Цунами: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
No edit summary
No edit summary
18-сап:
Цунами толкундарынын таралышы да татаал процесс. Толкундардын ылдамдыгы океандын тереңдигинен көз каранды. Ошондуктан очоктон толкундардын шакек түрүндө таралышы бузулуп, түздөлүп кетет же таптакыр башка форма боюнча таралат, айрым учурда бөлүнүп да кетет. Суу алдындагы жер титирөө цунамини пайда кылуу үчүн, жок дегенде, [[Рихтердин шкаласы]] боюнча магнитудасы 7 баллга жетиши керек. Ар бир жүз жылдыкта өтө чоң кыйроолорду алып келген 6-7 күчтүү цунамилер катталат. Ал эми ар кандай чоңдуктагы цунамилер - жыл сайын болуп туруучу көрүнүш.

==Тарыхтагы эң чоң цунамилер==
[[File:Tsunami dalgalari hawaiiye ulasti3.jpg|thumb|300px|leftright|Мегацунами, Гаваи...]]* 1952-жылы [[Камчатка]]нын жээгинен 130 чакырым алыстыкта [[Тынч океан]]да магнитудасы 8,5-9 баллга жеткен жер титирөөнүн натыйжасында цунами пайда болгон. Бийиктиги 15-18 метрге жеткен үч толкун Түндүк [[Курильск]] шаарын талкалап, анын айланасына да зор чыгымдарды алып келген. Расмий маалыматтарга караганда, 2 миңден ашык адамдын өмүрүн алып кеткен.

* 1957-жылы Андреяновск аралдарында ([[Аляска]]) магнитудасы 9 баллга жеткен жер титирөөнүн натыйжасында пайда болгон цунами бийиктиги 15 метрге жеткен толкундарды жараткан. Ошол эле учурда 200 жыл тынч жаткан Умнак жанар тоосу кыймылга келип, атылган. үч жүздөй киши каза болгон.

* Аляскадагы эң катуу жер титирөөлөрдүн бири 1964-жылы [[Принц Уильямс]] кысыгында болгон. Магнитудасы 9,2 баллга жеткен бул жер титирөө бийиктиги 67 метрге жеткен толкундарды пайда кылган. Цунамиден өлгөн адамдардын саны жүз элүүгө жеткен.

* 1998-жылы июль айында [[Жаңы Гвинея]] аралдарынын түндүк-батыш тарабында болгон магнитудасы 7,1 баллдык жер титирөөнүн натыйжасында суу астындагы [[жер көчкү] пайда болуп, цунамини жараткан. Натыйжада 2 миңден ашуун адамдын өмүрүн алып кеткен.

[[File:Zemletriasenie-i-cunami-v-japonii-11-19.jpg|thumb|300px|right|Мегацунами, Япония]]* 2004-жылы [[Инд океаны]]нда магнитудасы 9,3 баллга жеткен катуу жер титирөө катталып, өтө күчтүү цунамини пайда кылган. Мындан бир топ [[Азия]] өлкөлөрү жабыр тарткан: [[Индонезияда]] - 180 000, [[Шри-Ланка]]да - 31-39 000, [[Тайланд]]да - 5 000ден көп адам өлгөн. Жалпысынан алганда, бул цунами 235 миң адамдын өмүрүн алып кеткен. Ал гана эмес, айрым жерлерде жээктин картасынын өзгөрүшүнө себеп болгон.

* 2011-жылдын 11-мартында [[Япония]]да болгон жер титирөөнүн магнитудасы 8,9 баллга жеткен. Очогу [[Токио]] шаарынын түндүк-чыгыш тарабынан 373 чакырым алыстыкта болгон. Мындан пайда болгон цунаминин бийиктиги жээкте 10 метрден ашып, көптөгөн кыйроолорду алып келди. Алынган маалыматтарга караганда, жер титирөөнүн очогу суу астында 24 метр тереңдикте болгон.

==Жаныбарлардагы табигый инстинкт==
"https://ky.wikipedia.org/wiki/Цунами" булагынан алынды