Таш доору: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
No edit summary
1-сап:
'''Таш доору''' – адам коомунун өнүгүшүндөгү тарыхый-маданий мезгил. Бул учурда эмгек жана согуш куралдары негизинен таштан жасалып, жыгач менен сөөк да колдонула баштаган. Анын акыркы баскычында карапа идиштерди жасоо өнүккөн. Таш доору – адамзат тарыхындагы узакка созулган доор, ал адамдын айбанаттар дүйнөсүнөн бөлүнүп чыгышынан башталып (мындан 2,5 млн жылдай мурда), металл пайда болгонго (мындан 8 миң жылдай мурда) чейин созулган. Бул доор маданияттын өнүгүш өзгөчөлүктөрүнө ылайык байыркы таш доору ([[палеолит]]), жаңы таш доору (неолит) жана бул экөөнүн ортосундагы өткөөл доору – ортоңку таш доор – мезолит деп бөлүнөт. Булар да өз алдынча мезгилдерге ажырайт. Таш доору алгачкы жамааттык түзүлүш доорунун көп мезгилин камтыйт.
Учурунда СССРдин аймагында таш дооруна таандык 900дөн ашык эстелик изилденген. Алар Орто Азияда, Казакстанда, Арменияда, Абхазияда, Түштүк Осетияда, Украинада, Молдавияда ж.б. жерлерде кездешет. Кыргызстандын аймагындагы Он-Арча жана Кожо-Бакырган-Сай палеолит "устаканасы" таш доорунун эң байыркы эстеликтерине кирет. Неолит доорунун эстеликтери Крымдын үңкүрлөрүндө, Ока, Жогорку Волга, Днепр, Балтика боюндагы жерлерде тараган. Неолиттин аягында мурдагы СССРдин түштүгүндө, кийин түндүгүндө жез куралдары пайда болуп, энеолит доору башталган.
Болжол менен миллион жыл мурун Түштүк Казакстанда, Борбордук Азияда, анын ичинде азыркы Кыргызстандын аймагында адамдардын үйүрлөрү пайда болгон. Кыргызстандагы эң байыркы адамдардын турмушун ошол кезде жасалып, массалык түрдө пайдаланылган таш куралдары аркылуу билебиз.
Байыркы таш доору палеолиттин биринчи баскычы болгон эрте палеолит учурунда Кыргызстандагы адамдар кадимки эле таштарды бири-бирине ургулап эң жөнөкөй кескичтерди, кыргычтарды, учтуу көзөгүчтөрдү, бычактарды ж.б. жасашкан. Кийинчерээк таштардын түрүн пайдалануунун натыйжасында андан жасалган куралдар акырындык менен өркүндөтүлгөн.
Кыргызстандын аймагынан табылган эң жөнөкөй таш куралдары б.з.ч. 800-10 миң жылдыктарга таандык. Алар Нарын областындагы Он-Арча суусунун жээгинен, Ысык-Көлдө Балыкчы шаарына жакын жерден, [[Кыргызстан]] менен Тажикстандын чек арасындагы Кожо-Бакырган-Сайдан табылган.
Эрте палеолит доорунда Кыргызстандагы адамдар отту пайдаланууну үйрөнүшкөн. Табигаттын татаал шарттарында, куралдардын жөнокөйлүгүнөн улам адамдар жырткыч жаныбарлардан коргонуу жана ири жаныбарларга аңчылык кылуу үчүн адам үйүрү деп аталган майда топторго биригип жашашкан.
Ортоңку палеолит доорунда таш куралдары бир кыйла жакшырган. Бул доорго таандык эстеликтер Ысык-Көл өрөөнүндөгү Тосор суусунун боюнан, Чүй өрөөнүнүн Георгиевка дөңсөөсүнөн, Ош областынын Араван районундагы Сасык-Үңкүрдөн табылган. Алай тоо кыркасындагы Дангирек-Дере капчыгайынан эн байыркы таш талкалоочу жай табылган. Бул өнөрканада кара, боз, жашыл түстөгү кат-кат кремний таштары табигый издери менен жарылып мурдагыдан миздүү, учтуу куралдар жасалган. Бул мезгилде инстинкт боюнча болуп келген коомдук мамилелер аң-сезимдин негизинде өнүгө баштаган. Кыргызстандын эң байыркы тургундары питекантроп менен синантроп типтериңде болгон. Эволюциялык өнүгүшү боюнча "акыл-эстүү адам" – "гомо сапиенс" деп аталган. Алар негизинен аңчылык менен күн көрүп, ар үйурүндө 25-50дөн киши болгон. Өзбекстандагы Тешик-Таш үңкүрүнөн табылган өспүрүмдүн сөөгүнөн мындан 40 миң жыл мурда өлгөндөрдү жерге жашыруу жөрөлгөсү пайда болгонун билебиз.
"https://ky.wikipedia.org/wiki/Таш_доору" булагынан алынды