Цунами: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
Created page with "==Цунами жана жер титирөө== Япониядагы катуу жер титирөө менен коштолгон цунами акыркы жылдары к..."

No edit summary
1-сап:
==Цунами жана жер титирөө==
[[File:1300053228 13270000 (1).jpg|450px|thumb|Жээктеги толкун]]Япониядагы катуу жер титирөө менен коштолгон цунами акыркы жылдары көпчүлүктүн көңүл борборунда болуп келди. «Мындай башка түшкөн кырсыктын алдын алууга, курмандыктардын жана чыгымдардын санын бир кыйла азайтууга мүмкүнбү?» – деген суроого жооп табуу үчүн айрым маалыматтарга таянып, бул табигый кырсыктын келип чыгышын дагы тереңден түшүнүүгө аракет кылуу керек. Ошондуктан, алгач цунаминин келип чыгышынын негизги себептеринин бири болгон [[Жер]] жана анын түзүлүшү, жер титирөө тууралуу маалыматтарга токтолуу зарыл.

[[Жер]] бир нече катмардан турат: тышкы катмар, үстүнкү [[мантия]], [[мантия]], тышкы [[ядро]], ички [[ядро]]. Жердин кыртышы - катуу катмарынын үстүнкү бөлүгү. Ал бири-биринин үстүнө төшөлүп, жылышып турган ар кандай чоңдуктагы [[литосфера]]лык плиталарга бөлүнөт. Алардын кыймылдары плиталардын тектоникасынан көз каранды.

[[Жер титирөө]] - жердин терең катмарындагы массалардын (плиталардын) өз ара кыймылынан улам пайда болгон термелүү. Ал эми анын пайда кылган толкундары [[сейсмикалык толкундар]] деп аталат. Жер алдындагы толкундардын тараган борборун [[фокус]] же [[гипоцентр]] деп аташат. Ал эми ал толкундардын фокустун жогору жагындагы, башкача айтканда, жер бетине тик келип тийгендеги точканы очок ([[эпицентр]]) деп атайт.

12-сап:
* Мындан тышкары, цунамилер адамдар тарабынан жүргүзүлгөн суу астындагы ар кандай жардыруулардын натыйжасында да пайда болот. Мисалы, 1946-жылы [[АКШ]] тарабынан 60 метр тереңдикте жүргүзүлгөн 20 000 тонна тротилдин күчү менен барабар болгон жардырууда пайда болгон толкун 300 метр аралыкта 28 метрге чейин жеткен. Ал эми 6,5 чакырым аралыкта 2 метрге жакын бийиктикте болгон.

==Толкундардын табияты==
[[File:Цунами волны.gif|thumb|right|Инд океаны боюнча тараган толкун]]Жер титирөө учурунда суу түбүндөгү жер кыртышынын вертикалдуу кыймылы, болжол менен алганда, 50 сантиметрдей болот, бирок анын аянты өтө зор - ондогон чарчы чакырым болот. Ошондуктан пайда болгон толкундардын бийиктиги жапыз болгон менен, өтө узун болот жана өтө чоң энергияга ээ болот.

Цунаминин алдында алгач жээктердеги суунун тартылышы байкалат. Канчалык тартылса, толкун да ошончолук бийик болот. Ал эми ачык океанда анын ылдамдыгы 800 чакырым/саатка чейин чыгат. Бул реактивдүү самолёттун ылдамдыгына барабар. Цунами толкундарынын ылдамдыгы √(g*H) формуласы менен аныкталат. Мында g - эркин түшүүнүн ылдамдыгы, ал эми H - толкундун бийиктиги. Ошол эле учурда анын бийиктиги 1 метрден ашпайт жана ал кадимки толкундардан эч айырмаланбайт. Себеби, негизги толкун суунун ичи менен кетет. Ошондуктан кемелер цунаминин алдында ачык деңизге чыгып кетишет. Ал эми эки толкундун аралыгы 100-190 чакырымга чейин болот.

Бороон-чапкындагы толкундарга караганда ошол эле бийиктиктеги цунами кыйраткыч күчкө ээ болуп, көптөгөн чыгымдарды алып келет. Себеби, бороондо пайда болгон толкундардын ылдамдыгынан цунаминин ылдамдыгы жана кинетикалык энергиясы алда канча чоң болот. Экинчиден, бороон-чапкын учурунда жээкке карай умтулган күчтүү толкундар суунун үстүнкү бетинде гана пайда болот. Ал эми цунаминин толкундары сууну деңиздин түбүнөн бери кыймылга келтирет. Ошондуктан, жээк тайыздаган сайын, суу асты менен келаткан толкунду жогору карай түртөт да, суу үстүндөгү толкундун бийиктиги өсөт. Цунаминин толкундары суунун зор массасын жээкке сүрөт.

"https://ky.wikipedia.org/wiki/Цунами" булагынан алынды