Галлицизм: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
Created page with "'''Галлицизм''' - варваризмдин бир түрү. Адабий чыгармаларда (орус адабиятында) франц..."
(Айырма жок)

14 май 2012, саат 14:36 учурдагы нуска

Галлицизм - варваризмдин бир түрү. Адабий чыгармаларда (орус адабиятында) француз сөздөрүнүн колдонулушу галлицизм деп аталат. Маселен, А. С. Пушкин Евгений Онегиндин турмушун сүрөттөп, ошол мезгилге мүнөздүү болгон галлицизмди колдонгон. Буга Алыкул Осмоновдун котормосунда төмөнкү мисалды келтирүүгө болот:

Эң кийинки порум менен жасалган, 
Айтаар элем анын сонун сымбатын, 
Биздин коомдун илимпозу астынан 
Толук санап, түрлөрүнүн көп алтын 
Өтөөр элем, жакшы болмок анткенде 
Мен кумармын жана андай милдетке, 
Фрак, жилет, панталондун аттар,
Билип турам алдыңарда айбым бар. 
Анча-мынча кошор элем туш-туштан,
Башка журттун чоочун тилин курдаштар, 
Бирок кантем, бизден бетер ичи тар, 
Биздин улуу «Академик Словарь».

Дал ушул эле строфаны Эрнис Турсуновдун котормосунда окуп көрөлү:

Көкөлөтүп көркөм кийгенин, 
Көңүлдөрдүн бүйрүн бүт ээлеп, 
Жазар элем нечен түрлөрүн, 
Билимдүүлөр коомун күбөлөп, 
Жакшы болмок анда бул кебим, 
Жазуу шексиз, менин милдетим. 
Пантолондор, жилет, фрактар
Орусча жок бирок бул аттар. 
Айыптуумун анан кантейин, 
Ансыз деле жармач сөздөрүм, 
Арзытпаса сөзүн өзгөнун, 
Акын ыры болор анчейин, 
Сөз кошпосо сөздүк не чара? 
Сөздүк эмес, ал бир бечара.

Колдонулган адабияттар

"Кыргыз адабияты энциклопедиялык окуу куралы". Башкы редактор: Ү. Асанов, жооптуу редактор: А. Акматалиев. Бишкек - 2004