedia.org/wiki/Туман" булагынан алынды