Вольтер: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
м r2.7.3) (робот кошту: ru:Вольтер; косметические изменения
No edit summary
9-сап:
== Динге карашы ==
Вольтердин философиялык ой-пикирлери анын динге тескери көз караштары менен тыкыс айкалышып турат. Католик чиркөөсүнө каршы күрөшү анын өтө кыска түрдө: «Арамзаны жанчып салгыла!» Деген сөзүндө аныкталган. Өзүнүн чыгармаларында Вольтер диндин система катарында негизсиздигин көрсөткөн. Бирок ал биздин дүйнөнү Жаратуучу катарында Кудайга ишенүүнү толугу менен танбай, деизмдин позициясында кала берген. Анын пикири боюнча, диндин булагы — түркөйлүк жана алдамчылык. Ал алдамчы менен келесоо экөө жолугушкан учурда дин пайда болгон деп эсептейт. Ошол эле убакта ал дин керек, диний ишеним — адамдардын жүрүш-турушун теске салып тура турган күч деп эсептеген. Ал мындай дейт: «Эгерде Кудай жок болсо, аны ойлоп табуу керек эле». Вольтер «Кандидде» Лейбництин алдын ала түзүлүп коюлган гармония жөнүндөгү теориясын сынга алып, турмушту өзгөртүү үчүн жана алда канча адилеттүүрөөк тартипти орнотуу үчүн адамдар турмушка кийлигишүүгө тийиш деп эсептеген.<br />
Вольтер Декарттын, Спинозанын, Лейбництин рационалисттик көз караштарына өтө сын көз менен карап, [[Тубаса идеялар|тубаса идеялар]] концепциясын тааныган эмес. Ошол эле убакта ал Локктун сенсуализмин кабыл алып, аны кеңири жайылтып түшүндүрүүгө умтулган, ошентсе да туюу — сезим булактарына көз каранды болбогон шексиз акыйкаттардын бар экендигин моюндаган. Адам жаны — бул субстанция эмес, биз аны эч качан кабылдай албайбыз. Биз бар болгону психикалык көрүнүштөрдү жана жөндөмдүүлүктөрдү гана билебиз. Адамдар интеллекти өнүккөн, бирок инстинкти начар акыл-эстүү жаныбарлар экендигин моюнга алуу жакшы.<br />
== Детерминизм жөнүндө ==
Вольтер жаратылышта детерминизм жашап турат деген позицияны туткан, биздин аң-сезимибиздин туюм-сезим органдарыбыздын түзүлүшүнө байланыштуу экендигин далилдеген. Ойломду материянын атрибуту деп тааныган, ал эми дүйнөнүн дүр-түркүмдүүлүгүн ушул дүр-түркүмдүүлүктүн булагы катарында карала турган «бүткүл дүйнөлүк акыл-дээрдин» кудурети менен түшүндүргөн. Этикада ал моралдык нормалардын тубасалыгына жана алардын шарттуулугуна да каршы чыккан. Ал ошондой эле «адеп-ахлактын алтын эрежесин» негиздеген: «Башкалардын сага кандай мамиле жасаарын кааласаң, өзүң да аларга ошондой мамиле жаса».<br />
"https://ky.wikipedia.org/wiki/Вольтер" булагынан алынды