Ата - Журттун азаматтары: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
No edit summary
No edit summary
1-сап:
'''"Ата-Журт кыйын күнгө кабылганда,''' '''Айлансын ар бир уулу чагылганга!"''' ''(Жолон Мамытов)''
Айлансын ар бир уулу чагылганга!"'''''(Жолон Мамытов)''
== Сейитбек Идирисов ==
[[File:сейитбек.jpg|thumb|right]]
Ала-Тоого азаттыктын таңы атканы, кыргыз коомчулугунда позитивдүү да, негативдүү да жагдайлар пайда болду. Позитивдүү жагы - элибиз өзүнүн улуттук баалуулуктарына ээ болуп, дүйнө элдеринин арасында улут катары таасын жүзүн көрсөтө баштады. Кыргызстандын Билим берүү жана илим министрлиги уюштурган "21-кылымдын кадрлары" программасынын алкагында таланттуу жаштарга атайын жолдомо берилип, чет өлкөлөрдө билим алууга кеңири мүмкүнчүлүк түзүлдү. Мына ошол чет жерден билим, тажрыйба алып келген жаштар өлкөдөгү башаламандыкты жөнгө салууда маанилүү ролду ойношту. Ал эми негативдүү жагы - социалдык-экономикалык көйгөйлөрдүн айынан карапайым калктын кабыргасы кайышып, турмуш шарты өтө начарлап кетти. өлкөдө жумушсуздуктун айынан ички жана сырткы миграция күчөп, кылмыштуулуктун саны кескин өсүп, билим берүүнүн сапаты түшүп кетти, айрым жоопкерчиликсиз жетекчилер менен адилетсиз бийликтин камчысын чапкан шылуундар өлкөдөгү кырдаалды ого бетер курчутуп, кыйчалыш мезгилде карапайым калктын канын соруп киришти. Элдин бакубат жашоодон үмүтү үзүлүп бараткансыды...
Ушундай кыйчалыш кырдаалда, өлкөдөгү социалдык-экономикалык маселелерди чечүүгө кандайдыр бир деңгээлде салым кошуу максатында, "Ыйык Ата Журт" коомдук жаштар фонду түзүлгөн эле. Мындай өткөөл мезгилде эибизэлибиз эч бир саясий жана материалдык кызыкчылыкты көздөбөй, Ата-Журт үчүн каруусун казык, канын азык кыла турган уул-кыздарга муктаж эле.
Тарыхка[[Тарых]]ка көз чаптырчу болсок, элибиз не деген гана азап-тозокту башынан өткөрбөдү. Бирде сырткы жана ички душмандардын айынан алакандай кыргыз таруудай чачыраса, бирде эл ичинен суурулуп чыккан эр-азаматтар "кулаалы таптап куш кылып, курама жыйып журт кылып"; келишкен. Тарых кайталанып туруучу мүнөзгө ээ эмеспи. Башкача айтканда, тарыхта болуп өткөн окуялардын сырткы формасы өзгөргөнү менен, өзөгү өзгөрбөйт тура. Ошондуктан, ата-бабалар "тарыхын билбеген урпактар тарыхта ата-бабалары туш келген кыйынчылыкка туш болушат" деген осуят калтырышкан окшобойбу. Демек, ар мезгилдин өзүнүн "чагылгандары" чыгышы керек. "Ыйык Ата Журт" коомдук жаштар фондунун түзүлүшүнө түпкүлүктүү элдин мына ушундай терең акылмандуулугу, айкөлдүгү, тунук ыйман-ариети түрткү болгон.
Ал эми Ата-Журтту кыйын абалдан алып чыгуу үчүн өтө терең жана кенен ойлонуу керек эле. Бул үчүн бийликке жетүүгө умтулуунун кереги жок. Балким, өлкөнүн казынасын куруткан жетекчи сөрөйлөр дагы эле майлуу-сүттүү орундарды ээлеп отурушкандыр, бирок, биз аларды сындап отура бербей, биринчи кезекте, өзүбүздү баалап көрүүбүз зарыл. "Ушул өлкөнүн атуулу катары мен эмне иш жасай алдым же жасап жатам?" деген суроого жооп берүүгө тийишпиз. Анткени, "мен таза болсом, сен таза болсоң, коом да таза болот" ([[И. Раззаков]]).
Кийинки кадам: учур бизден эмнени талап кылып жаткан болсо, дал ошону жасашыбыз абзел. Замандын талаптарына маани бербей, эски түшүнүктөрдөн арыла албай жүргөндөр мекенин гүлдөтүп жиберерине ишениш кыйын. Арийне, учур бизден терең билимди, өзгөчө технологиялык жетишкендиктерди тездик менен өздөштүрүүнү, сабаттуу, ыймандуу болууну, жан-дүйнө аруулугуна жетүүнү жана эл аралык тажрыйбаларды кеңири пайдаланууну талап кылып жаткан болсо, демек, биз ишти дал ушул жаатта башташыбыз керек. Башкача айтканда, жалпы коомчулуктун, ар бир атуулдун сабаттуу, жан-дүйнөсү аруу болушу үчүн жан үрөшүбүз керек. Айрыкча жаштарды ар тараптуу жетилтүүнүн аракетинде болушубуз зарыл.
Бул үчүн "биримдик" болушу зарыл. Ким экенине карабай, материалдык мүмкүнчүлүгү барлар акча каражаты менен, билимдүүлөр акыл даремети менен кол кабыш кылып, эл-жерди өткөөл мезгилдин кыйынчылыктарынан алып чыгышы абзел. Эртеңки муундун алдындагы жоопкерчилигибизди жон терибиз менен сезишибиз керек.
 
== Жакындан жардам беришип... ==
"Ыйык Ата Журт" коомдук жаштар фонду Нарын, Ысык-Көл (Каракол), [[Талас]], [[Ош]], [[Жалал-Абад]], Баткен, Балыкчы, [[Токмок]], [[Кызыл-Кыя]] шаарларында өзүнүн аймактык бөлүмдөрүн ачып, жергиликтүү калкка жакындан жардам берүүнү колго алды.
Алардын айрымдарына кыскача токтоло кетели. Бишкекте 110 (500 сом), Нарында 18 (200 сом), Ысык-Көлдө 26 (300 сом), Таласта 10 (300 сом), Ошто 80 (300 сом), Жалал-Абадда 40 (300 сом), Баткенде 9 (300 сом), Токмокто 2 (300 сом), Кызыл-Кыяда 5 (300 сом) студентке ай сайын стипендия берип келүүдө. Таланттуу жаштардын патриоттук сезимин чыңдоо максатында, түрдүү темаларда семинарларды уюштуруп, карылар, жетим балдар, майыптар үйлөрүнө зыярат кылып, коомдук иш-чараларга катышууну салтка айландырган. Андан тышкары, студенттердин жатаканаларын (Бишкектеги "Ынтымак", Оштогу "Достук" жатаканалары), кесиптик билим берүү борборлорун (Нарын мамлекеттик университетинин башкы имаратында, фонддун Ош шаарындагы филиалынын кеңсесинде жайгашкан кесиптик билим берүү борборлору), мектеп окуучуларын жогорку окуу жайларынын кирүү сынактарына даярдоо курстарын уюштуруу (Оштогу "Призма" жогорку окуу жайына даярдоо борбору) иштерин акырындык менен жөнгө салууда. Жыл ичинде белгиленүүчү "Тил күнү", "Студенттер күнү", "Курман айт", "Жаңы жыл", "Аялдардын эл аралык күнү", "[[Нооруз]]" ж.жана б.башка элдик майрамдарга карата маанилүү иш-чараларды уюштурууну да эсинен чыгарбайт.
 
== Бүгүнкүнү болжошуп... ==
Республикалык маанидеги олуттуу иш-чараларды тийиштүү мамлекеттик мекемелер менен бирдикте уюштуруп келүүдө. Мисалы, "Кыргызстандагы билим берүү системасы: кечээ, бүгүн жана эртең" (2007-ж.жыл), "Кыргызстандагы билим берүү системасынын стратегиялык мааниси жана окуу куралдарынын сапаты" (2008-ж.жыл) аттуу илимий симпозиумдарды Билим берүү жана илим министрлиги менен бирдикте уюштурду. Симпозиумдун бардык чыгымдарын фонд өзү каржылап, тандалып алынган докладдардын жыйнагын китеп кылып басып чыгарып, билим берүү мекемелерине жана тийиштүү адистерге акысыз таратты. Кинорежиссёр [[Нурбек ЭгендинЭген]]дин "[[Манастын төрөлүшүнтөрөлүшү]]н утурлай" тасмасына каармандарды тандоого көмөктөшүү максатында, режиссёрду өлкөбүздүн дээрлик бардык аймактарын кыдыртып, жергиликтүү эл менен чыгармачылык жолугушууларды уюштурду (2008-ж.жыл).
 
== Арышты кенен ташташып... ==
2004-жылдын 22-февралында фонддун ошондогу жетекчиси Улан Усупов Бириккен улуттар уюмунун демилгеси менен Таиланддын борбору [[Банкгок шаарындашаары]]нда өткөн "Дүйнө жаштарынын тынчтык саммитине" катышкан. Ал эми 2006-жылдын 10-16-майында Шанхай кызматташтык уюмунун 5 жылдык мааракесине карата онго жакын өлкөнүн делегацияларынын катышуусунда Кытайдын Пекин, Шанхай шаарларында аталган уюмга кирген өлкөлөрдүн жаш лидерлеринин жолугушуусу болуп, ага фонддун ошол кездеги директору Абдилазиз Жолдошов катышып келген.
 
== Келечекти ойлошуп... ==
Line 29 ⟶ 28:
== Бактыбек Жекшенов - коомдук ишмер: ==
[[File:бактыбек.jpg|thumb|right]]
- Жыл өткөн сайын өлкөбүздүн экономикасында[[экономика]]сында, маданиятында[[маданият]]ында жана бүтүндөй саясий-социалдык чөйрөсүндө эбегейсиз интеллектуалдык, илимий дараметке ээ жаштарыбыздын демилгеси маанилүү ролду ойноп бара жатат. Бүгүн коомубузда болуп жаткан олуттуу өзгөрүүлөрдүн чордонунда дал ушул жаштар турат. Учурда көп сандаган жаштар уюмдары, кыймылдары пайда болуп, ар кандай мүнөздөгү жана багыттагы иштерди алпарышууда. Бирок, "Ыйык Ата Журт" коомдук жаштар фонду куру кыйкырык менен алектенген, донорлордун камчысын чапкан көп сандаган уюмдардан айырмаланып турарын айтып кетким келет. 2000-жылы түптөлгөн күндөн тартып эле "Ыйык Ата журт" коомдук жаштар фонду конкреттүү иш-чаралар менен алектенип, бул аракеттер өз жемишин берүүдө.
Учурда мамлекеттик жаштар саясатын ийгиликтүү иш жүзүнө ашырууда, жаш жарандарды инсан катары калыптандырып, өз мекенине кызмат кылган чыныгы уул-кыздарды тарбиялоодо жаштардын коомдук уюмдары активдүү позицияны ээлеши зарыл. Бул багытта "Ыйык Ата Журт" коомдук жаштар фондунун бай иш тажрыйбасы, кылган кызматы башкалар үчүн мыкты үлгү боло алат деп эсептейм.
 
Line 41 ⟶ 40:
[[File:алтынбек.jpg|thumb|right]]
- Таман акы, маңдай тери менен өнүп-өөрчүгөн асылзаттарды көп кылымдык мөмөлүү даракка окшоштурса болот. Эгер мөмө канчалык даамдуу жана ширелүү болсо, анын өтүмдүүлүгү да ошончолук артып, уругу узун элдин учуна жетери айдан ачык. Атүгүл, ал мөмө тек гана азык-түлүккө муктаж пенделердин кара курсагын кампайтпастан, алардын рухий көрөңгөсүн дагы толуктайт. Ал эми болочокто элди мөмөгө карк кылчу дарактын көчөтүн таап, аны "мите курттарга" жедирбей өстүрүү тажрыйбалуу багбанчынын эмгеги менен билимин талап кылат. Ушул өңүттөн алганда, мен эч тайсалдабай туруп, "Ыйык Ата Журт" коомдук жаштар фондун жалпы журт муктаж болгон керектүү көчөттөрдү өстүрүүчү "багбанчылар" бирикмеси же уюму дээр элем. Анткени, алар отургузган тандамал жаш көчөттөр келечекте ширелүү мөмө берерине көзүм жетет. Айрыкча көчөт өстүрүүнүн заманбап ыкмаларын өздөштүрүп алган ушул фонддун "багбанчыларына" суктанам. Демек, кыргыз калкынын тандаган жолу таштак эмес, даңгыр, улан-кыздары жалтак эмес, алгыр болоруна толук ишенем.
Ошондуктан, жаш көчөттөрдү "[[мите курттанкурт]]тан" коргоп, маалында азыктандырып туруу - жалгыз гана "багбанчылардын" эмес, жалпыбыздын милдет-парзыбыз деп эсептейм.
 
== Канагат Алышпаев - "Маалымат технологиялары"; жоопкерчилиги чектелген коомунун башкы директору: ==
Line 48 ⟶ 47:
 
== Айдарбек Жоробеков - Кыргыз Республикасынын өкмөтүнө караштуу Жаштар департаментинин директору: ==
- "Ыйык Ата Журт"; коомдук жаштар фонду Кыргызстандагы башка уюмдардан кескин айырмаланып турат. Себеби, фонд жалаң гана биздин мекендеш жаштарыбыздан түзүлгөн. Коомчулукка кошкон салымы да алгылыктуу. Жүргүзгөн иш-аракеттери көз көрүнөө ишке ашууда. Бүгүнкү күндө түзүлгөн фонддор көбүнчө саясаттын кайсы бир нугуна түшүп алып, же алардын негизинде ачылып, кайра бат эле коомубузда ордун жоготуп жатышпайбы. Ал эми "Ыйык Ата Журт"; коомдук жаштар фонду өз алдынча түзүлүп, саясатка кийлигишпей, чет элдик уюмдардын жардамысыз бутуна туруп, иштеп жатканы - жүрөк сүйүнтөрлүк көрүнүш. өлкөбүздөгү алдыңкы студенттерди колдоп, аларга ай сайын стипендия берип, ар түрдүү сынактарды уюштуруу, жыл сайын Кыргызстандын булуң-бурчундагы ар кыл кесиптин ээлерин чогултуп илимий симпозиум өткөрүү бардык эле уюмдардын колунан келе бербейт. Фонддун өлкөбүздө алган орду абдан чоң жана келечеги кең.<br>
 
Автору: Сейитбек Идирисов
== Интернеттик шилтемелер ==
http//www.google/kg
 
 
[[Category:Кыргызстан]]
[[Category:Коом]]
[[Category:Маданият]]