Фридрих Энгельс: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
Created page with "Энгельс Фридрих (1820–1895) – марксист. 1844-ж. августта Энгельс менен Маркс Парижде жолугуш..."
 
No edit summary
6-сап:
*«Немец идеологиясы» (1845–1846) китебинде Гегелдин идеалисттик философиясын, Фейербахтын материализмин жана «чыныгы социализмди» ар тараптан сындап, «илимий коммунизмдин» кеңири түшүндүрмөсүн беришкен.
*«Анти-Дюринг» (1878) – Энгельстин эң таасирдүү эмгектеринин бири. Бул эмгегинде ал Маркстын эки ачылышынан – тарыхты материалисттик түшүнүү жана кошумча нарк теориясынан – улам социализм утопиядан илимге айланды – деп белгилеген. Китептин үчүнчү бөлүгүндө илимий социализмдин тарыхын жана теориясын берип, илимий социализм пролетардык кыймылдын теориялык көрүнүшү – деп белгилеп жана келечектеги коммунисттик коомду мүнөздөгөн. *Мамлекеттин келип чыгышы жана маңызы – Энгельс «Үй-бүлөнүн, жеке менчиктин жана мамлекеттин келип чыгышы» (1884) китебиндеги башкы проблемалардын бири. Анда мындай дейт: «. . . эмгек өндүрүмдүүлүгүнүн өсүшүнүн белгилүү бир даражасында жеке менчик, адамды адам эзүү, коомдук таптарга бөлүнүшү жүрүп, мамлекет таптык үстөмдүктүн куралына айланат».<br />
Энгельс мамлекеттин төмөндөгүдөй маанилүү элементтерин баса белгилеген: аймактык бөлүнүү, ачык бийлик, салыктар; келечектеги тапсыз коммунисттик коомдо мамлекеттин сөзсүз түрдө жоюлаарын көргөзгөн. Бардык марксисттер сыяктуу эле, Энгельс коомдогу [[мамлекет|мамлекеттин]] жашоосунун оң маанисин төмөндөтүп, мамлекет эзүүнүн куралы экендигин ашыкча баалап, мүнөздөгөн.
 
== Колдонулган эмгектер ==