Цунами: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
No edit summary
No edit summary
1-сап:
==Цунами жана жер титирөө==
[[File:1300053228 13270000 (1).jpg|450px|thumb|Жээктеги толкун]]Япониядагы катуу жер титирөө менен коштолгон цунами акыркы жылдары көпчүлүктүн көңүл борборунда болуп келди. «Мындай башка түшкөн кырсыктын алдын алууга, курмандыктардын жана чыгымдардын санын бир кыйла азайтууга мүмкүнбү?» – деген суроого жооп табуу үчүн айрым маалыматтарга таянып, бул табигый кырсыктын келип чыгышын дагы тереңден түшүнүүгө аракет кылуу керек. Ошондуктан, алгач цунаминин келип чыгышынын негизги себептеринин бири болгон [[Жер]] жана анын түзүлүшү, жер титирөө тууралуу маалыматтарга токтолуу зарыл.

[[Жер]] бир нече катмардан турат: тышкы катмар, үстүнкү [[мантия]], [[мантия]], тышкы [[ядро]], ички [[ядро]].[[File:Схема цунами.jpg|thumb|300px|right|Цунамини пайда кылуучу жер титирөөнүн схемасы]] Жердин кыртышы - катуу катмарынын үстүнкү бөлүгү. Ал бири-биринин үстүнө төшөлүп, жылышып турган ар кандай чоңдуктагы [[литосфера]]лык плиталарга бөлүнөт. Алардын кыймылдары плиталардын тектоникасынан көз каранды.

[[Жер титирөө]] - жердин терең катмарындагы массалардын (плиталардын) өз ара кыймылынан улам пайда болгон термелүү. Ал эми анын пайда кылган толкундары [[сейсмикалык толкундар]] деп аталат. Жер алдындагы толкундардын тараган борборун [[фокус]] же [[гипоцентр]] деп аташат. Ал эми ал толкундардын фокустун жогору жагындагы, башкача айтканда, жер бетине тик келип тийгендеги точканы очок ([[эпицентр]]) деп атайт.

Жердин төмөнкү катмары калың катмарды түзгөн бир тектүү зат эмес, тескерисинче, бөлүк-бөлүктөрдөн туруп, бири-биринин үстүнө төшөлгөн химиялык курамы ар башка болгон катуу катмарлардан турат. Бул бөлүктөрдүн көлөмү да ар башка, мисалы, узундугу бир нече миң чакырым, бийиктиги болсо 15 чакырымдан 200 чакырымга чейин болот. Мына ошол бөлүктөр, катмарлар гравитациянын жердин өз огунда айлануусунан ж. б. себептерден улам өз ара жылышып-сүрүлүп турат да, мындан улам пайда болгон энергия ал жердеги чыңалууну пайда кылат. Ал чыңалуу энергиясы улам артып отуруп, жетер жерине жеткенде, тоо тектеринин сынып-бөлүнүшүнө алып келет. Мында тоо тектеринин [[потенциалдык энергия]]сы [[кинетикалык энергия]]га айланат да, сейсмикалык толкун түрүндө бардык багытты көздөй тарайт. [[File:Гаваи цунами.jpg|thumb|500px|left|"Жээктеги толкун" Гаваи]]Жогору карай багытталган толкун жердин эң жогорку катмарына жеткенде жер алдынан келген сокку катары сезилет да, ал жерде силкинүүнү пайда кылат.

Ушул эле процесс суу астында да болуп турат. Жер шарынын, болжол менен, 29,2 пайызын кургактык, башкача айтканда, тоо-таш, талаа-түздөр, ал эми 70,8 пайызын деңиз суулары ээлегендиктен, жер титирөөлөрдүн көбү суу алдындагы аймактарга туура келүүсү мыйзам ченемдүү. Мына ошол деңиз-океандардын алдында болгон силкинүүлөр сууда зор масштабдагы толкундарды пайда кылат да, натыйжада кыйраткыч күчкө ээ болгон [[цунами]]лер жаралат.
[[Цунами]] - япон тилинен которгондо - "жээктеги толкун". Бул кубулуш негизинен жер титирөөдөн улам келип чыгат, бирок бардык эле термелүү чоң толкунду, башкача айтканда, цунамини пайда кылбайт. Күчтүү толкундарды магнитудасы 7 баллдан жогорку көрсөткүчтөгү жер титирөөлөр жаратат. Цунамиге биринчи жолу 1586-жылы [[Перу]]да Хосе де Акоста аныктама берген. Ал жерде болгон цунами бийиктиги 20 метрге жетип, жээктен 10 чакырым аралыкка чейин барган.

==Цунаминин пайда болушунун негизги себептери==
[[File:Схема 2 цунами.jpg|thumb|300px|right|Цунами толкундарынын күч алуусу (схема)]]* Суу астындагы жер титирөө, болжол менен, бардык цунамилердин 85 пайызын түзөт. Мында деңиздин алдындагы тектердин вертикалдуу түрдө кыймылга келиши байкалат. Мунун натыйжасында сууда толкундар пайда болот. Илимпоздор да жер титирөөдөн улам пайда болуучу цунаминин күчү канчалык болорун аныктай турган көрсөткүчтөргө ээ болуша элек. Болгону алар жер титирөөнүн [[магнитуда]]сын гана болжолдошот.

* Статистиктер жер көчкүнүн натыйжасында пайда болгон цунамилер ХХ кылымда бардык цунаминин, болжол менен, 7 пайызына туура келерин аныкташкан.

* Суу астындагы [[жанар ТОО]]нун атылышынан улам пайда болгон цунамилер, статистика боюнча, 4,99 пайызды ээлейт. Мында толкундар күчтүү атылуудан гана эмес, кайра анын ордун толтурууга умтулган суунун кыймылынан улам да пайда болот. Мисалы, 1883-жылы [[Кракатау жанар тоосу]]нун атылуусунан улам пайда болгон цунами жалпысынан 5000 кемени талкалап, 36 000 адамдын өмүрүн алып кеткен.

14-сап:
[[File:Цунами волны.gif|thumb|right|Инд океаны боюнча тараган толкун]]Жер титирөө учурунда суу түбүндөгү жер кыртышынын вертикалдуу кыймылы, болжол менен алганда, 50 сантиметрдей болот, бирок анын аянты өтө зор - ондогон чарчы чакырым болот. Ошондуктан пайда болгон толкундардын бийиктиги жапыз болгон менен, өтө узун болот жана өтө чоң энергияга ээ болот.

Цунаминин алдында алгач жээктердеги суунун тартылышы байкалат. Канчалык тартылса, толкун да ошончолук бийик болот. Ал эми ачык океанда анын ылдамдыгы 800 чакырым/саатка чейин чыгат. Бул реактивдүү самолёттун ылдамдыгына барабар. Цунами толкундарынын ылдамдыгы √(g*H) формуласы менен аныкталат. Мында g - эркин түшүүнүн ылдамдыгы, ал эми H - толкундун бийиктиги. Ошол эле учурда анын бийиктиги 1 метрден ашпайт жана ал кадимки толкундардан эч айырмаланбайт. Себеби, негизги толкун суунун ичи менен кетет. Ошондуктан кемелер цунаминин алдында ачык деңизге чыгып кетишет. Ал эми эки толкундун аралыгы 100-190 чакырымга чейин болот.

[[File:Medium 11.jpg|thumb|300px|left|Толкун]]Бороон-чапкындагы толкундарга караганда ошол эле бийиктиктеги цунами кыйраткыч күчкө ээ болуп, көптөгөн чыгымдарды алып келет. Себеби, бороондо пайда болгон толкундардын ылдамдыгынан цунаминин ылдамдыгы жана кинетикалык энергиясы алда канча чоң болот. Экинчиден, бороон-чапкын учурунда жээкке карай умтулган күчтүү толкундар суунун үстүнкү бетинде гана пайда болот. Ал эми цунаминин толкундары сууну деңиздин түбүнөн бери кыймылга келтирет. Ошондуктан, жээк тайыздаган сайын, суу асты менен келаткан толкунду жогору карай түртөт да, суу үстүндөгү толкундун бийиктиги өсөт. Цунаминин толкундары суунун зор массасын жээкке сүрөт.

Толкундардын бийиктиги кубаттуулугунан жана жээктин физикалык түзүлүшүнөн көз каранды. Мисалы, чукул бурулуштагы жээктерде айлампа эффекти пайда болуп, толкундардын бийиктиги бир топ өсөт. Ал эми кумдуу жээктен, тескерисинче, бийиктиги төмөндөйт. Көпчүлүгүнүн бийиктиги 10 метрге чейин жетет.

Цунами толкундарынын таралышы да татаал процесс. Толкундардын ылдамдыгы океандын тереңдигинен көз каранды. Ошондуктан очоктон толкундардын шакек түрүндө таралышы бузулуп, түздөлүп кетет же таптакыр башка форма боюнча таралат, айрым учурда бөлүнүп да кетет. Суу алдындагы жер титирөө цунамини пайда кылуу үчүн, жок дегенде, [[Рихтердин шкаласы]] боюнча магнитудасы 7 баллга жетиши керек. Ар бир жүз жылдыкта өтө чоң кыйроолорду алып келген 6-7 күчтүү цунамилер катталат. Ал эми ар кандай чоңдуктагы цунамилер - жыл сайын болуп туруучу көрүнүш.

==Тарыхтагы эң чоң цунамилер==
[[File:Tsunami dalgalari hawaiiye ulasti3.jpg|thumb|300px|left|Мегацунами, Гаваи...]]* 1952-жылы [[Камчатка]]нын жээгинен 130 чакырым алыстыкта [[Тынч океан]]да магнитудасы 8,5-9 баллга жеткен жер титирөөнүн натыйжасында цунами пайда болгон. Бийиктиги 15-18 метрге жеткен үч толкун Түндүк [[Курильск]] шаарын талкалап, анын айланасына да зор чыгымдарды алып келген. Расмий маалыматтарга караганда, 2 миңден ашык адамдын өмүрүн алып кеткен.

* 1957-жылы Андреяновск аралдарында ([[Аляска]]) магнитудасы 9 баллга жеткен жер титирөөнүн натыйжасында пайда болгон цунами бийиктиги 15 метрге жеткен толкундарды жараткан. Ошол эле учурда 200 жыл тынч жаткан Умнак жанар тоосу кыймылга келип, атылган. үч жүздөй киши каза болгон.

* Аляскадагы эң катуу жер титирөөлөрдүн бири 1964-жылы [[Принц Уильямс]] кысыгында болгон. Магнитудасы 9,2 баллга жеткен бул жер титирөө бийиктиги 67 метрге жеткен толкундарды пайда кылган. Цунамиден өлгөн адамдардын саны жүз элүүгө жеткен.

41-сап:
[[Category:Табигый кырсыктар]]
[[Category:Океандар]]

"https://ky.wikipedia.org/wiki/Цунами" булагынан алынды