Аврелий Августин: нускалардын айырмасы
Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
м r2.6.5) (робот кошту: wa:Sint Ogustin |
м r2.7.3) (робот өзгөрттү: my:စိန့်ဩဂတ်စတင်း; косметические изменения |
||
1-сап:
[[File:Augustine_Lateran.jpg|thumb]]Аврелий Августин Блаженный (354—430) орто кылымдын эң ири философу, батыш «чиркөө аталарынын» эң көрүнүктүү өкүлү. Ал орто кылымдагы бүткүл батыш Европалык турмушка өтө күчтүү таасир тийгизген. Августиндин өмүр жылдары Проклдын өмүр жылдары менен кайчылаш өткөн жана кээ бир неоплатониктердин өмүрүнө караганда андан бир кыйла мурдараак мезгилге туура келет. Ошондуктан кээ бир изилдөөчүүлөр анын чыгармачылыгын грек философиясынын нугунда караган жакшы деп эсептешет. А түгүл, Августин христианчылыкка неоплатониктердин эмгектеринин таасири астында манихейчилик аркылуу келген. Августиндин философиясында неоплатониктердин таасири көбүрөөк, бирок анын чыгармаларынын духу антик философиясынын духу менен сыйышпай турган диний дух. Августиндин мекени
Анын философияга болгон кызыгуусу Цицерондун трактаттарын окуунун таасири астында пайда болгон. Августин өзүнөн кийин бай адабий мурас калтырган. Ал ондогон олуттуу чыгармаларды жазган: «Академиктерге каршы», «Жыргалдуу турмуш жөнүндө», «Жандын өлбөстүгү жөнүндө», «Устат жөнүндө», «Эрктин эркиндиги жөнүндө», «Тобо келтирүү», «Кудайдын шаары жөнүндө» ж.б. Өзүнүн философиялык көз карашы боюнча алгач манихейчиликке
Ал христиан диний окуусун жайылтуу боюнча жигердүү иш жүргүзөт, бул болсо анын чыгармачылыгын изилдөөчүлөргө аны «еретиктердин балкасы» деп атоого мүмкүндүк берген. Августиндин диний-философиялык системасы библиялык көз караштын неоплатонизмдин христиан диний окуусу үчүн алгылыктуу болгон жоболору
Кудай дүйнөнү тынымсыз жаратып жаткандыгы жөнүндөгү идея Августинди фатализм концепциясына алып келет, бул августианизмдин мүнөздүү белгиси. Дүйнөдөгү болуп жаткан нерселердин баардыгы жогорку теңирдин — Кудайдын эрки менен ишке ашат, ошондуктан дүйнөдө эч нерсе өзүнөн өзү туулбайт жана эч нерсе өзүнөн өзү өлбөйт. А түгүл өсүмдүктөр менен жаныбарлардын өнүгүшү да Кудайдын эрки менен алдын ала аныкталып коюлган, ар бир жандуу нерсенин төрөлүшүн жана өнүгүшүн трансценденттүү түрдө Кудай аныктайт. Бул болсо Августинди чындыкты иррационалисттик түшүндүрүүгө алып келет, бул түшүндүрүү боюнча жаратылыштын адам түшүнө албаган, сырдуу кубулуштарын толук түрдө Кудайдын эрки аныктайт. Августиндин креационисттик доктринасы жаратылышты жана адамды өзүнчө бир түрдө түшүндүрөт. Августин үчүн органикалык эмес дүйнө жөнүндө айтпаганда
Ошондуктан Кудай өзүнүн идеясына ылайык нерселердин белгилүү тартибин жана формасын түзөт, булар болсо Кудай жараткан ар кандай нерселердин үлгүлөрү болуп саналат. Демек, жамандык — бул өз алдынча турган нерсе эмес, жөн гана жакшылык жок жерде пайда боло турган нерсе. Бул жерде Августиндин дүйнөдө болуп жаткан жаманчылыктар үчүн жоопкерчиликти Кудайдан алып салууга умтулгандыгы көрүндү, анткени Кудайдык идеялар жалаң гана жакшылыктарды жаратат, ал эми жамандыктар материя тарабынан теңирлик образдын бузулушунун жана нерселерде жакшылыктын азайышынын натыйжасында пайда болот. Креационизм проблемасына байланыштуу Августин теологиялык гана мааниге ээ болбостон жалпы философиялык да мааниге ээ болгон убакыт проблемасын да карайт. «Убакыт деген
[[File:Sandro_Botticelli_053.jpg|thumb]]Ал өзүнүн аң-сезимине кайрылып, мындай дейт: Сенден, мен айткандай, убакыттын мезгилдерин өлчөймүн. Менин жанымдан өтүп бара жаткан нерселердин мага тийгизген чыныгы таасирлерин мен убакыт катарында өлчөймүн, мен нерселердин өзүн өлчөбөймүн, тек гана нерселердин менин жанымдан өтүп бара жатып мага тийгизген таасирлерин гана өлчөймүн. Мен убакыттын мезгилдерин өлчөгөн нерселер мына ушулар».Августин өтүп кеткен жана келечектеги убакыттардын жашабай тургандыгы жөнүндөгү проблеманын кыйынчылыгын таасирлерге, акыл-эске жана келечектеги окуяларды күтүүгө таянуу менен чечет. Реалдуу дүйнөдөгү бизди курчап турган нерселердин тез өтүп кетерин жана өзгөрүлүп турарын баса белгилөө менен Августин Кудайдын түбөлүктүүлүгүнө жана анын өзгөрүлбөстүгүнө көңүл бурат. Августин диний ишеним менен акыл-эстин өз ара катышы жөнүндөгү проблеманы да четтеп өткөн эмес. Башка «чиркөөнүн аталарындай» эле Августин да диний ишенимди акыл-эстен жогору коёт. Ал төмөнкүдөй формуланы тутат: «Түшүнүш үчүн ишенемин», бул формула диний ишеним түшүнүүдөн мурда туруш керек деген талапты билдирген. Ишенимди Августин Ыйык китептин кадыр-баркына ишенүү катарында гана эмес, чиркөөнүн кадыр-баркына да ишенүү катарында түшүнгөн. Бирок тааным маселесинде ал рационализмге көбүрөөк оойт. Предметтерди сезим аркылуу кабыл алууга боло тургандыгын таануу менен, Августин ошол эле учурда мунун баары өз денеси жөнүндө дайыма камкордук көрө турган жандын иш-аракетинин натыйжасында болуп турат деп ойлойт.
Албетте, Августинде таанымга рационалдуу мамиле жасоонун данеги бар, бирок миң жылдар менен бөлүнүп турган бул жоболорду бирдей деп билүүгө болбойт, анткени Августиндин жобосунда Декарт « Сogitoсуна» берген маани камтылган эмес. Мындан башка да бул жобону таанымда Кудайдын чыгармачылыгына жана Кудайдын кийлигишүүсүнө биринчилик маани берген августианизм системасына таянып кароо керек.
Адам жердеги жыргалчылыкка умтулат, менменсинет, дүйнөдө Кудайдын жардамысыз эле жашап, бардык нерсеге өзүм эле жетише алам деп ойлойт. Адамдардын көпчүлүгү күнөөлүү жорук-жосундарды Кудайдын жазмышы боюнча жасашат. Аз гана адамдар өтө таза актык иштерди жасашат, бирок муну алар өзүлөрүнүн ак ниеттүү ыктыяры менен эмес, Кудайдын күн мурдатан белгилеп койгон буйругу боюнча жасашат. Демек күнөөлүүлөрдүн көпчүлүгү Бейишке чыгабыз деп үмүттөнүшпөй эле койсо болот, анткени аларга Кудайдын ырайымы тийген эмес. Кудайдын жазмышы деген түшүнүк муну билдирет: адамды жакшылыкка Кудайдын эрки багыттап турат, ал эми күнөөгө болсо адам өз эрки менен кабылат. Өзүнүн доктринасын Августин пелагианчылыкка — монах Пелагий жактаган агымга каршы күрөштө өнүктүргөн. Пелагий Адам-атанын биринчи күнөөсүнүн мураска өтүүчүлүгүн жана ушундан улам бүткүл адамзаттын бузулгандыгын танган. Адам баласы чыны менен эле эркиндикке ээ, бул болсо ага жакшылыктын жолу менен же жамандыктын жолу менен барууга мүмкүндүк берет жана бул жерде эч кандай Кудай жазмышы жок. Пелагий Кудайдын ырайымын адамга, анын жакшы иштерине ылайык Кудайдын берген жардамынан көргөн. Мунун баарын Августин жана чиркөө кабыл ала алган эмес, анткени муну менен чиркөөнүн бийлигине жана кадыр-баркына доо кетмек. Пелагианчылык акыр аягында чиркөө тарабынан айыпталган. Августиндин моралдык доктринасынын түпкү башаты
Августин муну өзүнүн жеке турмушу менен далилдеген, ал христиан динин кабыл алардын алдында өзүнүн сүйгөн жубайын жападан жалгыз баласы менен үйүнөн кууп жиберген. «Адам Кудайга карап жашабай адамга карап жашаганда ал шайтанга окшойт» - деп жазган Августин «Кудайдын шаарында» [XIV, 4]. Августиндин мораль жөнүндөгү окуусунун аскетизми дал ушундан келип чыгат, бул окуу боюнча такыбачылык карапайым адам жашап, пайдаланган көптөгөн нерселерден баш тарткандыкта турат. Эллиндик философиянын негизги жоболоруна ылайык Августин адам өмүрүнүн максаты — адамдын бактылуу болушу, ал бул бакытка Кудайды
Биринчи доор Адам-ата менен Ева-эненин балдарынан башталат да топон сууга чейин уланат, ал эми акыркы доор Христостун келиши жана христианчылыктын пайда болушунан кийин башталып, Христостун экинчи келиши жана акыр заман менен аяктайт. Августин үчүн ааламдагы болуп жаткан бардык нерселер эки дүйнөнүн: Кудай дүйнөсү менен жердеги дүйнөнүн ортосундагы күрөш менен аныкталат. Муну менен Августин Кудай жана жаратылыш дуализмин коомдун өнүгүшүнө колдонот. Кудай дүйнөсү Кудайдын ырайымы тийген, бейишке чыга турган такыбаа адамдардан турат, ал эми жер дүйнөсү күнөөлөргө батып жашоого өкүм кылынгандар кирет. Биринчи дүйнөдө өзүнүн жашоо турмушунда Кудайды сүйүп, ага берилген такыбаа адамдар, экинчисинде Кудайды унутуп койгондор жашайт. Бирок жердеги коомдо такыбаалар менен күнөлүүлөр аралашып кеткен, б.а. Кудай дүйнөсү жер дүйнөсү менен биригип кеткен. Августин коомдогу жер дүйнөсү
Августин чиркөөнү
== Маалымат булактары ==
[http://bizdin.kg/books/item/178-philosofy ''Блинников Л.В.'' Философтордун кыскача сөздүгү. - Б.: 1997, ISBN
[[Category:Философия]]
[[Category:Персоналия]]
Line 87 ⟶ 88:
[[mr:हिप्पोचा ऑगस्टीन]]
[[mt:Santu Wistin]]
[[my:စိန့်ဩဂတ်စတင်း]]
[[nds:Augustinus]]
[[nl:Augustinus van Hippo]]
|