Эпифора: нускалардын айырмасы
Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
Created page with "'''Эпифора''' (гр. – кошумча) – ыр жолдорунун соңундагы сөздөрдүн же сөз айкаштарынын кайра-кайра ..." |
(Айырма жок)
|
4 май 2012, саат 11:29 учурдагы нуска
Эпифора (гр. – кошумча) – ыр жолдорунун соңундагы сөздөрдүн же сөз айкаштарынын кайра-кайра кайталанышы. Мисалы,
Жүзүмдүн тырыгына күлбө селки! Жадыңдан чыктыбы же согуш өртү?! Жүрөктө: өмүр көркү, көңүл көркү. Бул тырык – кандуу согуш салган белги. Бул тырык – ал согуштан калган белги. Коргогом: келечекти, элди, жерди. Бул тырык – көлдө да бар, жерде да бар. Таналбайм: Ушул тырык менде да бар. (Т. Байзаков)
Мындагы айрым кайталоолор (көркү – көркү, белги – белги, да бар – да бар – да бар) эпифораны түзүп жатат.
Колдонулган адабияттар
"Кыргыз адабияты энциклопедиялык окуу куралы". Башкы редактор: Ү. Асанов, жооптуу редактор: А. Акматалиев. Бишкек - 2004