Хадис: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
New page: БИРИНЧИ ХАДИС Абу Хафс Умар бин Алхаттааб баяндаган хадисте Пайгамбарыбыз (САВ) мындай деген: ...
 
Replaced content with "жарабайт"
1-сап:
жарабайт
БИРИНЧИ ХАДИС
 
Абу Хафс Умар бин Алхаттааб баяндаган хадисте Пайгамбарыбыз (САВ) мындай деген:
«Бардык иштер ниетке жараша болот. Ар бир адамга ниетине жараша (сооп же жаза) берилет. Кимдин бир жерден башка жерге көчүүсү Алла Таала жана Анын Элчисинин ыраазычылыгы үчүн болсо, анын көчүүсү Алла Таала жана Анын Элчиси үчүн болот. Кимдин көчүүсү дүйнө топтоо үчүн болсо, ошого жетет, же аял үчүн болсо, аны менен никелешет жана көчүүсү көчкөн нерсесине жараша болот».
 
Хадиске түшүндүрмө:
Бул хадис, иштердин туура кабыл болуусу үчүн ниет негизги нерсе экендигин баяндайт. Эгер ниет туура болсо, аткарылган иш да туура, эгер ниет туура эмес болсо, аткарылган иш да туура болбойт.
 
Аткарылган иш үч түрдүү болот :
1 - Алла Тааладан корккондугунан аткаруу. Бул Алла Таалага чыныгы кулдукта болгондордун ибадаты.
2 - Бейишке кирүү жана сооп табуу үчүн аткаруу. Бул соодагерлердин ибадаты.
3 - Алла Тааладан уялып кулчулук милдетин өтөө ,шүгүрчүлүк келтирүү үчүн аткаруу, ошону менен бирге, ал иши кабыл кылынабы же жокпу деген ойдо болуп, Алла Тааладан коркуу. Бул – Пайгамбарыбыз (САВ) жана анын сахабалары сыяктуу улуу адамдардын ибадаттары.
 
Ал-Самарканди (р.а) мындай деген: «Алла Таала үчүн аткарылган иштер кабыл болот жана эл көрсүн үчүн аткарылган иштер кабыл болбой кайтарылат».
 
Ибн аль-Араби мындай дейт: «Бир жерден башка жерге көчүүнү аалымдар качуу жана издөө үчүн деп билген.
Биринчиси алтыга бөлүнөт:
1 - Дарул-харбдан дарул-исламга көчүү: Бул көчүү кыяматка чейин улана бермекчи, ал эми Пайгамбарыбыздын (САВ): «Мекке ачылышынан кийин көчүү жок» деген хадиси Пайгамбарыбыз (САВ) жашаган жерге көчүү туурасында айтылган.
2 - Ахлил-бидаттан узак болуу үчүн көчүү: Ибнул-Касим мындай дейт: «Имам Маликтин айтканын уктум: «Салафи салихиндер жөнүндө жаман сөздөр айтылган жерде жашоо туура эмес (ал жерден көчүп кетүү керек).
3 - Арам иштер көбөйгөн жерден көчүп кетүү: Aлбетте, адал нерсени издөө ар бир мусулманга парз.
4 - Денеге зыян келүүчү жерден качуу.
5 - Чума сыяктуу жугуштуу оорулар жайылган жерден көчүп кетүү: Иранда чума оорусу жайылганда, Иран элине Пайгамбарыбыз (САВ) алардын Марж шаарына көчүп кетүүсүнө уруксат берген.
6 - Мал-жандыгы кырсыкка учурашынан корксо.
 
Экинчиси: бир нерсени талап кылуу же ага жетүү үчүн көчүү:
1 - Ажылык милдетин өтөө үчүн;
2 - Мал-байлык топтоо үчүн;
3 - Илим алуу үчүн;
4 - Ыйык жерлерди зыярат кылуу үчүн.
 
«…кимдин көчүүсү дүйнө, мал-байлык топтоо үчүн болсо, ага жетет, же аял үчүн болсо, аны менен никелешет…»
 
Бул хадисте бир адамдын окуясы жөнүндө айтылган. Ал адам Меккеден Мадинага Умму Кайс аттуу аялга үйлөнүү үчүн көчкөн. Демек, бардык иштерде ниет негизги орунду ээлейт.
 
Хадистен алынган сабак:
- Иштер ниетке байланыштуу.
- Ибадат менен адатты айырмалоочу – бул ниет.
 
 
ЭКИНЧИ ХАДИС
 
Умар бин Альхаттаб (р.а.) мындай дейт:
«Бир күнү Алла элчисинин (САВ) жанында олтурган элек. Ошол учурда жаныбызга кийген кийими апакай, чачтары капкара болгон бир адам келди. Анын кейпинде жолоочулук белгиси жок болчу, Биздин эч бирөөбүз да аны тааныбайт элек. Ал келип Алла элчисинин (САВ) тизесине тизесин тийгизип отурду, колдорун анын сандарынын үстүнө койду. Андан кийин:
«Эй, Мухаммед! Ислам деген эмне?»,- деп сурады.
Алла элчиси (САВ): «Ислам – Алла Тааладан башка кудай жок экендигине жана Мухаммед анын элчиси экендигине күбөлүк берүүң, намазды туура аткарууң, зекет берүүң, Рамазан орозосун тутууң жана күчүң жетсе ажы милдетин өтөөң» деп жооп берди.
Ал адам: «Туура айттың»,- деди. Биз буга таң калдык. Себеби, Алла элчисинен (САВ) суроо сурайт жана анын жообун тастыктап коет. Андан кийин ал: «Ыйман деген эмне?»,- деп сурады.
Алла элчиси (САВ): «Алла Таалага, Алла Тааланын периштелерине, китептерине, пайгамбарларына, акырет күнүнө ишенүүң, ошондой эле, жазмышка, жакшылык –жамандыгына ишенүүүң» деп жооп берди .
Ал адам: «Туура айттың»,- деди.
Бул жолу ал : «Ихсан туурасында баяндап бер», - деди.
Алла элчиси (САВ): «Алла Таалага, Аны көрүп тургандай ибадат кылууң. Сен Аны көрбөй турсаң да, Ал сени сөзсүз түрдө көрүп турат»,- деди .
Ал адам : «Кыямат жөнүндө айтып бер»,- деди.
Алла элчиси (САВ): «Кыямат жөнүндө суралган адам, сураган адамдан көп билбейт»,- деп жооп берди.
Ал адам: «Андай болсо мага кыяматтын белгилери жөнүндө айтып бер», - деп сурады.
Алла элчиси (САВ): «Күң аял өз кожоюнун төрөсө жана жылаңаяк, жылаңач кедей койчулардын үй курууда бири-бири менен жарышууларына күбө болууң», - деп жооп берди».
Азрети Умар сөзүн мындайча улады: «Андан кийин ал адам кетти. Мен бир саамга күтүп турдум. Алла элчиси (САВ) мага карап:
- Эй, Умар! Суроо сураган адамдын ким экендигин билесиңби?- деди. Мен:
- Алла жана Анын элчиси билет,- дедим.
Алланын элчиси (с.а.в):
- Чындыгында ал келген Жабраил периште болучу. Силерге диниңерди үйрөткөнү келген эле, - деди.(Муслим)
 
Хадиске түшүндүрмө:
«Ыйман деген эмне?»
Ыймандын шарияттагы мааниси хадисте баяндалгандай, Алла Таалага, Анын периштелерине, китептерине, пайгамбарларына, кыямат күнүнө, тагдырдын жаман жакшы болуусуна ишенүү жана аны тил менен тастыктоо. Ал эми Ислам болсо, буюрулган милдеттерди аткаруу, бул аткарылган иштердин сырткы көрүнүшүнө гана өкүм берүү болуп саналат. Алла Таала Куранда жогорку хадистегидей эле ыйман жана Исламдын айырмасы жөнүндө баяндайт: «Аарабийлер ыйман келтирдик дешти. (Эй Мухаммад, аларга) айткын: «Силер ыйман келтиргениңер жок, бирок силер «Моюн сундук» дегиле, (анткени дагы –алигиче) ыйман көңүлүңөргө кире элек. Эгер силер Аллага жана Анын пайгамбарына моюн сунсанар. Ал силерге (кылган жакшы) ишиңерден (тактап айтканда, алардын сообунан), эч нерсе кемитпес. Албетте Алла Кечиримдуу, Мээримдуу». (Хужурат сүрөсү, 14-аят).
 
Тафсирчилердин айтууларына караганда, бул жана кийинки аяттар «Асад уулдары» аттуу уруудан болгон бир топ арабийлер тууралуу түшүрүлгөн. Алар кургакчылык жылы Мадинага түшүп, Пайгамбарыбызга (САВ) өздөрүнүн момун болгондуктарын милдет кылышып, мусулмандарга тийиштүү олжолордон аларга да беришин талап кылышат. Бирок, Куран алардын көңүлдөрүнө ыйман кирбегенин, алар бир гана олжого ээ болуу үчүн сырткы келбетинде Исламга киргендиктерин ашкерелейт жана эгер алар чын жүрөктөн ыйман келтирип, Алла жана Пайгамбарга моюн сунушса, Алла Таала аларды бул дүйнөдө да, тиги дүйнөдө да кем кылбастыгын билдирилет.
 
«Ихсан деген эмне?»
Ихсан – Алла Таалага аны көрүп тургандай ибадат кылуу. Бул Алла Тааланын «Сыддык» деген наамды алган сүйүктүү пенделеринин даражасы .
Жабраил периштенин: «Кыямат деген эмне?» деген суроосуна Пайгамбарыбыздын (САВ) жообу: Кыяматтын акыйкаты жөнүндө Алла Тааладан башка эч ким билбей тургандыгына, Алла Тааланын Өзүнүн төмөндөгү сөздөрү далил:
«Чындыгында, Жалгыз Алла Тааланын алдында гана (кыямат) сааты (качан болуш жөнүндөгү) билим бар..» (Лукман сүрөсү, 34-аят)
 
«Адамдар сенден (Кыямат) сааты (качан болушу) жөнүндө сурашат. «Ал (саатты) билүү жалгыз Алла Тааланын алдында», - деп айткын. Кайдан билесиң, мүмкүн ал Саат жакын келип калгандыр». (Ахзааб сүрөсү, 63-аят).
 
Ал эми Алла элчисинин (САВ) кыяматтын белгилери жөнүндөгү жообундагы «күң аял өзүнүн кожоюнун төрөйт» деген сөздүн мааниси Пайгамбарыбыздын (САВ) доорунан кийинки замандарда күңдөрдүн жана алардын өз кожоюнунан төрөгөн балдарынын көбөйүүсү жөнүндө алдын-ала берилген кабар болучу. Албетте, күң аялдын өзүнүн кожоюнунан төрөгөн баласы, ал күң үчүн кожоюну сыяктуу, себеби, адамдын мал-байлыгы баласынын мүлкүнө өтөт.
Пайгамбарыбыздын (САВ: «Ал Жабраил периште болучу, силерге диниңерди үйрөткөнү келген эле» деген сөзү - Ислам, ыйман, ихсан баары биригип «дин» деп аталаарына далил.
Бул хадис тагдырга ишенүү, жазмышка моюн сунуунун парз экендигине далил.
 
Хадистен алынган сабак:
 
1) Ислам:
Алла Тааланын жалгыздыгына жана Мухаммад (САВ) Анын элчиси экендигине күбөлүк берүү.
Намазды толук аткаруу.
Жардыларга алардын акысы болгон зекет малын берүү .
Рамазан орозосун бир гана Алла Тааланын ыраазычылыгы үчүн кармоо.
Жол каражатына күчү жеткенде ажылык милдетин өтөө.
2) Ыйман:
Алла Тааланын бар жана бир экендигине толук ишенүү.
Алла Таала нурдан «периште» деген макулук жаратканына ишенүү.
Алла Таала кулдарынын ичинен Өзүнүн элчилерин тандап алгандыгына ишенүү.
Алла таала Кыямат күнү жоопко тартуу үчүн кулдарын кайрадан тирилте тургандыгына ишенүү.
3) Ихсан:
Ибадаттарды «эл көрсүндөн» алыс, ыклас менен ийине жеткире аткаруу, албетте - бул Жаратуучунун көзөмөлдөөсү алдында экендигиңди сезүү менен болот.
 
ҮЧҮНЧҮ ХАДИС
 
Абу Абдурахман Абдулла бин Умар бин Альхаттаб (р.а.) баяндаган хадисте Пайгамбарыбыздан (САВ) төмөндөгү хадисти уккандыгын баяндайт:
«Ислам беш негиздин үстүнө курулган:
1- Алладан башка кудай жок, Мухаммед анын кулу жана элчиси экендигине күбөлүк берүү;
2- намаз окуу;
3- зекет берүү;
4- ажылык милдетин өтөө;
5- Рамазан орозосун тутуу». (Бухари жана Муслим)
 
Хадиске түшүндүрмө:
Исламдын беш негизи бар, башкача айтканда, ким ушул беш нерсени аткарса, мусулмандык милдетин аткарган болот. Үй курулушунун тиреги кандай зарыл болсо, бул беш негиз мусулмандык үчүн ошончолук зарыл. Ошондой эле пайгамбарыбыз (САВ) мындай деген: «Намаз диндин тиреги. Ким намазды таштаса, динин ураткан болот».
 
Хадистен алынган сабак:
- Бул хадис садаканын эмес зекеттин гана парз экендигин баяндайт.
- Ошондой эле ажылыктын парз, ал эми умранын парз эмес экендигин көрсөтөт.
- Бул хадис Рамазан айындагы гана орозонун парз экендигин айтат.
 
 
 
ТӨРТҮНЧҮ ХАДИС
 
Абу Абдурахман Абдулла бин Масууд баяндаган хадисте ал мындай дейт:
Туура сүйлөгөн жана чынчыл Пайгамбарыбыз (САВ) айтты: «Силердин ар бириңердин жаратылышыңар эне курсагында кырк күндө суюк абалда топтолот жана ошончолук убакыт ичинде уюган канга айланат. Андан кийин дагы ошончолук убакытта бир үзүм эт абалына келет, андан кийин ага бир периште жиберилет. Периште ага рух үйлөйт жана периште төрт нерсеге буйрулат: түйүлдүктүн ырыскысын, ажалын, аткара турган иштерин, бактысыз (тозокко кирүүчү), бактылуу (бейишке кирүүчү) боло тургандыгын жазат. Алла Таалага ант ичем, силердин бирөөңөр бейишке ылайык иш аткарып бейишке бир кулач калганда «бактысыз» деген жазуу басымдуулук кылып, тозокко ылайык иш аткаруу менен тозокко кирет. Ошондой эле, силерден бирөөңөр тозокко ылайык иш аткарып жүрүп, тозокко бир кулач калганда «бактылуу» деген жазуу басымдуулук кылып бейишке ылайык иш жасап бейишке кирет». (Бухари жана Муслим)
 
Хадиске түшүндүрмө:
«Жаратылышыңар эненин курсагында кырк күндө суюк абалда топтолот…» деген сөздүн мааниси, аял менен эркектин суулары кошулат жана андан бала пайда болот деген мааниге келет. Буга Алла Тааланын төмөндөгү аяты далил болот: «Ал (эркектин) бели менен (аялдын) көкүрөк капасы ортосунан атылып чыгуучу бир суудан жаралган го!»
Андан кийин эне курсагында түйүлдүктүн өөрчүүсү хадисте баяндалгандай, уюган кан, этке айлануу, төрт ай толгондо жан кирүү сыяктуу баскычтарды басып өтөт жана адам баласы ушундайча дүйнөгө келет.
Хадистин аягында кээ бирөө өмүр бою бейишке ылайыктуу иш аткарып жүрүп, өмүрүнүн аягында тозокко ылайык иш жасап тозокко кире тургандыгы жана башка бирөөнүн өмүр бою тозокко ылайык иш жасап журуп, өмүрүнүн аягында бейишке ылайык иш жасап, бейишке кире тургандыгы айтылган, албетте, бул жазмыштан.
 
Хадистен алынган өкүмдөр:
- Адам баласы төрөлөөрдөн мурда бактылуу, бактысыздыгы маңдайына жазылат.
- Бардык иштер натыйжасы менен бааланат.
 
 
 
БЕШИНЧИ ХАДИС
 
Айша энебиз (р.а) төмөнкүдөй баяндаган:
Алла элчиси (САВ) мындай деди : «Кимде-ким биздин динибизге анда болбогон жаңы нерсе киргизсе ал кайтарылат (кабыл кылынбайт)». Бухари жана Муслим.
Муслимдин дагы бир баяндоосунда хадис төмөндөгүчө:
«Кимде ким биздин динибизде болбогон бир иш жасаса, ал кабыл кылынбайт».
 
Хадиске түшүндүрмө:
«Кимде-ким биздин динибизге…» Мунун мааниси эгерде намаз, орозо, ажылык ж.б. ибадаттар шарият ченемине терс көрүнүштө аткарылса кабыл болбойт.
Пайгамбарыбыз (САВ) башка бир хадисинде:
«Ким динге жаңы нерсе киргизсе, же жаңы нерсени киргизүүчүнү коргосо, ага Алла Тааланын каргышы болсун».
 
Хадистен чыгарылган өкүмдөр:
- Шариятка терс болгон бардык жаңы нерселер кабыл кылынбайт.
- Динди туура үйрөнүүгө үндөө.
- Динибиздин кемчиликсиздиги.
 
 
АЛТЫНЧЫ ХАДИС
 
Абу Абдулла ан-Нооман бин Башир төмөнкүдөй баяндайт:
Алла элчисинин (САВ) мындай дегенин уктум: «Адал, арам белгилүү экендигинде шек жок. Бирок бул экөөнүн ортосунда бир топ шектүү (өкүмү белгилүү болбогон) нерселер бар. Инсандардын көпчүлүгү аларды билишпейт. Ким бул шектүү нерселерден сактанса, динин жана намысын коргой алат. Ким бул шектүү нерселерди жасаса, арамга аралашкан болот. Анын бул абалы коруктун айланасында койлорун оттоткон койчуга окшойт, анын койлору корукка кирип кетүүсү ыктымал.
Көңүл бургула! Ар бир өкүмдардын өзүнчө коругу бар. Көңүл бургула! Алла Тааланын коругу болсо тыюу салып, арам кылган нерселери. Көңүл бургула! Денеде бир үзүм эт бар. Эгер бул эт үзүмү таза болсо, бүткүл дене саламаттыкта болот. Эгер ал бузулса дене толугу менен бузулат. Ал – жүрөк». (Бухари жана Муслим).
 
Хадиске түшүндүрмө:
«… Ким бул шектүү нерселерди жасаса, арамга аралашкан болот …» деген сөздө эки ыктымал бар:
Биринчиси: адал деген ой менен арам ишти жасоо;
Экинчиси: арам ишке жакын болуу.
«Ар бир күнөө ишти жасоодо динсиздикке алып баруучу жол бар» - деп айтылат.
«… көңүл бургула! Денеде бир үзүм эт бар …», б. а., ал эт корксо, дене мүчөлөрүнүн баары коркот жана күнөөгө барбайт, эгер ал эт бузулса, дене да бузулат жана бузуку иштерди жасайт.
Аалымдар айтат: «Дене бир мамлекет, напси анын ичиндеги шаар, жүрөк бул мамлекеттин борбору, мүчөлөр – кызматчылар, акыл – насаат айтуучу кеңешчи вазир сыяктуу, ачуулануу – кеңешчи кейпин кийген куу, кара мүртөз бирөө жана анын насааты уу сыяктуу. Ар дайым талаш-тартышка түртүп турат. Зээн – казына, тил – котормочу, беш сезим – тыңчылар; көз түстөрдү ажыратып көрөт, кулак үндөрдү угат ж.б. сезимдер өз милдеттерин аткарат».
Кыскасы, жүрөк мамлекет башчысы сыяктуу. Демек жүрөктүн саламаттыгы – дененин саламаттыгы. Жүрөк саламаттыгы - анын көрө албастык, душмандык, сараңдык, текебердик, менменсинүү, эл көрсүндүк кылуу, куулук, сугалактык жана жазмышка нааразылык сыяктуу руханий оорулардан таза болуусу. Жүрөктүн кыркка жакын руханий оорулары бар. Алла Таала бизди ал оорулардан сактап акырет күнүндө Анын алдына саламат жүрөк менен баруучулардан кылсын. Оомийн!
 
ЖЕТИНЧИ ХАДИС
 
Абу Рукаййа Тамиим бин Аус Аддари (р.а.) Аллах элчисинен (САВ) төмөндөгү хадиси баяндайт:
«Дин - бул насыйкат.
(Хадисти баяндоочу кылуучу айтат) Биз : «Ким үчүн?» - деп сурадык.
Ал (пайгамбарыбыз (САВ): «Алла Таала үчүн, Анын китеби (Куран) үчүн, Анын элчиси үчүн, мусулмандардын имам башчылары үчүн жана бүтүндөй жалпы мусулмандар үчүн» - деп жооп берди». (Муслим)
 
Хадиске түшүндүрмө:
«Дин - Алла Таала үчүн насыйкат» деген сөздүн мааниси төмөнкүдөй: Бирөөгө насаат айтылса, Алла Таала ыраазычылыгы үчүн айтуу, насаат айтылган адам дагы Алла Таала ыраазычылыгы үчүн тыңшоосу керек. Алла Таалага ыйман келтирүү, ага шерик кошпоо, Алла Тааланы бардык кемчиликтерден алыс деп таануу, Анын буйруктарына моюн сунуп, тыюу салган нерселеринен алыс болуу, бирөөнү Алла Таала үчүн сүйүү, Алла Таала үчүн жек көрүү, б.а., Алла Тааланын буйруктарына баш ийүүчүлөрдү жакшы көрүү, Анын буйруктарына каршы чыккандарды жек көрүү, Анын берген ырыскы – сыйларына шүгүр келтирүү, Анын буйруктарын чыныгы ыклас менен аткаруу, бардык инсандар менен жакшы мамиледе болуу деген маанилерди берет. Булардын баары инсандын өзүнө карата насыйкаты, албетте, Алла Таала насыйкатка муктаж эмес.
Ал эми «Алла Тааланын китеби үчүн насыйкат» - анын Алла Тааланын сөзү экендигине жана Алла Таала тарабынан түшүрүлгөндүгүнө ыйман келтирүү, ал китепке таазим кылуу жана аны окуп үйрөнүүнү биринчи орунга коюу.
Ал эми «пайгамбар (САВ) үчүн насыйкат» - анын элчилигин тастыктоо жана ага жиберилген бардык маалыматтарга ыйман келтирүү, анын буйруктарына ал жашап жаткан учурда жана дүйнөдөн өткөндөн кийин да баш ийүү, анын сүннөттөрүн жайылтуу, анын кулк-мүнөзү менен мүнөздөнүү, анын үйбүлөсүн, сахабаларын жакшы көрүү жана анын сүннөттөрүнө жаңы нерселерди киргизүүдөн сактануу.
Ал эми «мусулмандардын башчы – имамдары үчүн насыйкат» - аларга акыйкат иштеринде жардам берүү жана баш ийүү, жумшактык менен кээ бир нерселерди эсине салуу, капилетте калган нерселеринен кабардар кылып эскертүү.
Ал эми «диндин бүтүндөй жалпы мусулмандар үчүн насыйкат» болуусу – мусулмандардын бири-бирине насаат айтуулары. Алардын бири-бирине насаат айтуулары парз экендиги жөнүндө Алла Таала «Аср» сүрөсүндө мындай дейт:
«Аср (убагына) ант болсун, (бардык) инсандар зыянга учуроодо. Жалгыз ыйман келтирген, жакшы иштерди кылган, бири-бирлерине акыйкатты осуят кылган жана бири-бирлерине (мына ушул ак жолунда) сабыр чыдамдуулук кылууну осуят кылгандар гана (тозок азабынан кутулуучулар) болушат».
Ошондой эле пайгамбарыбыз (САВ) бир хадисинде: «Эгер силердин бирөөңөрдөн бир тууганыңар (диндеш) насаат сураса, ага насаат айткыла» деген. Насаат айтуу - никелешүү жөнүндө, башка адамдар менен соода-сатык мамилелер туурасында болот.
 
 
СЕГИЗИНЧИ ХАДИС
 
Анас бин Малик (р.а.) баяндаган хадисте Алла элчиси (САВ) мындай деген:
«Алла Таала мындай дейт: «Эй, адам баласы! Сен Мага дуба кылып жана Менден үмүт кылсаң, сенин жаңылыштыктарыңа карабастан, Мен сени кечирем жана жаңылыштыктарыңа көнүл бурбайм.
Эй, адам баласы! Сенин күнөөлөрүңүн көптүгү булуттарга чейин жетсе жана андан кийин сен Менден күнөөлөрүңү кечирүүмдү сурансаң, сени кечирем жана кетирген жаңылыштыктарыңдын көптүгүнө көңүл бурбайм.
Эй, адам баласы! Сен Мага жер жүзү толгон каталар менен келип, бирок Мага эч нерсени шерик кошпостон Мага жолуксаң, сага жер жүзү толо кечирим менен келээрим шексиз». (Тирмизи)
 
Хадистин маанисин ачыктоо:
«...андан кийин сен Менден күнөөлөрүңү кечирүүмдү сурансаң, сени кечирем..». Бул сөздүн мааниси, төмөндөгү аяттын маанисине окшош: «Ким бир жаман иш кылса, же өз жанына жабыр кылса, кийин Алла Тааладан кечирим сураса, Алла Тааланын Кечиримдүү экендигин табат, көрөт». (Ниса сүрөсү,110-аят).
Пенденин Алла Тааладан күнөөлөрүн кечирүүсү үчүн сурануусу, тообо келтирүү менен бирге болуусу керек. Алла Таала бир аятта : «(Алла Таала силерге мындай буйрук кылат): Жаратуучуңардан кечирим сурагыла! Кийин анын Өзүнө дуба кылгыла». (Худ сүрөсү, 3-аят).
Алла Таала башка бир аятта: «Бардыгыңар Алла Таалага тообо кылгыла, эй, момундар! Балким,(ошондо) кутулаарсыңар». (Нур сүрөсү,31-аят).
Алла Тааладан кечирим сурануунун эң улуусу: «Эй Аллахым! Сен менин Жаратуучумссуң, Сенден башка кудай жок, Сен мени жараттың, мен Сенин кулуңмун, мен күчүм жетишинче Сага берген убадамды аткарам. Кылган күнөө иштеримдин жамандыгынан, Сенин Өзүңө корголойм, күнөөлөрүм менен Сенин алдында турам, мени кечир, Сенден башка кечирүүчүу жок».
Пайгамбарыбыз (САВ) Абу Бакрге (р.а.) мындай деген: «Айткын, эй, Абу Бакр! «Эй, Жаратуучум, напсиме көп зулум кылдым».
Башка бир баяндоодо: «Чоң зулум кылдым. Күнөөлөрдү кечируучу бир гана Өзүңсүң. Мени мээримиңе ал, Сен эң Кечиримдүү, Мээримдүүсүң».
 
Хадистен алынган сабак:
- Алла Таала пендесинин күнөөлөрү канчалык көп болсо да аны кечирет.
- Алла Таала ага шерик кошуудан башка бардык күнөөлөрдү кечирет.
 
ТОГУЗУНЧУ ХАДИС
 
Абу Хурайра Абдурахман бин Сахр баяндаган хадисте Алла элчисинин (САВ) мындай деп айтканын уктум дейт:
«Мен силерге эмнени тыюу салсам андан алыс болгула, жана эмнеге буюрсам аны күчүңөр жетишинче аткаргыла. Албетте силерден мурдагы коомдор көп суроо сурагандыктарынан жана пайгамбарларынын буйруктарына каршы чыккандары үчүн жок болушкан».
(Бухари жана Муслим).
 
Хадистин маанисин ачыктоо:
«Мен силерге эмнени тыюу салсам …» б.а., мен тыйган нерселерди толугу менен таштагыла деген мааниде албетте, бул пайгамбарыбыздын (САВ) тыйган нерсесин жасоо арам экенине далил.
«Албетте, силерден мурдагы коомдор …». Суроо үч түрдүү болот:
Биринчиси: Илимсиз адамдын дин маселелери жөнүндөгү суроосу, албетте, мындай суроо инсан үчүн парз. Пайгамбарыбыз (с.а.в.) айтат:
«Илим алуу – ар бир мусулман аялга жана эркекке парз». Ж.о.э. Алла Таала Курани Каримде мындай дейт:
«(Эй, Мухаммад) Биз сенден (Сени пайгамбар кылып жиберүүдөн) мурда да (периштелерди эмес, тескеринче) жалаң (сен сыяктуу) адамдарды – инсандарды гана Өзүбүз түшүргөн ыйык кабар менен (Пайгамбар кылып) жибергенбиз. ( Эй, бутпарастар) эгер (бул туурасында) билбей турган болсоңор, илимдүүлөрдөн (Тоорат Жана Инжилди биле турган кишилерден) сурагыла! »
Ибн Аббас: «Мага (суроо) суроочу тил жана акылдуу жүрөк берилди» - деп айтат.
Экинчиси: Динди тереңдеп үйрөнүү үчүн суралган суроо, бул бир жамааттан бир адам үйрөнсө жетиштүү болгон нерсе. Алла Таала ыйык китебинде мындай дейт: «Бардык момундар (согушка) чыгуулары зарыл эмес, акыры алардан ар бир топтон бир тайпа адамдар (согуш үчүн) чыгышпайбы?! (Калгандары болсо Мадинада) динди үйрөнүп, (согушка кеткен) коомдору алардын алдына кайтып келген чактарында, ал коомдорду Алланын азабынан сактануулары үчүн эскертип туруу үчүн (калышпайбы)?!».
Үчүнчүсү: Парз болбогон керексиз нерселер жөнүндө суралган суроолор. Албетте, пайгамбарыбыз (САВ) ушул түрдөгү суроолорго тыюу салган.
 
Хадистен алынган сабак:
- Пайгамбарыбыз (САВ) тыюу салган неселерден алыс болуу.
- Пайгамбарыбыз (САВ) буюрган иштерди колдон келишинче аткаруу.
- Керексиз суроолорду суроодон сактануу.
 
Хадистин түшүнүгү:
- Пайгамбардын жолунда болуу - ал тыюу салган нерселерден алыс болуу менен гана болот.
- Алла Таала пендени, анын күчү жеткен нерселерге менен гана буйруйт.
- Пайгамбарыбызды (САВ) ээрчүү- мусулманга парз.
 
ОНУНЧУ ХАДИС
 
Абу Хурайра баяндаган хадисте пайгамбарыбыз (САВ) мындай деген:
«Албетте, Алла Таала таза жана бир гана таза нерселерди кабыл кылат. Алла Таала момундарды, пайгамбарларды буюрган нерселерге буйруп мындай деген:
«(Жиберген баардык пайгамбарларыбызга ушундай дедик) «Эй, пайгамбарлар! Адал – таза даамдардан жегиле жана жакшы иштерди кылгыла! Албетте, Мен кылып жаткан ишиңерди жакшы билемин». ( сүрөсү, - аят).
 
Алла Таала дагы бир аятында мындай дейт:
«Эй, момундар! Биз силерге ырыскы кылып берген таза нерселерден жегиле жана эгерде силер Алла Тааланын Өзүнө гана сыйына турган болсоңор Ага шүгүр кылгыла» (Бакара сүрөсү, 172-аят).
 
Андан кийин Абу Хурайра төмөндөгүлөрдү айтты:
Андан соң Алла элчиси (САВ) узак сапарга чыгып, чачтары иретсиз, кирпигине чейин жүдөгөн бир адам жөнүндө баян кылып: «ал киши көккө карай алакан жайып: «Эй, Жаратуучум!»,- деп дуба кылчу, бирок жеген-ичкени, кийген кийими арамдан табылган бул адамдын дубасы кантип кабыл болсун?!» деп айтты. (Муслим).
 
Хадиске түшүндүрмө:
Хадистеги «Алла Таала таза» деген сөз, Алла Таала бардык кемчилик жана каталардан узак б.а., Алла Таала ыйык деген маанига келет. Ал эми «бир гана таза нерселерди кабыл кылат» деген сөздүн мааниси - аткарылган ибадаттын туура, берилген садаканын адал эмгектен болуусу керек экендигине далил болот. Ошондой эле жеген-ичкен нерселердин да таза жана адал болушу керек. « … Эй, пайгамбарлар! Адал – таза даамдардан жегиле жана жакшы иштерди кылгыла! Албетте, Мен кылып жаткан ишиңерди жакшы билемин». ( сүрөсү, -аят).
 
Алла Таала дагы бир аятында мындай дейт:
«Эй момундар! Биз силерге ырыскы кылып берген таза нерселерден жегиле жана эгерде силер Алланын Өзүнө гана сыйына турган болсоңор Ага шүгүр кылгыла». (Бакара сүрөсү, 172-аят).
Хадисте таза тамак-аш жөнүндө баяндоодон көздөгөн максат, бирөөнүн акысы аралашпаган, маңдай тер, таза эмгек, туура жол менен табылган тамак-аш менен тамактанууда да чоң сооп бар экендиги жөнүндө билдирүү.
Ал эми «…бул адамдын дубасы кантип кабыл болсун?! » деген сөз, пенденин кылган дубасы кабыл болуусу үчүн, анын жеген тамагы, кийген кийими адалдан болуусу керек экендигин айгинелейт.
 
Хадистен алынган сабак:
- Алла Таала бир гана таза нерселерди кабыл кылат.
- Алла Таала пенделерин, пайгамбарларын буйруган иштерге буйруйт.
- Арам менен кийинип-ичингендин дубасын кабыл кылбайт.
 
Хадистин түшүнүгү:
- Таза нерсе бул - шарыяттын таза деп белгилеген нерселери.
- Эгерде пенде таза нерселерди жеп, кубат алып, ибадат кылууга ниеттенсе, анын тамактануусу да ибадат болот.
 
ОН БИРИНЧИ ХАДИС
 
Абу Мухаммад Хасан бин Али бин Абу Талиб баяндаган хадисте мындай дейт:
«Мен, Алла элчисинин (САВ): «Күмөндүү нерселерди таштап, анык болгон нерселерди ал!» деген сөзүн жаттап алганмын». (Тирмизи).
 
 
ОН ЭКИНЧИ ХАДИС
 
Абу Хурайра (р.а ), Алла элчисинин (САВ) мындай деген хадисин риваят кылат :
«Керексиз нерселерге көңүл бурбоо - инсандын мусулмандыгынын жакшы белгиси». (Тирмизи ж.б.)
 
Хадиске түшүндүрмө:
«Керексиз нерселерге көнүл бурбоо….» Башкача айтканда, инсандын динге жана күндөлүк жашоого керексиз сөздоргө жана иштерге көңүл бурбоосу. Акылы жайында болгон адамдын убактысы төрткө бөлүнөт:
- Жаратуучусуна дуба кылуу маалы;
- Алла Тааланын жараткан нерселери жөнүндө ой жүгүртүү маалы;
- Күндөлүк жашоосун тартипке салуу маалы;
- Алла Таала жолунда эмгек кылуу маалы.
 
Абу Зар Ал-Гыффари (р.а.) мындай дейт: «Пайгамбарыбыздан (САВ):
- Мага насаат айт!,- деп сурадым.
Ал:
- Алла Тааладан корк. Бул бардык иштериңдин эң негизгиси, - деди.
Мен айттым:
- Дагы кошумчалаңыз.
Ал айтты:
- Куран оку, Алла Тааланы көп эсте!
Мен:
- Дагы кошумчалаңыз!, -дедим.
Ал:
- Ашыкча сүйлөбө. Бул шайтандарды кубалайт, - деди.
Мен:
- Дагы кошумчалаңыз!,- дедим.
Ал:
- Ачуу болсо да, акыйкатты айт!, -деди.
Мен:
- Дагы кошумчалаңыз!, - дедим.
Ал:
- Бир адам үчүн эң жаман нерсе, өзүнүн кандай (алсыз жана күнөөкөр) экендигин билбөөсү жана ага керексиз нерселер менен убара болуусу…»,- деп айтты.
 
Хадистен алынган сабак:
Инсандын мусулмандыгынын жакшы белгиси - ага тиешесиз, керексиз нерселер менен убара болбоосу.
 
ОН ҮЧҮНЧҮ ХАДИС
 
Абу Хамза Анас бин Малик баяндаган хадисте пайгамбарыбыз (САВ) мындай деген:
«Өзү жакшы көргөн нерсесин мусулман бир тууганына да ыраа көрмөйүнчө силерден эч бирөөңөр толук ыймандуу боло албайт». (Бухари жана Муслим)
 
Хадисти баяндаган сахабанын жашоо таржымалы:
Пайгамбарыбыз (САВ) Мадинага келгенде Анастын (р.а.) энеси уулун колунан жетелеп пайгамбарыбыздын (САВ) жанына алып келет да Алланын элчисине (САВ) карап: «Эй, Алланын элчиси! Бул баланы ал, сага кызмат кылсын», - деди. Пайгамбарыбыз (САВ) анын сунушун кабыл алды, ал убакта Анас(р.а.) 10 жашында болучу. Анас, пайгамбарыбыз (САВ) бул дүйнө менен кош айтышканга чейин ага кызмат кылды. Пайгамбарыбыз (САВ) андан ыраазы эле. Анас (р.а.) буттары канаганга чейин намаз окуур эле. Ал Куранды толук окуп бүтүргөндө, үй-бүлөсүн топтоп, батасын берчу. Анас (р.а.) пайгамбарыбыз (САВ) менен бирге сегиз жолу ыйык согушка катышкан. Алгач Мадинада, андан кийин Басрада жашаган. Басрада 93 жашында дүйнөдөн кайткан. Ал Басрадагы сахабалардын ичинен бул дүйнө менен кош айтышкан эң акыркы сахаба эле. Ал пайгамбарыбыздан (САВ) 1286 хадис баяндаган.
 
Хадиске түшүндүрмө:
Хадисте айтылган бир тууган-мусулман жана мусулман эмес бир туугандарды камтыйт, ал эми бир тууганга жакшылык каалоо, мусулман болбогон бир тууганынын динге кирүүсүн жана мусулман бир тууганынын туура жолдон адашпоосун каалоо болуп саналат. Ошондуктан каапырдын туура жолго түшүүсү үчүн дуба кылуу мустахаб (жакшы көрүлгөн иш). Мусулман адам өзү жакшы көргөн нерсесин башкасы үчүн ыраа көрбөсө көрө албастык жана душмандык келип чыгат.
 
Имам Газали душмандыкты үч түргө бөлөт:
1-Башкадан ырыскы-дөөлөт кетип, өзүнө ырыскы келүүсүн тилөө.
2-Өзүнө келбесе да ырыскынын башкалардын колунан кетүүсүн каалоо.
3-Башкасынан ырыскы-дөөлот кетпесе да, жогорулабоосун каалоо.
 
Хадистен алынган сабак:
Бир мусулман өзү үчүн каалаган нерсесин башкалар үчүн да кааламайынча ыйманы толукталбайт.
 
Хадистин түшүнүгү:
- Өзү үчүн жакшылык каалагандай эле, мусулман бир тууганына да жакшылык каалоо.
- Өзүнөн жамандыктарды тоскондой эле, мусулман бир тууганынан да жамандыктарды тосуу.
 
 
ОН ТӨРТҮНЧҮ ХАДИС
 
Абу Масуд (р.а.) баяндаган хадисте, Алла Таала элчиси (САВ) мындай деген:
«Мусулмандын каны үч нерсенин бири менен адал болот:
1- ойноштук кылган үй-бүлөлүү адам;
2- бирөөнү (атайлап) өлтүргөн адам;
3- дининен чыгып (мусулман), жамааттан бөлүнгөн адам». (Бухари жана Муслим)
 
Хадиске түшүндүрмө:
«Ойноштук кылган үй-бүлөлүү адам» б.а., турмуш курган, ак никелүү аял же эркек ойноштук кылса ташбараңга алынып өлтүрүлөт.
«бирөөнү (атайлап) өлтүргөн адам» бирөөнү атайылап өлтүргөн адам өлүм жазасына өкүм кылынат, бирок Шаафий мазхабында өлтүрүлгөн адамдын даражасы өлтүргөн адам менен барабар болуусу шарт, каапырды өлтүргөн мусулман, кулду өлтүргөн азат адам өлүм жазасына тартылбайт.
«дининен чыгып (мусулман), жамааттан бөлүнгөн адам», ал Ислам шариятында «муртад» - дининен чыкан адам жана жөөттөр сыяктуу жамааттарга сатылып, аларга жардам берген адам өлтүрүлүүсү керек.
 
Хадистин түшүнүгү:
- Урук-тукумдун тазалыгын сактоо.
- Адам денесине зыян келтирүүдөн сактоо.
- Динди жана андагы өкүмдөрдү өзгөртүүдөн тосуу.
 
 
ОН БЕШИНЧИ ХАДИС
 
Абу Хурайра баяндаган хадисте, Алла элчиси (с.а.в.) мындай деген:
«Кимде ким Алла Таалага жана акырет күнүнө ыйман келтирген болсо, жакшы сөз сүйлөсүн же унчукпасын. Кимде-ким Алла Таалага жана акырет күнүнө ыйман келтирген болсо, коңшусун сыйласын. Кимде-ким, Алла Таалага жана акырет күнүнө ыйман келтирген болсо, мейманын сыйласын». (Бухари жана Муслим)
 
Хадиске түшүндүрмө:
Имам Шаафий хадистин мааниси жөнүндө мындай дейт: «Ар бир адам ойлонуп сүйлөсүн. Эгер ага зыяны жок болсо айтып, зыяны тиерин билсе, же күмөнү болсо, ал сөздү айтпасын».
Имам Абу Мухаммед бин Абу Зайд мындай дейт: «Бардык адеп-ахлактарды төрт эле хадис камтыган:
Биринчи хадис: «Кимде-ким Алла Таалага жана акырет күнүнө ыйман келтирген болсо, жакшы сөз сүйлөсүн же унчукпасын»;
Экинчи хадис: «Керексиз нерселерге көңүл бурбоо - инсандын мусулмандыгынын жакшы белгиси»;
Үчүнчү хадис: «Пайгамбарыбыздын (САВ): «Ачууланба» деген осуяты»;
Төртүнчө хадис: «Өзү жакшы көргөн нерсесин мусулман бир тууганына да ыраа көрмөйүнчө силерден эч бирөөңөр ыймандуу боло албайт».
Абул Касим Кушайрий мындай дейт: « Убагы келгенде унчукпай коюу - эркектердин сыпаты,ошондой эле, орундуу сүйлөө - эң улуу сыпат».
Абу Али Даккак мындай дейт: «Ким акыйкатты айтпаса, ал тилсиз шайтан».
 
Хадистен алынган сабак:
- Жакшы нерселер жөнүндө сүйлөө же унчукпоо керек.
- Коңшуну сыйлоо.
- Конокту сыйлоо.
 
Хадистин түшүнүгү:
- Ойлонуп сүйлөө.
- Орундуу сүйлөө.
- Орду келген жерде унчукпай коюу.
- Акыйкатты айтпай коюу туура эмес.
- Керексиз сөздөрдү сүйлөөдөн сактануу керек.
- Мейманга жакшы мамиле кылуу, жылуу сөз суйлөө керек.
- Мейманга кызмат кылуу.
 
 
ОН АЛТЫНЧЫ ХАДИС
 
Абу Хурайра баяндаган хадисте: «Бир адам пайгамбарыбызга (САВ) келип: «Мага насаат айт»,- деп сурады. Алла элчиси (САВ): »Ачууланба» деп насаат айтты. Андан кийин ал адам пайгамбарыбыздан (САВ) насаатын улантуусун суранды. Пайгамбарыбыз (САВ) ар бир жолкусунда: «Ачууланба» деген насаатын кайталады». (Бухари)
 
Хадиске түшүндүрмө:
Алла элчисинин (САВ): «Ачууланба» деген сөзү: «ачууга алдырба» деген маанини берет, «ачууңду жогот» дегендик эмес, себеби, аны жоготуу мүмкүн эмес. Ал башка максаттар үчүн адам баласынын табияты менен кошо жаратылган нерсе.
Пайгамбарыбыздын (САВ) башка бир хадисинде: «Ачуулануу адам баласынын жүрөгүндө кызарып, жалындап турган кызыл чок. Силерден бирөөңөрдү ачууланып турган учурунда көрсөңөр, анын көздөрү кандай кызарганын жана күрөө тамырларынын кандай көөп чыкканын көрөсүңөр. Эгерде силерден бирөөңөр муну сезсе, жатып өзүн-өзү тынчтандырсын».
Пайгамбарыбызга (САВ) бир адам келип: «Эй, Алланын элчиси, мени бейишке жакындатып, тозоктон алыстата турган нерсени үйрөт» деп сурады. Пайгамбарыбыз (САВ): «Ачууланбасан бейишке киресиң» деп жооп берди.
Пайгамбарыбыз (САВ) башка бир хадисинде: «Албетте, ачуулануу шайтандан (шайтан азгырыгы). Шайтан оттон жаралган, албетте, отту суу өчүрөт. Эгер силерден бирөө ачууланса, даарат алсын» деп айткан.
Абу Зар Альгаффарий: «Мага Алланын элчиси (САВ) мындай деди: «Эгер силерден бириңер ачууланса, турган абалда болсо отурсун, эгер анда дагы ачуусу тарабаса, жатып тынчтансын».
Амр бин АльАсс: «Пайгамбарыбыздан (САВ) мени Алла Тааланын каарынан алыс кыла турган нерсе жөнүндө сурадым. Ал: «Ачууланба!» деп насаат айтты».
 
Ачууланууну кантип тыюуу керек?
- Ачуулануу кандай зыяндарды алып келе тургандыгы жөнүндө ойлонуу.
- Жумшак мүнөз менен мүнөздөнүүнөн улуулугу жөнүндө ойлоо.
- Наалатталган шайтандын жамандыгынан качып, Алла Тааланын ырайымына корголоо.
- Алла Тааланын инсандарга болгон мээрими жөнүндө ойлонуу.
 
 
ОН ЖЕТИНЧИ ХАДИС
 
Абу Йалаа Шаддаад бин Аус баяндаган хадисте пайгамбарыбыз (САВ) мындай деген:
«Алла Таала бардык жандыкка жакшылык кылууну буюруду. Эгер бир жандыкты өлтүрсөңор, кыйнабай жеңил өлтүргүлө! Мууздасаңар, бычагыңарды курчуткула жана курмандыктарыңарды кыйнабагыла». (Муслим)
 
Хадисти баяндаган сахабанын жашоо таржымалы:
Абу Йалаа Шаддаад бин Аус илим жана даанышмандык ээси болгон. Төшөккө жатса, уктай албай, бир капталынан экинчи капталына которулуп көпкө жатчу жана: «Эй, Алла Таала тозок оту жөнүндөгү ой түн уйкумду болуп, аны ойлоо менен таң атырам», - деп айтчу. Андан кийин ордунан туруп, таң атканча намаз окучу. Ал Кудус мечитинде жашаган, ошол жерде балалуу болгон жана ал жерде 58-хижрий жылы 75 жашында дүйнөдөн кайткан. Пайгамбарыбыздан (САВ) баяндаган хадистеринин саны - 50 хадис.
 
Хадистин маанисин ачыктоо:
«Алла таала бардык жандыкка жакшылык кылууну буюруду» Мисалы: бир жандыкты мууздаганда, ал жандыкты кыйнабоо үчүн бычакты курчутуу керек. Ал эле эмес, жандыктын сүтүн сааганда да анын желинине зыян тийгизбөө үчүн, сааган адам тырмагын алуусу керек.
 
Хадистин түшүнүгү:
Шарият бардык макулуктарга жакшылык кылууну буюрат.
 
 
ОН СЕГИЗИНЧИ ХАДИС
 
Абу Зарр Жундуб бин Жунадата менен Абдурахман Муаз бин Жабал баяндаган хадисте пайгамбарыбыз (САВ) мындай деген:
«Кандай абалда болсоң да Алла Тааладан корк, күнөө иш кылсаң, дароо артынан сооп иш жаса, күнөөң ал күнөөнү жууп кетсин жана адамдар менен жакшы мамиледе бол!» (Тирмизи)
 
Хадисти баяндаган сахабанын жашоо таржымалы:
Абу Зарр Жундуб бин Жунайдата (р.а.) эң алгачкылардан болуп Ислам динин кабыл кылгандардан, анын колунда иниси Анийс мусулман болгон. Андан кийин үй-бүлөсү менен бирге Мадинага көчүп келишип, ал жерде бул бактылуу үй-бүлөнүн башка мүчөлөрү да Ислам динин кабыл алышкан. Абу Зарр (р.а.) өтө илимдүү жана такыба болгон. Ал бир канча уруунун диалектисин билген. Ал 31-хижрий жылы дүйнөдөн кайткан. Пайгамбарыбыздан (САВ) баяндаган хадистеринин саны - 281 хадис.
 
Хадистин маанисин ачыктоо:
Элдердин арасында Алла Тааланын буйруган буйруктарын аткарып, тыйган нерселеринен алыс болгонундай эле эл жок жерде, жалгыз болгон учурда да Алладан коркуп, буйруган нерселерин аткарып, тыюу салган нерселеринен алыс бол. Албетте, бул «уялуу» деген маанини да берет. Пайгамбарыбыз (САВ) башка бир хадисинде: «Уялуу ыймандын белгиси» деген. Уялуу үч түргө бөлүнөт:
Биринчиси: Адамдардан уялуу. Адамдардын арасында алардан уялып жосунсуз жоруктарды кылуудан, Алла Таала тыюу салган нерселерден узак болуу.
Экинчиси: Адам өзүнөн өзү уялуусу. Эл жок жерде да күнөөлөрдөн, жаман жоруктардан алыс болуусу.
Үчүнчүсү: Алла Тааладан уялуу. Бул да адамдын өзүнөн өзү уялуусу сыяктуу эле, жалгыз калганда Алладан уялып, буйруган нерселерин аткарып, тыюу салган нерселеринен алыс болуу.
Ал эми хадисте баяндалган «күнөөлөрдүн жуулуп кетүүсү», ал күнөөлөр Алла Тааланын акысы менен байланышкан күнөөлөр, ал эми адамдардын акылары менен байланышкан күнөөлөр, мисалы: ачуулануу, ушактоо сыяктуу нерселер бир гана ага ачууланылган жана ушакталынган адамдан кечирим суроо жана анын кечирүүсү менен болот.
«…адамдар менен жакшы мүнөз, жылуу мамиледе бол!» Пайгамбарыбыз (САВ) башка бир хадисинде: «Алла Таала силерге Исламды дин кылып тандап берди. Аны жакшы мүнөз жана жоомарттык менен урматтап тосуп алгыла. Албетте, ал дин бул (жакшы мүнөз жана жоомарттык) экөөсүз толукталбайт».
Пайгамбарыбыз (САВ) Алла Тааланын: «(Эй, Мухаммед!) мээримдүү бол» деген сөзүнө төмөндөгүчө: «Сага зулум кылгандарды кечир, сени менен байланышын үзгөндөр менен жакшы мамиледе бол» деген түшүндүрмө берет. Биздин ата-бабалардын да бул жөнүндө жакшы сөзү бар: «Таш менен урганды аш менен ур».
 
Хадистен алынган сабак:
- Шарият буйруктарын аткаруу, тыюу салган нерселеринен алыс болуу.
- Сооп иштер күнөөлөрдүн кечирилүүсүнө себеп болот.
- Инсандар менен жакшы мамиледе болуу.
 
Хадистин түшүнүгү:
- Алла Тааладан коркуп, такыба болуу бардык мусулмандарга парз.
- Инсандын өзүн-өзү оңдоодосунда такыбалыктын таасири чоң.
- Күнөө жасагандан кийин, сооп иш аткарууга шашылуу.
- Момун-мусулман жакшы мүнөз менен мүнөздөнүүсү керек.
- Жакшы мамиле таарынышууларды унуттурат.
 
 
ОН ТОГУЗУНЧУ ХАДИС
 
Абул Аббаас Абдуллах бин Аббас төмөнкүдөй хадисти баяндаган:
«Күндөрдүн биринде Алланын элчисинин (САВ) аркасында элем. Ал мага карап: «Эй, бала! Сага бир нерселерди үйрөтөйүн: Алла Тааланын буйрук жана эскертүүлөрүнө көңүл бур. Алла Таала да сага көнүл бурат. Бир нерсе сурасаң, Алла Тааладан сура, жардам суранчу болсоң Алла Тааладан суран. Бүткүл адамдар сага пайда келтирүү үчүн чогулушса, бир гана Алла Тааланын сенин тагдырына жазганынчалык пайда алып келе алат. Ошондой эле эгер сага зыян келтирүү үчүн чогулушса, Алла Тааланын жазмышынан ашыкча зыян келтире алышпайт. Калемдер көтөрүлдү (иштери бүттү), барактар (сыя) кургады (жазуулар аяктады)». (Тирмизи)
 
Тирмизиден башка бирөөнүн баяндоосунда төмөндөгүдөй:
Алла Таалага (буйруктарына жана эскертүүлөрүнө) көңүл бурсаң, Анын алдында турганыңды сезесиң. Жыргалчылык учурда Алла Таалага өзүңдү тааныт, кыйынчылыкта Ал да сени таанысын. Эсинде болсун! тагдырыңа жазылбаган (балээ ж.б.) нерсе башына келбейт. Ал эми тагдырыңа жазылган нерсе сөзсүз башына келет. Эсиңде болсун! Кыйынчылыктарды жеңүү сабыр менен. Жыргалчылык машакаттануу менен бирге жана бардык кыйынчылыктардан кийин жыргалчылык бар.
 
Хадисти баяндаган сахабанын жашоо таржымалы:
Абул Аббаас Абдуллах бин Аббас (р.а.) хижраттан үч жыл мурун төрөлгөн. Ал «Таржумаанул Куран» (Курандын ачыктоочусу) деген лакапка ээ болгон. Ошондой эле өтө илимдүү болгондугунан, «деңиз» деген наам алган. Пайгамбарыбыз (САВ) ага Куранды жана шариятты терең өздөштүрүүсү үчүн дуба кылган. Абул Аббаас 1660 хадис баяндаган. Ал 68-хижрий жылы, 71 жашында Таифте дүйнөдөн кайткан.
 
Хадистин маанисин ачыктоо:
«Алла Тааланын буйрук жана эскертүүлөрүнө көңүл бур, Алла Таала да сага көңүл бурат», башкача айтканда, Алла Тааланын буйруктарын аткар жана тыюу салган нерселеринен алыс бол! Алла Таала да сени бул дүйнөдө жана акыретте сактасын. Алла Таала Курани Каримде: «Эркекпи же аялбы кимде-ким момун болуп туруп, бир жакшы иш кылса, анда Биз ага таза жашоо беребиз жана аларды өздөрү кылып өткөн эң көркөм иштерине көптөгөн соопторду беребиз». (Ан-Нахл сүрөсү, 97-аят).
 
Хадистен алынган сабак:
1 - Ким Алла Тааланын буйруктарына көңүл бөлүп, аны аткарса, Алла Таала да ал адамга бул дүйнөдө жана акыретте көңүл буруп, аны сактайт.
2 - Ким Алла Тааланын буйруктарын аткарса, Алла Таала ал адамды кыйынчылыктардан куткарат.
3 - Ким эмне суранса, Алла Тааладан сурансын.
4 - Бардык кыйынчылык, кайгыдан кийин жеңилдик жана кубаныч келет.
5 - Пенденин башына бир гана Алла Тааланын тагдыр кылган нерсеси келет.
 
Хадистин түшүнүгү:
- Сооп иштер башка келүүчү балээлерди тосот.
- Бардык муктаждык үчүн Алла Таалага жүздөнүп дуба кылуу.
 
ЖЫЙЫРМАНЧЫ ХАДИС
 
Абу Масууд бин Укба бин Амр ал-Ансари ал-Бадрий баяндаган хадисте Алла элчиси (САВ) мындай деген:
«Өткөн пайгамбарлардан өзгөрүүгө учурабай биздин коомго келип жеткен сөздөрдүн бири: «Уялбасаң каалаганыңды жаса!» деген сөз». (Бухари)
 
Хадисти баяндаган сахабанын жашоо таржымалы:
Абу Масууд бин Укба бин Амр ал-Ансари ал-Бадри «Бадр» согушуна катышкан эмес, ал эми «ал-Бадрий» деген наам Бадрда жашап тургандыгы үчүн берилген. Ал 41-хижрий жылы дүйнөдөн кайткан. Пайгамбарыбыздан (САВ) баяндаган хадистеринин саны - 202 хадис.
 
Хадистин маанисин ачыктоо:
«Уялбасаң каалаганыны жаса!», башкача айтканда, эгер аткара турган ишиң уяттуу иш болбосо аткара бер. Кээ бирөөлөр хадисти төмөндөгүчө ачыктайт: «Эгер Алла Тааладан коркпосоң жана уялбасаң, эмне кааласаң жасай бер». Башкача айтканда, бул сөз уруксат эмес коркутуу үчүн айтылган. Алла Таала ыйык китебинде мындай дейт: «Албетте, Биздин аяттарыбызга кыянат кыла турган (аларды бузгусу келген ) адамдар Биз үчүн жашыруун белгисиз болуп калышпайт. Акыры тозокко таштала турган киши жакшыбы, же Кыямат күнүнө (Алла Тааланын азабынан) тынч бейпил абалда келе турган кишиби?! Өзүңөр каалаган нерсени кыла бергиле! Албетте, Ал кылып жаткан иштериңерди көрүп турат».
 
Хадистен алынган сабак:
Эгерде Алла Тааладан уялбасаң каалаганыңды жаса (буйрук коркутуу үчүн).
 
Хадистин түшүнүгү:
- Уялбаган кишиден жакшылык күтүлбөйт.
- Уялуу толугу менен жакшы сыпат.
- Уялуу жакшы мүнөздүн негизи.
 
 
ЖЫЙЫРМА БИРИНЧИ ХАДИС
 
Абу Амр Суфьян бин Абдулла Ас-Сакафи баяндаган хадисте мындай дейт :
«Пайгамбарыбызга (САВ): «Эй, Алланын элчиси, мага Ислам жөнүндө бир сөз айт, ал сөздү сенден башка эч кимден сурабайын. Алла элчиси (САВ): «Алла Таалага ыйман келтирдим деп айт жана андан кийин түз жүр!»- деди». (Муслим)
 
Хадистин маанисин ачыктоо:
«Аллага ыйман келтирдим деп айт жана андан кийин түз жүр!» - деди. Башкача айтканда, «түз жүрүү» парз болгон нерселерди аткаруу жана күнөөлөрдөн узак болуу. Туура жолдо жүрүү Алла Тааланын өз сөзүндө:
«Демек, (Эй, Мухаммед) сен жана сени менен бирге тообо кылгандар өзүңөргө буйрулгандай туура жолдо болгула! Дагы аша чаап кетпегиле! Албетте Алла Таала кылып жаткан иш-амалыңарды көрүп турат».
Баяндоолорго караганда Куран аяттарынан бир да аят пайгамбарыбызга (САВ) жогорудагы аятчалык кыйын, оор болбогон экен. Анткени, ал адам пайгамбар болгондугу үчүн да. Анткени Алланын элчиси (САВ) туура жолдо Алла Таала буюргандын дал өзүндөй жашап өтүүнү баарынан жакшыраак аңдап түшүнөөр эле. Ошон үчүн пайгамбарыбыз (САВ) мына ушул аят түшкөндө «Шаййабатни Худ» - мааниси «Худ сүрөсү мени карытты» - деген.
Алла Таала башка бир аятта мындай дейт:
«Албетте, «Жаратуучубуз Алла Таала»,- деп, андан соң (жалгыз Алла Таалага кулчулук кылууда ) туура, туруктуу бекем болгондордун алдыларында (өлүм убагында) периштелер түшүп (айтышат): «Коркпогула жана кайгы чекпегиле. Силерге убада кылынган бейиштин куш кабары менен шаттангыла!».
Бул аяттын тафсиринде, алар (туура жолдогулар) бейиш менен сүйүнчүлөгөндө айтышат: «Биздин артыбызда калган балдарыбыздын абалы кандай болот?!». Анда аларга айтылат: «Биз дүйнө тирүүлүгүндө да, акыретте да силердин досуңарбыз». (Фуссилат сүрөсү, 31-аят).
Башкача айтканда, силерден кийин аларга (балдарыңарга) биз ырыскы берип, камкордук көрсөтөбүз.
 
Хадистен алынган сабак:
- Ыйманда туруктуу болуу.
- Алла Таала койгон шарият жолунда түз жүрүү.
 
Хадистин түшүнүгү:
- Алла Таалага баш ийүүдөн мурда ага ыйман келтирүү керек.
- Сооп иштер ыйманды сактайт.
- Сөзсүз түрдө ыйман менен бирге сооп иш жасоо керек.
 
 
ЖЫЙЫРМА ЭКИНЧИ ХАДИС
 
Абу Абдулла Жабир бин Абдулла Аль-Ансари баяндаган хадисте ал мындай дейт:
«Бир адам Алла элчисинен (САВ) мындай деп сурады: «Мен парз намаздарды окуп, Рамазан орозосун тутсам, адалды адал, арамды арам деп билип жана буларга эч бир нерсе кошумчалабасам эле бейишке киремби?». Алланын элчиси (САВ): «Ооба», - деп жооп берди». (Муслим)
 
«Арамды арам деп билсем» - дегендин мааниси андан алыс болсом;
«Адалды адал деп билсем» - деген соз: Адалдыгына ишенип аны аткарсам деген мааниге келет.
 
Хадистен алынган сабак:
- Парз намаздарды аткаруу.
- Орозо тутуу.
- Адалды адалдыгына ишенип аткаруу.
- Арамды арам деп билип, андан алыс болуу.
 
Хадистин түшүнүгү:
-Намазга жана орозого көңүл буруп толук аткаруу.
-Жакшы иштер бейишке кирүүгө себепчи болот.
-Сахабалардын бейишке кирүүгө себепчи болгон иштер жөнүндө билүүгө кызыгуулары.
 
ЖЫЙЫРМА ҮЧҮНЧҮ ХАДИС
 
Абу Малик Аль-Харис бин Асим Ашшарий баяндаган хадисте Алла элчиси (САВ) мындай деген:
«Тазалык - ыймандын жарымы. «Алхамдулилла» (бул сөздү айтуунун сообу) таразаны толтурат, «Субхааналла» жана «Алхамдулилла» (эки сөздү айтуунун сообу) асман-жердин ортосун толтурушат же толтурат. Намаз - бул нур, садага - ыйманга далил, сабыр - бул жарык (нур), Куран - сенин пайдаң, же зыяның үчүн далил. Бардык адамдар эртең мененден баштап, напсилерин сатышат; же тозок отунан куткарышат же тозокко даярдашат» (Муслим)
 
Хадистин маанисин ачыктоо:
«Тазалык ыймандын жарымы», Имам Газали хадистеги тазалыкты жүрөктүн тазалыгы, б.а., душмандык, көралбастык ж.б.у.с. оорулардан жүрөктүн таза болуусу деп айтат. Ошондо гана жүрөк толук ыйманга ээ болот. Кээ бирөөлөр айтат: «Кимдин жүрөгү таза болсо жана ал киши даарат алып намазга турса, намазга эки тазалык менен турган болот».
«...Алхамдулилла» (бул сөздү айтуунун сообу) таразаны толтурат, «Субхааналла» жана «Алхамдулилла» (эки сөздү айтуунун сообу) асман-жердин ортосун толтурушат же толтурат. Намаз - бул нур...», башкача айтканда, намаздын сообу нур.
Башка бир хадисте мындай деп айтылат: «Караңгы түндө мечитке барчу адамдарды Кыямат күнүндо нурга бөлөнө тургандыгы жөнүндө сүйүнчүлөгүлө».
«…садака - бул далил», башкача айтканда, бир адамдын берген садагасы чыныгы ыйманга ээ экенине далил. Албетте, эки жүздүү (мунаафык) намаз окушу мүмкүн, бирок садака берүү ага оор келет.
«… сабыр - бул жарык (нур)», башкача айтканда, сабыр Алла Таалага сүйүктүү сыпат. Алла Таалага ибадат кылууда, башка мүшкүл (оор) иш түшкөндө сабыр кылуу. Ошондой эле, дүйнөнүн өзүнө тарткан кооздуктарына берилип кетүүдөн сактануу үчүн сабыр кылуу. Бир аалым кошумчалап кеткендей, натыйжага жетүү үчүн убакыт талап кылган иштерде, убакыттын өтүшүн күтүүдө сабыр кылуу. Албетте, жогоруда айтылган сабыр түрлөрүнүн ээлерине, сабыр кылгандыктары үчүн сооптор жазылып турат.
«...Субхааналла» жана «Алхамдулилла» (эки сөздү айтуунун сообу) асман-жердин ортосун толтурушат же толтурат...». Бул хадис башка бир хадис менен окшошуп кетет. Ал Муса пайгамбардын (а.с.) Алла Таалага айтканы: «Эй, Жаратуучум! Мага бейишке киргизүүчү иш жөнүндө айт». Алла Таала айтты: «Эй, Муса! Алладан башка кудай жок деп айт. Эгер жети асман жана жер таразанын бир тарабына, «Лаа илаха иллаллоох» (Алладан башка кудай жок) экинчи тарабына коюлса, «Лаа илаха иллаллоох» сөзү оор келет.
Пайгамбарыбыз (САВ) «Бардык инсандар эртең мененден баштап, напсилерин сатышат; же тозок отунан куткарышат же тозокко даярдашат» деген сөзүнүн мааниси напсисин колдонуп, өз жолун тандап алышат. Кээ бирөөлөр напсисин Алла Таалага баш ийип кулчулук кылуу үчүн колдонот жана тозок отунан кутулат. Кээ бирлери шайтан азгырыгы менен аны ээрчип жоготууга учурайт, акырет азабына кабылат. Алла Таала Куранда:
«Албетте, Алла Таала момундардын жандарын жана малдарын алардан бейиш менен айырбаштап алды. Алар Алла жолунда согушуп, (каапырларды) өлтүрүшөт. (Мындай момундарга бейиш берилүүсүнө) Алла Таала Тоорот, Инжил жана Куранда Өзүнүн чыныгы убадасын берген…» (Тообо сүрөсү,111-аят).
Албетте, бул соодада, Алла Таала - сатып алуучу, пенде - сатуучу, напси - сатылган нерсе, сатылган нерсенин баасы - бейиш.
 
Хадистен алынган сабак:
1 – Бүтүндөй тыюуу салынган нерселерден тазалануу жана алыс болуу «алхамдулилла» нын сообу Кыямат таразасын толтурат.
2 - Намаздан калган из - нур.
3 - Садага берүү ыйманга далил.
4 - Сабырдын бардык түрү жакшылык.
5 - Ким Куранда буйрулгандай иш кылса, Куран акырет күнү ал адамдын пайдасы үчүн далил болот, ким Курандын өкүмдөрүнө баш ийбесе, акырет күнү анын зыяны үчүн далил болот.
6 - Ар бир адам өзү үчүн иш кылат. Кээ бирөөлөрү өзүн Алла Таалага баш ийип, ибадат кылууга арнайт жана тозоктон кутулат. Башка бирөөлөр болсо, напсисин шайтан жолунда жүрүп жок кылат.
 
Хадистен чыгарылган өкүмдөр:
- Момун-мусулмандын сырты таза болгон сыяктуу ичи да таза болуусу керек.
- Амалдар Кыямат күнү таразага тартылат.
- Аз болсо да жакшы иш аткарууга кызыгуу.
- Жыргалчылык кыйынчылыктан кийин келет.
- Эгерде пенде Курандын буйруктарын аткарса, акыретте Куран ага шапаатчы (жардамчы) болот.
 
 
ЖЫЙЫРМА ТӨРТҮНЧҮ ХАДИС
 
Абу Зарр Аль-Гыфари, Алла элчисинин (САВ) Жаратуучусунан риваят кылган кудсий хадисте мындай дегени айтат:
«(Алла Таала) мындай дейт:
- Эй, кулдарым! Мен зулумду Өзүмө арам кылдым. Аны (зулумду), силердин араңарда да арам кылдым , бири-биринерге зулум көрсөтпөгүлө.
Эй, кулдарым! Мен туура жолго салгандардан башкаларыңар баарыңар адашуудасыңар. Андыктан, менден туура жолго салуумду сурангыла, силерди туура жолго салайын.
Эй, кулдарым! Мен тойгузгандардан башка баарыңар ачсыңар. Андыктан, менден ырыскы даам сурагыла, силерди тойгузайын.
Эй, кулдарым! Мен кийиндиргенден башка баарыңар жылаңачсыңар. Андыктан, менден силерди кийиндирүүмдү сурангыла, мен кийиндирейин.
Эй, кулдарым! Силер күнү-түнү күнөө кыласыңар, бүтүндөй бардык күнөөңөрдү кечирүүчү Менмин. Андай болсо, Менден күнөөлөрдү кечирүүмдү сурангыла, силерди кечирейин.
Эй, кулдарым! Силердин мага зыян тийгизүүгө күчүңөр жетпегендиктен, зыян бере албайсыңар. Мага пайда келтирүүгө күчүңөр жетпегендиктен пайда да келтире албайсыңар.
Эй, кулдарым! Мурда жашап өткөнүңөр жана кийин келе турганыңар, инсаныңар жана жиндериңер силердин ичиңерден өтө күчтүү такыба ээси болгон бир адамдын жүрөгү сыяктуу болсоңор дагы бул мүлкүмдө бир нерсе кошумчаланбайт.
Эй, кулдарым! Силерден мурда жашап өткөн жана силерден кийин да келе турган инсандар жана жиндер баарыңар эң күнөөкөр адамдын жүрөгү сыяктуу болсоңор да ал менин мүлкүмдөн эч нерсе кемитпейт.
Эй, кулдарым! Силерден мурда жашап өткөн жана силерден кийин да келе турган инсандар жана жиндер баарыңар бир жерде турсаңар жана Менден каалаган нерселериңерди сурасаөар, Мен ар бириңерге каалаган нерселериңерди берсем, менин казынам кемибейт. Кемисе да деңизге салынып чыгарылган ийнедеги суу тамчысынчалык гана кемийт.
Эй, кулдарым! Албетте, булардын баары силердин аткарган амалдарыңар, аларды силердин эсебиңерге жазам. Андан кийин аларды (соопторун же жазаларын) силерге берем. Ким жакшылык көрсө Алла Таалага мактоо-шүгүр айтсын. Ким башка нерсе (азап) көрсө, бир гана өзүн күнөөлөсүн». (Муслим)
 
Хадистин маанисин ачыктоо:
«Эй, кулдарым! Мурда жашап өткөндөрүңөр, кийин келүүчүлөрүңөр, инсандар жана жиндер».
Бул сөздөр Алла Тааланын эч нерсеге муктаж эмес экендигине далил. Алла Таала асман-жердин ортосундагы мүлк Аныкы экендигин жана ал мүлккө муктаж эмес экендигин баяндады. АллаТаала айтат:
«Алла Таала Өзү каалаган нерсесин (Өзү каалаган сыпатта) жаратат». Албетте, Ал көз алдыбыздагы жаратылышты жок кылып, анын ордуна башкасын жаратып коюуга кудуреттуу. Ошондой эле, Алла Таала шерикке же жардамчыга муктаж эмес экендигин төмөндөгүчө баяндайт:
«Алкоо-мактоо бала-чака күтпөгүн, падышалык -кудайлыкта шериги жок, кор-зарлыктан ( куткаруучу ) дос -жардамчысы болбогон (эч кимге кор, муктаж болбогон ) Алла Таалага таандык», - деп айткын жана (ар дайым) Ал Заттын улуулугун даңазала».
Ошондой эле, Алла Таалага бүтүндөй жаратылыш, жалпы макулуктар, алардын ичинен эң эле такыба адам сыяктуу ага баш ийип, буйруган нерселерин аткарууга шашылышса, Алла Тааланын мүлкүнө эч нерсе кошумчаланбайт. Албетте, алардын (инсандардын жана жиндердин) Алла Таалага баш ийип, ибадат кылуулары да бир гана Жалгыз Алла Тааланын Өзүнүн жардамы менен болот. Бул Алла Тааланын инсандарга жана жиндерге берген сыйы.
Ал эми, эгер жалпы макулуктар каргыш алган шайтан сыяктуу, Алла Тааланын буйруктарына каршы чыгып, күнөө кылышса, Анын мүлкүнөн эч нерсе кемип калбайт. Алла Таала кааласа алардын баарын жок кылып, алардын ордуна башкаларын жаратып коет. Алла Таалага инсандардын жана жиндердин баш ийип, ибадат кылуулары эч кандай пайда бере албайт. Ошондой эле, алардын Алла Тааланын буйруктарына каршы чыгуулары ага эч кандай зыян келтире албайт. Алла Таала:
«...Мен ар бириңерге каалаган нерселериңерди берсем, менин казынам кемибейт. Кемисе да деңизге салынып чыгарылган ийнедеги суу тамчысынчалык гана кемийт», деп айтат. Бизге малым болгондой ,эгерде ийнени деңизге малып, кайра алсаң деңиз суусунан эч нерсеси кемибейт, б.а., белгилүү болбойт. Алла Таала:
«Ким жакшылык көрсө Алла Таалага мактоо-шүгүр айтсын» б.а., Ага ибадат кылуусун жеңил кылып, мүмкүнчүлүк бергендиги үчүн жана Алла Таала: «Ким башка нерсе (азап) көрсө, бир гана өзүн күнөөлөсүн» деп айтат.
 
Хадистен алынган сабак:
- Алла Таала кулдарына зулум кылбайт.
- Алла Тааладан туура жолго салуусун сурануу.
- Ырыскыны Алла Тааладан тилөө.
- Күнөө кылсаң, анын кечирилүүсүн сурануу.
- Макулук, Жаратуучуга зыян да пайда да алып келе албайт.
- Алла Таалага ибадат кылуу Анын мүлкүнө эч нерсе кошумчалай албайт.
- Алла Тааланын буйруктарына каршы чыгуу Анын мүлкүнөн эч нерсе кемитпейт.
- Пенденин аткарган амалдары анын өзүнүн эсебине (дептерине) жазылат.
 
ЖЫЙЫРМА БЕШИНЧИ ХАДИС
 
Абу Зарр (р.а.) баяндаган хадисте мындай дейт:
Алла элчисинин (САВ) сахабаларынан кээ бирөөлөрү пайгамбарыбызга (САВ) мындай дешти: «Эй, Алланын элчиси! Байлар соопторду алып кетишти. Себеби алар биз сыяктуу намаз окушат, биз сыяктуу орозо кармашат, мал-мүлкөрүнөн муктажтыктарынан ашыкча болгон бөлүгүнөн садака, (зекет) да беришет». (Биз кедейбиз, андай кыла албайбыз) .
 
Алла элчиси (с.а.в.) мындай деп жооп берди : «Алла Таала силерге да садака бере турган нерселерди бербеди беле? Ар бир тасбихиңерге (Субханаллах) бир садака, ар бир такбириңерге (Аллоху акбар) бир садака, ар бир хамдиңерге (алхамдулилла ) бир садака, ар бир калимаи тавхидиңерге (лааилаха иллпаллах) бир садака, бирөөнү ар кандай жакшылыкка буйруганыңарда бир садака, ар кандай жамандыктан тосконуңарда бир садака сообу бар. Ал эле эмес жубайыңар менен жыныстык катнашта болууңарда да садака сообу берилет».
Анда сахабалар: «Эй, Алланын элчиси! Бизден бирөөбүз өз кумарын (жубайы менен жыныстык катнашта болуу менен) кандырса, ага да сооп жазылабы ?,- деп сурашты.
Алланын элчиси (САВ): «Ал адам арам менен кумарын кандырса күнөө болот эмеспи? Ушул сыяктуу эле адал менен кумарын кандырса ага сооп жазылат». (Муслим)
 
Хадистин маанисин ачыктоо:
Сахабалар сурашты: «Эй, Алланын элчиси! Бизден бирөөбүз өз кумарын кандырса, ага да сооп жазылабы?» Албетте, жубайы менен кошулуп кумарын жазуу пайгамбарлардан баштап, баарынын сүйгөн нерсеси. Албетте, мында диний жана дүйнөлүк тыюу салынган нерселерге кароодон сактануу, адамзаттын тукумунун улануусу сыяктуу көптөгөн пайдалары бар. Башка кумарлануулар жүрөктү катуу кылса, ал эми жогоруда айтылган кумарлануу жүрөктү жумшартат.
 
Хадистен алынган сабак:
1 - Садаканын түрлөрү коп:
2 - Тасбих айтуу.
3 - такбир айтуу.
4 - тамхид айтуу.
5- тахлил айтуу.
6 - Жакшылыкка буйруу.
7 - Жамандыктан кайтаруу.
8 - Ак никелуу жубайы менен жыныстык катнашта болуу.
 
Хадистен чыгарылган өкүмдөр:
- Сахабалардын жакшы иш аткарууда жарышуулары.
- Шарият буйруктарына баш ийүү бардык жакшылыктарды камтыйт.
- Садаканын жолдору көп.
- Шарият буйруган көрүнүштө кумар жазууда сооптор бар.
 
ЖЫЙЫРМА АЛТЫНЧЫ ХАДИС
 
Абу Хурайра (р.а.) баяндаган хадисте Алла элчиси (САВ) мындай мындай деген:
«Ар бир күнү инсандарга ар бир мүчөлөрү үчүн садага берүүсү парз болот. Эки адамдын ортосунда калыстык менен өкүм жүргүзүү, бирөөгө унаасына минүүсүнө жана жүгүн жүктөөсүнө жардам берүү, жакшы сөз, намазга баратканда ташталган ар бир кадам, жүрүүгө жолтоо болгон жолдогу нерселерди жол чекесине алып коюу сыяктуу нерселер садака болуп саналат». (Бухари жана Муслим)
 
Хадистин маанисин ачыктоо:
«Ар бир күнү инсандарга ар бир мүчөлөрү үчүн садага берүүсү парз болот», башкача айтканда, адам баласынын денеси 360 мүчөдөн турат. Ошол мүчөлөрдүн ар бири үчүн ар күнү садака берүү парз болот. Ушул мүчөлөргө садакалар төмөндөгү учурларда болот: Алла Таалага тасбих айтканда, намаз окуу үчүн мечитке карай кадам таштаганда ж.б.у.с.
Ким жогорудагыларды аткарса, дене мүчөсүнүн зекетин өтөгөн болот жана Алла Таала ал адамды кырсык балээлерден сактайт.
Башка бир хадисте пайгамбарыбыз (САВ) мындай деген: «Күн жаа бою көтөрүлүп, шашке болгон учурда окулган эки рекет намаз дене мүчөлөрү үчүн садака болуп саналат».
 
Хадистен алынган сабак:
1- Пенделерге садага важиб (милдет).
2- Садаканын түрлөрү:
- Адамдарга унаасына минүүсү үчүн жардамдашуу.
- Жакшы сөз.
- Намаз окуу үчүн мечитке баруу.
- Жолтоо болгон нерселерди жолдон алып коюу.
 
Хадистен чыгарылган өкүмдөр:
- Мал - байлыктын зекети болгондой эле, дененин да зекети бар.
- Дененин зекети - жакшы иштер.
- Исламда садака жолдору өтө көп.
 
 
ЖЫЙЫРМА ЖЕТИНЧИ ХАДИС
 
Навваас бин Самаан (р.а.) баяндаган хадисте пайгамбарыбыз (САВ) мындай деген:
«Жакшылык адеп-ахлактын жакшы болуусу. Ал эми күнөө болсо, жүрөктө пайда болуп, сен аны башка адамдардын байкап калууларын жактырбаган нерсе». (Муслим)
 
Вабиса бин Мабад (р.а.) төмөндөгүчө баяндайт:
«Мен Алла элчисинин (САВ) жанына келдим. Ал (САВ) мага карап: «Сен жакшылык эмне экенин суроо үчүн келдин беле?», - деди. Мен: «Ооба», - деп жооп бердим. Алла элчиси (САВ): «Жүрөгүңү тыңша. Жакшылык - напсиңде тынчтык, жүрөгүңдө бейпилдик пайда кылган нерсе. Ал эми күнөө болсо, инсандар адал деп өкүм чыгарса да, напсиңде шектенүү жана жүрөктө эки анжы ой пайда кылган нерсе». (Ахмад бин Ханбал, Аддарими)
 
Хадисти баяндаган сахабанын жашоо таржымалы:
Навваас бин Самаан (р.а.) «Асхабу Суффадан». Ал Шамда (Сирия) жашаган. Ошондой эле пайгамбарыбыздан (САВ) динди тереңдеп үйрөнүү үчүн Мадинага келип, бир жыл жашап кеткен. Анын пайгамбарыбыздан баяндаган хадисинин саны - 17 хадис.
 
Хадистин маанисин ачыктоо:
«…жакшылык - напсинде тынчтык, жүрөгүңдө бейпилдик пайда кылган нерсе». Ибн Умар (р.а.) мындай дейт: «Жакшылык – күлүмсүрөгөн жүз, жумшак сөз менен аткарылат. Алла Таала бир аятында жакшылыктын түрлөрүн топтоп койгон: «Жүзүңөрдү чыгышка жана батышка бура беришиңер жакшылык - такыбалык эмес. Тескерисинче, жакшы (адамдар) - Аллага, акырет күнүнө, периштелерге, китептерге, пайгамбарларга ыйман келтирген, (көзү кыйбай) жакшы көрүп турса да байлык-малын тууган-уруктарына, жетим-жесирлерге, бей-бечараларга, жолоочу, мусаапырларга, тилемчи-кедейлерге жана кулдарды азат кылуу жолуна берген, намазды толук окуп жүргөн, зекетти берип жүргөн, убадалашышканда өз убадасында туруучу, айрыкча, кыйынчылык-оор күндөрдө жана согуш кездеринде сабыр кылуучу адамдар. Дал ошолор чыныгы ыймандуу адамдар жана дал ошолор чыныгы такыбалар».
(Бакара сүрөсү, 177-аят)
 
«…ал эми, күнөө болсо, инсандар адал деп өкүм чыгарса да, напсинде шектенүү жана жүрөктө эки анжы ой пайда кылган нерсе», б.а., эки анжы болуу, ал ишти аткарууга көңүл чаппоо.
 
Хадис далил болгондой, инсан жүрөгүн тыншоосу керек, эгер бир ишти аткарууга көңүлү тартса, ал ишти аткарсын. Эгер көңүлү ыраазы болбосо ал ишти таштоосу керек. Өткон хадистердин биринде күмөндүү нерсе жөнүндө «адал (иш, нерсе) белгилүү, арам да белгилүү» хадисинде бул туурасында баяндалат. Башка хадистерде да Адам пайгамбар (а.с.) осуят кылып кеткен: «Эгер бир иш аткаргыңар келсе, бирок жүрөгүңөр түпөйүл болсо, ал ишти жасабагыла! Мен бейиште (тыюу салынган) дарактын мөмөсүн жейин деп ага жакындаганымда жүрөгүм түпөйүл болду эле …» сөзүнүн уландысында: «...бир ишке киришүүдөн мурда анын акыбетин ойлогула! Эгер мен тыюу салынган дарактын мөмөсүн жештин акыбетин баштан ойлонсом, жебейт болчумун. Эгер бир ишти аткарууну кааласаңар жакшы адамдардан кеңеш сурагыла. Мен эгер периштелерден кеңеш сураганымда, мага «тыюу салынган мөмөнү жебе!», - деп кеңеш беришет болучу».
 
Хадистен алынган сабак:
- Жакшы иш, жакшы мүнөз менен мүнөздөнүү.
- Күнөө иш - башкалардын аны көрүүсүн каалабаган нерсе.
 
Хадистен чыгарылган өкүмдөр:
- Ар бир адам бир ишти баштоодон мурда «кабыргасы менен кенешуусу керек».
- Эки анжы ой пайда кылган ишти таштоо керек.
 
 
ЖЫЙЫРМА СЕГИЗИНЧИ ХАДИС
 
Абу Нажиих Ирбаад бин Сариядан (р.а) мындай деп баяндайт:
«Алла элчиси (САВ) (бир күнү эртең мененки намаздан кийин) бизге өтө таасирдүү баян берди. Бул баяндын таасиринен көздөр жашка, жүрөктөр коркунучка толду. Биз айттык: «Эй, Алланын элчиси! Бул баян коштошуп жаткан адамдын осуяты сыяктуу экен. Андай болсо бизге насаат кеңеш бериңиз». Анда пайгамбарыбыз (САВ) мындай деди: «Силерге берчу кеңешим: «Алланын буйруктарын аткарууңар жана башчыңар кул да болсо анын сөзүн угуп, баш ийүүңөрдү осуят кылам. Силердин араңарда кээ бир узак жашоочулар бир топ түшүнүшпөстүк жана талаш-тартышка күбө болушат. Ичиңерден (узак жашап) ким бул нерселерге күбө болсо, менин сүннөтүмө жана туура жолдо болгон жана туура жолго баштоочу халифаларымын жолун бекем кармасын. Бул жолдо чыдамдуу болгула! Диний иштерде «кийин ойлоп чыгарылган нерселерден» сактангыла. Себеби, бардык «кийин ойлоп чыгарылган нерселер» адашкандыкка алып барат жана бардык адашкандык тозокко жол алуу болуп саналат». (Абу Дауд жана Тирмизи)
 
Хадисти баяндаган сахабанын жашоо таржымалы:
Абу Нажих Ирбаад бин Сария (р.а.) адамдардын ичинен төртүнчү болуп Ислам динин кабыл алган. Ал «Асхабу Суффадан». Абу Нажиих Шамда 75-хижрий жылы дүйнөдөн кайткан. Пайгамбарыбыздан (САВ) баяндаган хадистеринин саны -31 хадис.
 
Хадистин маанисин ачыктоо:
«Ичиңерден (узак жашап) ким бул нерселерге күбө болсо, менин сүннөтүмө жана туура жолдо болгон жана туура жолго баштоочу халифаларымын жолун бекем кармасын», б.а., жашоо шарттар өзгөргөндө менин сүннөтүмү бекем кармагыла. Пайгамбарыбыз (САВ) башка бир хадисинде: «Үммөтүм бузулган заманда, ким менин сүннөтүмдү кармаса, ага жүз шейиттин сообу берилет» деп айткан.
 
Хадисте айтылган халифалар, алар төрт халифа: Абу Бакр, Умар, Усман жана Али. Пайгамбарыбыз (САВ) бир хадисинде: «Менин сахабаларым жылдыздар сыяктуу, алардын кимисин ээрчисеңер да туура жолду табасыңар» деп айткан.
 
Хадистен алынган сабак:
- Такыбалык (Алла Тааладан коркуу).
- Алла Тааланын буйруктарын угуп, ага баш ийүү.
- Пайгамбарыбыздын (САВ) жана төрт туура халифалардын жолун бекем кармоо.
- Динде негизи болбогон, кийин ойлоп табылган иштерден сактануу.
 
Хадистен чыгарылган өкүмдөр:
- Коомуна насаат берүү аалымдарга парз.
- Башчылар күнөө ишке буюрбаса, аларга баш ийүү милдеттүү.
 
 
ЖЫЙЫРМА ТОГУЗУНЧУ ХАДИС
 
Муаз бин Жабал (р.а) баяндаган хадисте мындай дейт:
«Мен Алланын элчисине (САВ) мындай дедим: «Эй, Алланын Элчиси! Мага, мени бейишке киргизүүчү, тозоктон куткаруучу иш жөнүндө баянда! Ал (САВ) мындай деди: «Менден өтө чоң маселе жөнүндө сурадың. Бирок бул маселе Алла Таала жеңил кылган адам үчүн жеңил; жалгыз Алла Таалага ибадат кылып, ага шерик кошпошуң керек, намазды туура окуп, зекет бересиң, Рамазан орозосун тутуп, ажы милдетин өтөшүң керек».
Андан кийин сөзүн мындайча улантты: «Көңүл бур! Сага жакшылык эшиктерин көрсөтөм: орозо - калкан. Садага - суу отту өчүргөндөй күнөөлөрдү өчүрөт. Түн ортосунда туруп окулган намаз жаңылыштыктарды өчүрөт».
Пайгамбарыбыз (САВ) андан кийин: «(Кээ бир адамдар бар) алар уйкусун азайтып, корку жана үмүт менен Жаратуучуга ибадат кылышат, аларга берилген ырыскылардан садага беришет. Алардын кылган иштери үчүн сыйлык катары канчалаган көз кубандыра турган тартуулар жашырылып турганы эч кимге белгисиз» деген маанидеги аятты (Сажда сүрөсү, 16-аят) окуду.
Андан кийин пайгамбарыбыз (САВ) мындай деп сөзүн улады: «Сага иштердин эң негизги асылын айтайынбы?» Мен: «Ооба, эй, Алланын элчиси»,- дедим. Ал (САВ) айтты: «Бардык иштердин эң негизгиси Ислам, тиреги намаз, туу чокусу жихад».
Андан кийин Алланын элчиси (САВ) мындай деди: «Сага мындан да маанилүү нерсени айтайынбы?» Мен: «Ооба, эй, Алланын элчиси!»,- дедим. Алла элчиси (САВ) тилин кармап көргөзүп туруп: «Өз саламаттыгың үчүн тилиңди карма (сакта )!,- деди. Мен: «Эй, Алланын элчиси! Биз сүйлөгөн сөздөрүбүздөн жоопко тартылабызбы?»,- дедим. Ал (САВ) айтты: «Муаз! адамдарды бети, мурду менен тозокту көздөй сүйрөгөн нерсе тилдери эгип-өстүргөн нерселер эмеспи». (Тирмизи)
 
Хадистин маанисин ачыктоо:
Хадисте айтылган «тилдин эгип-өстүргөн нерсеси» адамдардын артынан суйлөө, жалган айтуу, жалаа жабуу, шылдындоо, убаданы бузуу сыяктуу нерселер. Алла Таала Куранда мындай дейт: «Силердин өзүңөр кылбай турган ишти (кылабыз деп) айтууңар Алла алдында өтө жаман көрүлгөн иш».
 
Хадистен алынган сабак:
1- Бейишке кирүүгө жана тозоктон алыс болууга ортомчу иштер жөнүндө маалымат:
- Алла Таалага шерик кошпостон, Анын Жалгыз Өзүнө ибадат кылуу.
- Намаз окуу.
- Зекет беруу.
- Орозо туту.
 
2 - Жакшылыктын эшиги:
- Өз каалоосу менен тутулган кошумча (напиле) орозо.
- Жашыруун түрдө берилген садака.
- Түн жарымында окулган намаз (Тахажжуд).
 
3 - Иштердин эң маанилүүсү жана Ислам дининин туу чокусу - намаз.
 
4 - Жогоруда айтылган иштердин улугу «тилди сактоо».
 
 
ОТУЗУНЧУ ХАДИС
 
Абу Саалаба Аль-Хушани Журсум бин Нашир (р.а.) баяндаган хадисте Алла элчиси (САВ) мындай деп айткан:
«Алла Таала бир канча нерселерди парз кылган. Аларды жоготпогула. Кээ бир нерселерге чек койгон, ал чектерден өтпөгүлө. Алла Таала бир топ нерселерди арам кылган, алардан алыс болгула. Кээ бир нерселер жөнүндө унутпастан эле силерге ырайымдуулук кылып, эч нерсе айткан эмес, силер ал нерселерди сураштырып изилдебегиле». (Дааркутний)
 
Хадисти баяндаган сахабанын жашоо таржымалы:
Абу Саалаба Аль-Хушани Журсум бин Нашир (р.а.) белгилүү сахабалардын бири. Ал 6- жылы болгон «Ар-ридван» антташуусуна катышкан. 95-хижрий жылында намаз учурунда, сажда абалында бул дүйнө менен кош айтышкан. Пайгамбарыбыздан (САВ) баяндаган хадистеринин саны - 40 хадис.
 
Хадистен алынган сабак:
1 - Парздарды аткаруу.
2 - Арам нерселерден алыс болуу.
3 - Көп суроодон тыйылуу.
 
Хадистин түшүнүгү:
- Эч бир адам өз алдынча жазалоо иштерин жүргүзүүгө жана өкүм чыгарууга укуктуу эмес.
- Алла Таала «унутуу» деген сыпаттан алыс.
 
 
ОТУЗ БИРИНЧИ ХАДИС
 
Абу Аль-Аббас Сахл бин Саад ас -Саиди (р.а.) баяндаган хадисте мындай дейт:
«Бир адам Алла элчисине (САВ) келип мындай деди: «Эй, Алланын элчиси! Мага мени, Алла Таалага жана адамдарга сүйдүрө турган иштерди көрсөт». Алла элчиси (САВ) мындай деди: «Дүйнөгө көз артпасаң Алла Таала сени сүйөт, пенделердин байлыгына көз артпасаң алар сени сүйөт». (Ибну Маажа ж.б.)
 
Хадисти баяндаган сахабанын жашоо таржымалы:
Бул сахабанын аты өз аты Хазан болгон. Пайгамбарыбыз (САВ) аны Сахл деп атаган. Ал он беш жашында пайгамбарыбыз (САВ) бул дүйнө менен кош айтышкна. Сахл бин Саад Мадинадагы сахабалардан эң акыркысы болуп 91-хижрий жылы дүйнөдөн кайткан. Пайгамбарыбыздан (САВ) баяндаган хадистеринин саны - 188 хадис.
 
Хадисти ачыктоо:
Хадисте айтылган «дүйнөгө көз артпоо» адам баласынын муктаждыгынан ашыкча дүйнө, мал-мүлк талап кылуусу, ал эми муктаждыгына жараша дүйнө талап кылуу адам баласына парз.
Умар (р.а.) мындай деген: «Эй, Жаратуучум! Биз Өзүң берген ырыскы үчүн гана кубанабыз».
Алла Таала сарамжалдуу адамдарды төмөнкү аятында мактап баалап айтат: «Алар кайыр-садага кылган чактарында ысырапкерчилик да, ач көздүк да, сарандык да кылышпайт …»
Пайгамбарыбыз (САВ) бир хадисинде мындай деген: «Кеңешкен адам өкүнбөйт, сарамжалдуу адам жарды болбойт».
 
Хадистен алынган сабак:
1 - Ким дүйнөгө көз артпаса, аны Алла Таала сүйөт.
2 - Ким адамдардын мал байлыгына көз артпаса, алар аны жакшы көрөт.
 
Хадистен чыгарылган өкүмдөр:
- Ким дүйнө, мал-байлыкты жакшы көрсө, аны Алла Таала да, адамдар да жактырбайт.
- Дүйнөнү жакшы көрүү бардык жамандыктардын ачкычы.
- Жетиштүү дүйнө топтоо парз, ашыкча дүйнө топтобоо - такыбалык.
 
 
ОТУЗ ЭКИНЧИ ХАДИС
 
Абу Саид бин Малик бин Синан ал-Худрий (р.а.) баяндаган хадисте Алла элчиси (САВ) мындай деген:
«Башкаларга зыян келтирүүгө болбойт, зыянга зыян менен жооп берүү да болбойт». (Ибну Маажа ж.б.)
 
Хадисти баяндаган сахабанын жашоо таржымалы:
Абу Саид бин Малик бин Синан ал-Худрий (р.а.) пайгамбарыбыз (САВ) менен бирге он эки ыйык согушка катышкан. Ал сахабалардын арасында абройлуу,илимдүү болгон. Ал 74-хижрий жылы, 94 жашында Мадинада дүйнөдөн кайтып, «Аль-Бакий» көрүстөнүнө коюлган. Пайгамбарыбыздан (САВ) баяндаган хадистеринин саны - 1170 хадис.
 
Хадисти ачыктоо:
«Башкаларга зыян келтирүүгө болбойт ..», башкача айтканда, бирөө бирөөго акысыз жерден зыянын тийгизүүго болбойт.
«Зыянга зыян менен жооп берүү да болбойт…», башкача айтканда, сага зыян келтирген адамга сен да зыян келтирбе. Эгер сени бирөө тилдесе, сен да аны тилдебе. Эгер сага бирөө муш көтөрсө сен да ага муш көтөрбө, андан акыңды сот алдында талап кыл.
 
Хадистен алынган сабак:
- Адамдын өзүнө жана башкаларга зыян келтирүүсү арам.
 
Хадистин түшүнүгү:
Инсандын денесине, мал байлыгына жана намысына зыян келтирүүдөн сактануу.
 
 
ОТУЗ ҮЧҮНЧҮ ХАДИС
 
Ибн Аббаас (р.а) баяндаган хадисте Алла элчиси (САВ) мындай деген:
«Эгер элдерге доолору себептүү сураган нерселери берилсе, кээ бир адамдар, бир канча адамдын мал-жанын сурайт эле. Бирок, далил доочудан, касам ичүү доолануучу адамдан талап кылынат». (Ал-Байхакий ж.б.)
 
 
ОТУЗ ТӨРТҮНЧҮ ХАДИС
 
Абу Саид Аль-Худрий (р.а.) баяндаган хадисте Алла элчисинин (САВ) мындай деп айтканын уктум:
«Силерден кимиңер бир жамандык (жасалып жаткандыгын) көрсө, аны колу менен өзгөртсүн. Эгер ага күчү жетпесе, тили менен өзгөртсүн. Ага да күчү жетпесе жүрөгү менен каршы чыксын. Бул болсо (жүрөк менен каршы чыгуу) ыймандын эн төмөнкү даражасы». (Муслим)
 
Хадистин маанисин ачыктоо:
Пайгамбарыбыздын (САВ) «бул болсо (жүрөк менен каршы чыгуу) ыймандын эң төмөнкү даражасы» деген сөзүнөн көздөлгөн максат, «алсыз адамдын ыйманы да алсыз» деген мааниге келбейт, бул жерде айтылган нерсе, ыймандын мөмөсү, б.а., натыйжасы жөнүндө.Жамандыктан кайтарууда ыймандын эң улуу натыйжасы кол менен, б.а., күч колдонуу менен жамандыктан кайтаруу. Алла Таала Куранда Улукман даанышмандын уулуна айткан насааты жөнүндө баяндайт: «Эй, уулум! намазды толук аткар, жакшылыкка буюр жана жамандыктан кайтар. Ошондой эле, өзүңө келген (балээлерге ) сабыр кыл! Албетте, мына ушул иштердин максатка көбүрөк дал келүүчүсү». (Лукман сүрөсү, 17-аят).
 
Кудурети жеткен адам тили менен жамандыктан кайтаруусу парз. Пайгамбарыбыздын (САВ) «жүрөгү менен каршы чыксын» деген сөзүнүн мааниси: жамандык жасалып жаткандыгына нааразы болуу менен, четке чыгып, Алланы эскерип кылып отурсун. Алла Таала мындай жасаган адамдарды Куранда мактаган: «Алар (Рахмандын сүйүктүү пенделери) жалган күбөлүк беришпейт жана келжирек (пайдасыз сөз же иштин) жанынан өткөн кездеринде асылзаадалык менен (анда жүзүн үйрүгөн абалдарында ) өтүшөт». (Аль-Фуркан сүрөсү, 72-аят).
 
Хадистен алынган сабак:
1 - Жамандыкты колу менен (күч колдонуу менен) кайтаруу момун -мусулманга парз.
2 - Эгер мусулман жамандыкты колу менен кайтара албаса, тили менен (айтып) кайтаруусу керек.
3 - Эгер тили менен да кайтара албаса, ал жамандыктын жасалуусуна жүрөгү менен нааразы болуусу керек.
 
Хадистин түшүнүгү:
- Жамандык – бул шарият тыюуу салган нерсе.
- Амал кылуу ыймандын мөмөсү.
 
 
ОТУЗ БЕШИНЧИ ХАДИС
 
Абу Хурайра (р.а.) баяндаган хадисте Алла элчиси (САВ) мындай деген:
«Бири-биринерге душмандык кылбагыла! Соодада (баасын жогорулатып) бири-бириңерди алдабагыла! Бири-бириңерден жүз үйрүп, таарынышпагыла. Бирөөңөр башкасы баалашып койгон нерсесин сатып албагыла. Эй Алланын кулдары, ага-ини болгула! Мусулман мусулмандын бир тууганы, ага зулум көрсөтпөйт; аны жардамсыз таштабайт, аны алдабайт, аны басынтпайт. (Үч жолу көкүрөгүнө ишарат кылып туруп) такыбалык ушул жерде. Мусулман мусулман бир тууганын басынтуусу, бир адамга жамандык катары жетиштүү .Мусулмандын бардык нерсеси; каны, жаны, мал-мүлкү жана намысы башка мусулман үчүн арам (акысыз жерден тартып алалбайт)». (Муслим)
 
Хадистин маанисин ачыктоо:
«Бири-бириңерден жүз үйрүп, таарынышпагыла…», бул жөнүндө пайгамбарыбыз (САВ) мындай деген: «Мусулман мусулман бир тууганы менен үч күндөн ашык таарынышуусу, жүз үйрүшү арам кылынган».
«жардамсыз таштабайт», б.а., жакшылыкка буйруп, жамандыктан кайтарууда же акысы болсо талап кылууда аяр мамиле кылуу жана ага жардам берүү, башына кыйынчылык иш келсе тең болушуусу керек.
«Мусулмандын бардык нерсеси; каны, жаны, мал-мүлкү жана намысы башка мусулман үчүн арам (акысыз жерден тартып алалбайт)». Пайгамбарыбыз (САВ) коштошуу ажылыгында мындай деп айткан: «Албетте, силердин каныңар, малыңар жана намысыңар, бул өлкөдөгү бул күнүңөр сыяктуу арам кылынган». Аль-Карабийсий бул хадисти, бирөөнүн артынан сүйлөө, мусулмандардын намысын тебелөө арам экендигине далил кылат.
 
Хадистен алынган сабак:
1- Душмандыкка тыюу салуу.
2- Башкаларга зыян бергендиктен, нерсени сатууда баасын өтө жогорулатып сатуудан тыюу.
3- Таарынышып, жүз үйрүүдөн тыюу.
4- Мусулман адамга зулум кылуунун арамдыгы.
5- Мусулманды жардамсыз таштоонун арамдыгы.
6- Мусулмандын канын төгүүнүн арамдыгы.
7- Мусулмандын малын акысыз жештин арамдыгы.
8- Мусулмандын намысын тебелөөнүн арамдыгы.
9- Такыбалыктын орду жүрөк.
 
Хадистин түшүнүгү:
- Ислам дини адамдарды инсандык улуу сыпаттарга үндөйт.
- Ислам дини бир гана ишеним жана ибадат эмес, адеп-ахлак, мамилелешүүнү да камтыйт.
- Эки жүздүүлүк, коомго өтө зыяндуу оору сыяктуу, андан узак болуу керек.
- Сөздо чындык, иште аманаттык керек.
 
 
ОТУЗ АЛТЫНЧЫ ХАДИС
 
Абу Хурайра (р.а.) баяндаган хадисте пайгамбарыбыз (САВ) мында деген:
«Кимде-ким бир мусулмандын дүйнөлүк мүшкүлдөрүнөн бир мүшкүлүн жок кылса, Алла Таала дагы андан Кыямат күнү мүшкүлдөрүнөн бир мүшкүлүн жок кылат. Кимде-ким кыйналган адамга жеңилдик көрсөтсө, Алла Таала да ага бул дүйнөдө жана акыретте жеңилдик берет. Кимде-ким бир мусулмандын күнөөсүн жашырса, Алла Таала да Кыямат күнү анын күнөөсүн жашырат. Кул диндеш бир тууганын жардам берсе, Алла Таала да ага жардам берет. Ким бир жолго түшүп, илим издесе, бейишке кетчү жолду жеңилдетет. Бир коом (эл), Алла Тааланын үйу болгон мечиттердин бирөөнө чогулуп, Алла Тааланын китебин окуп, ал жөнүндө маектешсе, ал жерде бейпилдик өкүм сүрөт. Алла Тааланын ырайымы аларды өз кучагына алат. Периштелер ар тараптан аларды тегеректеп алышат. Алла Таала да алар жөнүндө жанындагыларга баяндайт. Кимдир бирөө кылган иши менен артта калса, ата-теги аны алдыга чыгара албайт». (Муслим)
 
Хадистин мааниси:
«Кимде-ким, бир мусулмандын дүйнөлүк мүшкүлдөрүнөн бир мүшкүлүн жок кылса, Алла Таала дагы андан Кыямат күнү мүшкүлдөрүнөн бир мүшкүлүн жок кылат». Бул бирөөгө карыз берүүнүн мустахаб (шариятта жакшы көрүлгөн нерсе) экендигине далил. Бул түргө кедейдин ордуна анын карызын төлөп коюу да кирет. Хадисте баяндалгандай бир мусулмандын күнөө иш жасаганын көрүп калса, аны жашыруу да мустахаб экендигине төмөнкү аят далил: «Албетте, ыйман келтиргендер ортосунда бузукулуктар жайылышын эңсей турган адамдар үчүн дүйнөдө да, акыретте да жан чыдагыс азап бар». (Нур сүрөсү,19-аят).
«Кимдир бирүү кылган иши менен артта калса, ата-теги аны алдыга чыгара албайт», бир адам тектүү үй-бүлөдөн болсо да сооп иш жасабаса, бейишке кире албайт. Пенде Алла Таала алдында тегине карап эмес, кылган ишине карап бааланат. Сооп иштерди аткарган кул кара түстөгү да болсо, курайш уруусунан да болсо, аткарган жакшы иши жок пендеден жогору турат. Алла Таала айтат: «Албетте, силердин Алла алдындагы эң урматтууңар эң такыбаларыңар». (Хужурат сүрөсү, 13-аят).
 
Хадистен алынган сабак:
1 - Ким бир момундун бул жашоо кыйынчылыктарынан бир кыйынчылыгын жеңилдетсе, Алла Таала да ага акырет кыйынчылыктарын жеңилдетип коет.
2 - Ким бир мусулмандын күнөөсүн жашырса, Алла Таала да акырет күнү анын күнөөлөрүн жашырат.
3 - Илим жолу – бейиш жолу.
 
 
ОТУЗ ЖЕТИНЧИ ХАДИС
 
Ибн Аббас (р.а) баяндаган хадисте Алла элчисинин (САВ) Жаратуучусунан баяндаган кудсий хадисте мындай деп айткан:
«Албетте, Алла Таала, жакшылыктарды жана жамандыктарды жазган, андан кийин аларды баяндаган. Ким бир жакшылык жасоого ниет кылып, бирок аткара албай калса, Алла Таала ага толук бир жакшылык сообун жазат. Эгер ал жакшы ишке ниет кылып жана аны аткарса, Алла Таала ага ондон жети жүзгө чейин, балким андан да көп эселенген сооп жазат. Ким бир жамандык жасоого ниет кылып, бирок аткарбаса, Алла Таала ага толук бир жакшылык сообун жазат. Эгерде жамандык жасоого ниет кылып жана аны жасаса, Алла Таала ага жалгыз бир күнөө жазат». (Бухари жана Муслим)
 
Хадистин маанисин ачыктоо:
«Эгер ал жакшы ишке ниет кылып жана аны аткарса, Алла Таала ага ондон жети жүзгө чейин, балким андан да көп эселенген сооп жазат».
Аль-Баззаар баяндаган хадисте пайгамбарыбыз (САВ) мындай деп айткан: «Иштер жети түрдүү, алардан экөө жазасы талап кылынган, дагы башка эки ишке жалгыздан сооп, башка бир ишке он сооп, дагы башка бир амалга жети жүз сооп жазылат жана башка бир амалдын сообунун эсебин бир гана Алла Таала билет».
Жазасы талап кылынган эки иш: ыйман жана ыймансыздык. Ыйман бейишти, ыймансыздык тозокту талап кылат. Ал эми, күнөө же сообу бирден гана жазыла турган иштердин эки түрү: кимде-ким жаман ишти аткарууну ойлоп, кайра андан баш тартса, ага бир сооп жазылат жана кимде-ким жаман иш аткарса, ага бир гана күнөө жазылат. Ал эми жети жүз сооп жазыла турган амал – Алла Тааланын динин көтөрүү үчүн күч жумшоо. Бул жөнүндө Алла Таала Куранда мындайча баяндайт: «Өздөрүнүн мал-дүйнөсүн Алла жолунда сарптаган кайыр-садага кылган адамдар (алардын бул сооптуу иштери кудум) ар бир машагында жүздөн даны болгон жети сабакты өндүрүп чыгарган бир дана данга окшойт». Мында кылынган бир жакшылык жети жүз болуп кайтышы эскертилүүдө.
 
Алла Таала каалаган адамына соопторду нечелеген эсе ашык кылып кайтарат. Алла Таала жоомарттыгы кең, билүүчү. Ал эми жетинчи түрү, б.а., сообунун эсеби бир гана Алла Таалага белгилүү болгон иш бул –орозо. Алла Таала кудсий хадисте мындай дейт: «Адам баласы аткарган иштердин ичинен орозо мен үчүн, анын сообун Өзүм берем».
 
Хадистен алынган сабак:
1 - Жакшы ишке умтулсаң, ал ишти толук аткарган сыяктуу сооп берилет.
2 - Бир жакшы иш үчүн бир канча эсе сооп берилет.
3 - Күнөө ишке ниет кылгандан кийин андан баш тартсаң, бир сооп жазылат.
4 - Бир жаман иш үчүн бир күнөө жазылат.
 
 
ОТУЗ СЕГИЗИНЧИ ХАДИС
 
Абу Хурайра (р.а) баяндаган хадисте Алла элчиси (САВ) мындай деген:
«Алла Таала мындай дейт: «Ким Менин бир олуяма душмандык кылса, Мен ага каршы согуш жарыялай тургандыгым шексиз. Менин кулум, Мен ага парз кылган нерседен башка менен Мага жакын боло албайт.Кулум напиле ибадаттар менен Мага жакындоосун улантса, Мен аны жакшы көрөм. Аны сүйгөндөн кийин, анын уккан кулагы, көргөн көзү, кармаган колу, баскан буту болом. Эгер ал Менден бир нерсе сураса, сөзсүз түрдө каалаганын берем. Мага корголосо, Мен аны сөзсүз коргойм». (Бухари)
 
Хадистин маанисин ачыктоо:
«Алла Таала мындай дейт: «Ким Менин бир олуяма душмандык кылса, Мен ага каршы согуш жарыялай тургандыгым шексиз…». Алла Таала эгер пендеге каршы согуш ачса, ал пендени жок кылат. Ошондуктан инсан бир мусулманга душмандык кылуудан сактануусу керек.
«Менин кулум, Мен ага парз кылган нерседен башка менен Мага жакын боло албайт» бул сөз парз ибадаттардын, напиле ибадаттардан жогору тургандыгына далил. Бир хадисте пайгамбарыбыз (САВ): «Парздын сообу, напиленин сообунан жетимиш эсе көп» деп айтат.
«Кулум напиле ибадаттар менен Мага жакындоосун улантса, Мен аны жакшы көрөм». Аалымдар бул жөнүндө төмөнкү мисалды келтиришет: напилелер менен парздарды кошо аткарган адам менен башка бирөөнүн мисалы; бир адам бирөөгө мөмө сатып алуу үчүн бир дирхам, дагы башка бирөөгө да мөмө сатып алуусу үчүн бир дирхам берсе, бир дирхам алган биринчи адам мөмөнү сатып алып, корзинага салып, ага райкан сыяктуу жыттуу чөптөрдөн салып, кожоюндун алдына алып келип койсо, экинчи адам да баягы бир дирхамга мөмө сатып алып этегине салып келип, кожоюндун алдына алып келип тогуп салды. Экөөнүн тең аткарган иши бирдей эле, бирок бирөө корзина жана жыттуу чөп кошумчалады жана экинчисине караганда кожоюнуна дагы сүйүктүүрөк болду. Ким парзга напиле намаздарды кошуп окуса, Алла Тааалага дагы сүйүктүүрөк болот. Алла Таала эгер пендесин сүйсө, Өзүнө зикир кылууну, баш ийүүнү насип кылат жана ал пендесин шайтан азгырыктарынан коргойт.
 
Хадистен алынган сабак:
1 - Ким Алла Тааланын олуяларына душмандык кылса, Алла Таала ага каршы согуш ачат.
2 - Парз ибадаттар, Алла Таалага эң сүйүктүү амалдардан.
3 - Ким сүннөттөрдү дайым аткарып турса, Алла Тааланын ыраазычылыгын табат.
 
Хадистен чыгарылган өкүмдөр:
- Парз ибадаттар бардык ибадаттардан жогору турат.
- Сүннөттөрдү аткаруу, күнөөлөрдөн алыстатат.
- Алла Тааланын буйруктарына моюн сунган адам Алла Таалага жакын болот.
 
 
ОТУЗ ТОГУЗУНЧУ ХАДИС
 
Ибн Аббас (р.а.) баяндаган хадисте Алла элчиси (САВ) мындай деген:
«Алла Таала үммөтүмүн жаңылыштык кылып, унутуп жана мажбурланып кылган күнөөлөрүн менин урматым үчүн кечирди». (Ибн Мажа, Байхаки ж.б.)
 
Хадистин маанисин ачыктоо:
«Алла Таала үммөтүмүн жаңылыштык кылып, унутуп жана мажбурланып кылган күнөөлөрүн менин урматым үчүн кечирди». Б.а., Алла Таала алардын (үммөтүмүн) кетирген жаңылыштыктарынын, унутуп жана мажбурланып жасаган иштеринин күнөөлөрүн кечирди. Ал эми бул дүйнөдө ким жаңылыштык менен бирөөнүн буюмун бузса же аманатка берилген нерсени унутуп кетип, жоготуп жиберсе, ал аманат же буюм ээсине төлөп бериши керек. Бирок бул түргө ойноштук жана өлтүрүү кирбейт. Бул эки нерсени мажбурлануу менен да аткарууга уруксат жок.
 
Хадистен алынган сабак:
1 - Албетте, Алла Таала унутуп кылган күнөөлөрдү кечирет.
2 - Алла Таала мажбурланып күнөө кылган адамды азаптабайт.
 
Хадистен чыгарылган өкүмдөр:
- Алла Таала бир гана атайылап жасалган иштер жөнүндө сурайт.
- Жогоруда айтылган өкүмдөр бир гана Мухаммеддин (САВ) үммөттөрүнө таандык.
 
 
КЫРКЫНЧЫ ХАДИС
 
Ибн Умар (р.а.) мындай дейт:
«Алла элчиси (САВ) ийнимден кармап туруп, мындай деди: «Сен дүйнөдө (туулган жеринен алыста калган) бир карып же жолдон өткөн жолоочу сыяктуу бол!». Ибн Умар (р.а.) мындай деди: «Кеч кирсе, таңды күтпө, таңга чыксаң, кечти күтпө. Сак-саламат убактыңдын бир бөлүгүн ооруган учуруңа бөл». (Бухари)
 
Хадистин маанисин ачыктоо:
«Сен дүйнөдө (туулган жеринен алыста калган) бир карып же жолдон өткөн жолоочу сыяктуу бол!», б.а. бул дүйнөгө таянба жана бул дүйнөнү түбөлүк мекениң катары эсептебе. Бул дүйнөдө бөтөн жерде жүргөн жана өз мекенине кетүүчү жолоочу сыяктуу бол.
 
Хадистен алынган сабак:
1 - Бул дүйнөнү түбөлүктүү деп эсептебе.
2 - Ден соолукту сооп иштерди аткаруу менен пайдалан.
3 - Түбөлүк бара турган жериңе азык даярда.
 
Хадистен чыгарылган өкүмдөр:
- Тообо келтирүүгө шашылуу.
- Өлүмгө даярдык.
- Убакытты пайдалануу.
 
 
КЫРК БИРИНЧИ ХАДИС
 
Абу Мухаммад Абдулла бин Амр бин Аль-Асс(р.а.) баяндаган хадисте Алла элчиси (САВ) мындай деген:
«Арзуулары менин буйруктарыма туура келмейинче силерден эч кимиңер ыймандуу боло албайсыңар».
«Китабул хужжа» китеби
 
Хадисти баяндаган сахабанын жашоо таржымалы:
Абу Мухаммад Абдулла бин Амр бин Аль-Асс (р.а.) күндүзүн орозо, түнүн намаз окуу менен өткөргөн, такыба, аалым сахабалардан эле. Ал адамдардын ичинен, эң көп хадис жана илим үйрөнгөн. Атасы бул дүйнө менен кош айтышканга чейин Мисирде жашап турушкан. Атасы дүйнөдөн кайткандан кийин Абу Мухаммад Шамга, андан кийин Меккеге көчкөн жана 65-хижрий жылы 72 жашында дүйнөдөн кайткан.
Пайгамбарыбыздан баяндаган хадистердин саны - 700 хадис .
 
Хадистин мааниси:
«Арзуулары менин буйруктарыма туура келмейинче силерден эч кимиңер ыймандуу боло албайсыңар». б.а., адамдын жасаган иштери Куранга жана пайгамбарыбыздын (САВ) сүннөтүнө дал келүүсү керек. Бул хадистин мааниси төмөндөгү аяттын маанисине окшош. Алла Таала Өз сөзүндө мындай дейт: «Алла Таала жана Анын пайгамбары бир ишти өкүм кылган-буйруган убакта бир да момун эркек жана момун аял үчүн (Алла Тааланын өкүмүн таштап коюп) өз иштеринен бир ишти тандоого уруксат эмес».
 
Хадистен алынган сабак:
- Мусулман адамдын аткарган иши Куранга жана пайгамбарыбыздын (САВ) сүннөтүнө дал келүүсү керек.
 
Хадистен чыгарылган өкүмдөр:
 
- Пайгамбарыбызды (САВ) ээрчүүдөн баш тартуу - ыймансыздык жана бузукулук
- Момун мусулман бардык арзуу, каалоолору пайгамбарыбыздын (САВ) сүннөттөрүнө дал келүүсү үчүн тырышуусу керек.
 
 
Бардык нерсенин эң туурасын бир гана Алла Таала билет.
"https://ky.wikipedia.org/wiki/Хадис" булагынан алынды