Гассенди, Пьер: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
No edit summary
No edit summary
10-сап:
== Картезиянын идеялары тууралуу ==
Гассенди Картезиянын ([[Декарт, Рене|Декарттын]]) идеялардын тубасалыгы жөнүндө окуусуна каршы чыккан. Ал математикалык түшүнүктөр да тажрыйбадан келип чыгат, ал эми геометриялык аксиомалардын тубасалыгын көрсөтүү үчүн Декарт таянган ачыктык жана тактык бар болгону адашкандык гана болуп саналат, анткени убакыттын өтүшү менен адегенде ачык болуп көрүнгөн идеялар кийин күңүрт болуп калышы мүмкүн.
Гассенди Эпикурдун философиясын кайрадан калыбына келтирүүгө аракеттенет. Өзүнүн бул аракетинде негизинен христианчылыктын алдында эпикуреизмди актоону каалагандыгын жетекчиликке алган. Ошондуктан Гассендинин окуусунда анын этикалык көз караштары борбордук орунду ээлейт. Ал [[Гегел, Георг Вилгелм Фридрих|гедонизм]] жөнүндөгү эпикурдук окуу туура талкууланып түшүндүрүлгөн эмес деп эсептейт. Бул баарынан мурда жыргал түшүнүгүнө тийиштүү, муну сезимдик жыргалчылык катарында эмес, бакытка умтулуу катарында түшүнүү керек. Адам жетекчиликке ала турган башкы изгилик бул акыл-эстүүлүк. Мындан Гассендинин башкы корутундусу келип чыгат: «Бакыт философиясы дегенибиз — бул ден-соолуктун философиясынан башка эч нерсе эмес» [Чыг. 1-т. 318-6.]. Өлүмдөн коркпоону бактылуу жашоонун негизги шарты деп эсептеп, Гассенди: өлүм өлгөндөргө да, тирүүлөргө да азап алып келе албайт деген жобого таянуу зарыл дейт.