Алай тоо кыркасы: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
No edit summary
м r2.7.3) (робот кошту: de, en, eo, es, et, fi, fr, hi, hy, it, kk, lt, nl, no, pl, pt, ru, sv, uk; косметические изменения
1-сап:
[[FileФайл:13.PNG|250px|thumb|right|Алай, Кырка тоо]]Алай, Кырка тоо - Алай–Түркстан тоо системасына кирет. Кеңдик багытта 350 кмге созулуп жатат. Орточо жазылыгы 70– 80 км (Фергана өрөөнүнө чейин), эң бийик жери 5539 м (батышында Тамдыкул чокусу). [[Тоо]] орографиялык жактан кескин айырмаланган 3 бөлүктөн турат. Батыш бийик бөлүгүндө тоонун түндүк капталы [[Кыргызстан|Кыргыз Республикасына]] карап, негизинен Сох д-нын алабын камтыйт; мында бийик чокулуу мөңгүлөр арбын. Кыры аска-зоокалуу келип, 4500–5000 м бийиктиктен жогору жатат. Тоонун түндүк капталы жазы (60–70 км), терең капчыгайлуу өрөөндөр (Кожашкан, Сох жана башкалар) менен тилмеленип, Жетикөл (бийик чокусу – 4079 м), Коргон (5100 м), Кулдуктоо (5016 м), Куруксай (5147 м), Тескей (3690 м) тоо тармактарынан турат. Ортоңку бөлүгү Исфайрамсай, Акбуура, Талдык (түндүгүндө), Кызылсуу (түштүгүндө) сууларынын алабын камтып, ири мөңгүлөр (Егоров, Дугов, Ливинский, Федченко, Гезарт, Агарт, Сарымогол, Кайыңды) жайгашкан. Кыры аскалуу, негизинен 4300–4600 м бийиктикте жатат.
 
Тоонун түндүк капталы (жазылыгы 70– 80 км) Фергана өрөөнүнө жантайыңкы, баш жагында терең капчыгайлуу кенен өрөөндөр (Кичи Алай, Сурматаш, Исфайрамсай, Шаймерден жана башкалар) арбын. Түндүгүндөгү тоо тармактары: Коллектор (эң бийик жери – 5259 м), Кичи Алай (4933 м), Актөр (4501 м), Жоожатты (4048 м), Гаузан (3273 м), Ярунтуз (3670 м), Олоконтоо (4629 м), Талдык (4237 м), Текесекирикбел (2913 м) жана башкалар Түш капталы Алай өрөөнүн карай тик түшөт, кыска (10–15 км); кокту-колоттор, майда капчыгайлар, Текелик (эң бийик жери 5727 м), Каратепе (3794 м) сымал тармактары бар. Чыгыш жапыз бөлүгү Куршаб, Көксуу (Чыгыш), Алайкуу-Тар сууларынын алаптарын ээлейт. Мында мөңгүлөр азайып, чокулары жапыздайт да түндүк-чыгышта Какшаал–Фергана тоо тоомдоруна такалат. Кыры 3900–4300 м бийиктикте жатып, капталдары тик; кыска жана терең капчыгайлуу ири өрөөндөрү [Гүлчө, Көксуу (Чыгыш), Алайкуу жана башкалар], Теректоо (эң бийик жери 4767 м), Көкбулак (4039 м), Алайкуу (4733 м) сымал тоо тармактары бар. Алай кырка тоосу генезистик тиби боюнча горст-антиклиналь; герцин бүктөлүүсүнөн пайда болгон. Батыш жана ортоңку бөлүктөрүнөн тоого жарыш жаткан, чыгышынан түштүктөн түндүккө багытталган тектон. жаракалар өтөт.
 
Тоонун геологиялык түзүлүшү өтө татаал: батыш жана ортоңку бөлүктөрү силур, девон жана карбондун калыңдыгы 1500–3000 мге чейинки кумдук, кремнийлүү жана көмүрлүү сланец, гнейс, доломит, алевролит, акиташ, порфирит, туф, диабаз, полимиктүү жана акиташ тектүү конгломерат; чыгышы юранын калыңдыгы 3300 мге чейин жеткен конгломерат, гравелит, аргиллит тектеринен турат. Аларды айрым жерлерде (Кичи Алай, Кайыңды тоолору) гранит, гранитдиорит, сиенит интрузиялары жиреп чыккан. Тоо этектери (адырлар жана бөксө тоолор– Папан, Отузадыр, Катыраңтоо жана башкалар) жана өрөөндөрдүн тамандары палеоген, неоген жана антропоген мезгилдеринин калыңдыгы 200 мге чейинки чөкмө тектери (чопо, кум, мергель, майда таш, шагыл) жана мөңгү шилендилери менен капталган. Алай кырка тоосунда сымап, сурьма, темир, боксит, вольфрам, висмут, полиметалл, мышьяк, көмүр жана башкалар кендери бар. Алардын айрымдары өнөр жайлык мааниге ээ.
 
Тоонун климаты жана ландшафты бийиктик алкактуулук закон ченемине ылайык өзгөрөт. Климаты негизинен континенттүү келип, жапыз тоолуу бөлүгүндө июль айынын Орточо темп-расы 20–23°С, январдыкы – 3... – 5°С; орто бийиктиктеги бөлүгүндө июлдуку 14–16°С, январдыкы – 5... – 7°С; бийик тоолуу бөлүгүндө июлдуку 9–10°С, январдыкы – 16... – 18°С. Жылдык жаан-чачыны 300–400 мм. Ири суулары: Сох, Исфайрамсай, Аравансай, Акбуура, Гүлчө, Алайкуу-Тар (түндүк капталында), Кызылсуунун куймалары (түштүгүндө). түндүк капталына кургак талаа жана талаа (2000– 2200 м бийиктикке чейин), шалбаалуу талаа жана бийик чөптүү шалбаа (2600–2800 кмге чейин), жыш өскөн арча токойлуу шалбаа жана бадал аралашкан сейрек токой шалбаалуу талаа (2900–3100 мге чейин), субальп, альп шалбаа жана сейрек бетегелүү талаа (3500–3600 мге чейин), андан жогору бийик тоо тундралуу талаа жана нивалдык-гляциалдык ландшафт алкактары мүнөздүү. түштүк бетинде бийик тоолуу кургак талаа жана шалбаалуу талаа ландшафты басымдуу.
 
Алай кырка тоосунун чарбачылыкта мааниси зор: ири мөңгүлөрү жана түбөлүк кар алкагы Фергана жана [[Алай]] өрөөндөрүнө карай аккан сууларды толуктап турат; тоо тармактары жана капчыгай-өрөөндөрү малга жайыт катары пайдаланылат. Ашуулары: Талдык (3615 м), Карагушхана (3903 ж бийиктикте), Жаңыдаван (4379 м), Караказык (4495 м), Кайыңды (3997м), Теңизбай (2627 м), Текесалды (4072 м), Жиптик (4175 м), Шартдаван (3954 м). Талдык ашуусу аркылуу эл аралык маанидеги [[Ош]] – Хорог авт. жолу өтөт. Алай деген аттын келип чыгышы жөнүндө к. Жергиликтүү географиялык терминдер бөлүмүндөгү Ала макаласын.
 
== Колдонулган адабияттар ==
* [http://www.bizdin.kg/elib/kitepter/pdf/geogr_ensclp.pdf Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Кыргызстандын географиясы.] ISBN 9967-14-006-2 <br />
 
[[CategoryКатегория:Кыргызстан]]
[[CategoryКатегория:Кыргыз таануу]]
[[CategoryКатегория:Илим]]
[[CategoryКатегория:География]]
[[CategoryКатегория:Баткен облусу]]
[[CategoryКатегория:Дүйнө]]
[[CategoryКатегория:Борбордук Азия]]
[[CategoryКатегория:Тоо]]
[[CategoryКатегория:Түштүк Кыргызстан]]
[[CategoryКатегория:Тумар-2011]]
 
[[de:Alai-Gebirge]]
[[Category:Түштүк Кыргызстан]]
[[en:Alay Mountains]]
 
[[eo:Alaj-Montaro]]
[[Category:Тумар-2011]]
[[es:Montañas Alai]]
[[et:Alai ahelik]]
[[fi:Alaivuoret]]
[[fr:Monts Alaï]]
[[hi:अलाय पर्वत शृंखला]]
[[hy:Ալայի լեռնաշղթա]]
[[it:Alaj]]
[[kk:Алай жотасы]]
[[lt:Alajaus kalnagūbris]]
[[nl:Alaigebergte]]
[[no:Alaj]]
[[pl:Góry Ałajskie]]
[[pt:Alai]]
[[ru:Алайский хребет]]
[[sv:Alajbergen]]
[[uk:Алайський хребет]]