Гассенди, Пьер: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
Created page with "300px|thumb|right|Гассенди, Пьер Пьер Гассенди (1592—1655) — Жаңы замандагы антисхоластика..."
 
No edit summary
3-сап:
== Кыскача өмүр баяны ==
Ата-теги боюнча дыйкан үй-бүлөдөн чыккан, Экс-ан-Прованстагы университетти бүтүргөн, бирок андан кийинки бүткүл өмүрүндө дин кызматчысы болгон. Ошол мезгилге ылайык кеңири философиялык жана илимий билим алган, математикага, астрономияга кызыккан. Өз мезгилиндеги көптөгөн интеллектуалдар менен, алардын ичинде Мерсенндин ийрими менен тааныш болгон. Бир нече философиялык эмгектерди, алардын ичинде Декартка каршы эмгекти жазган. Анын «Метафизикалык ой жүгүртүүлөргө каршымын» деген эмгегине Декарт жооп кайтарганда Гассенди кайра дагы «Каршы жоопту» жазат. Анын калем сабына ошондой эле «Аристотелчилерге каршы парадоксалдуу көнүгүүлөр...», «Эпикурдун философиясынын жыйнагы» деген чыгармалар таандык. Гассендинин эң маанилүү эмгеги — «Философиянын системасы».<br />
[[File:pierre gassendi.jpg|thumb]]
== Чыгармачылыгы ==
Өзүнүн чыгармаларында Гассенди эч нерсе бербей турган схоластикалык философиялык ой жүгүртүүлөргө эпкиндүү каршы чыгат. Аристотелдин терең ойчулдугуна тийиштүү баа берүү менен, схоласттар идолго айландырып жиберишкен Аристотелдин идеяларын сынга алып, Аристотелдин мааниси өтө апыртылып жиберилген деп эсептейт.