Абстракция: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
No edit summary
No edit summary
1-сап:
'''''Абстракция''''' (лат. abstraktio) – таанып-билүүнүн диалектикалык жолунун этаптарынын бири; кубулушту, процессти үйрөнүүдө анын олуттуу эмес белгилери эске алынбастан, жөнөкөйлөштүрүп «таза түрдө» кароо ыкмасына негизделген изилдөө методу. "'''Философиялык көз караш:''' '''Абстрактуу''' - чагылдырылган, кабылдаган предметти, [[Кубулуш|кубулушту]] башка предметтен бөлүп алган учур. (Мисалы: «[[Москва|Москванын]] кооздугу» же [[Пушкин, Александр Сергеевич|Пушкиндин]] [[Гений|гениалдуулугу]]»"
 
''Балада алгачкы абстракция анын күндөлүк аракетинде калыптанат.'' Мисалы, эки жашка чейинки бала өңү бир түстөгү ар түрдүү оюнчуктардын ар башка экенин ажырата албайт же тескерисинче, ар башка түстө боёлгон оюнчуктардын бирдей экенин түшүнбөйт. Бирок чоңдордун жардамы менен тиешелүү предметтик аракеттерди өздөштүрүп, бала оюнчуктардын түстөрүнө байланышкан анын касиеттеринен тез эле абстракцияга өтөт, кандай түстө боёлгондугуна карабастан күрөкчө менен кум салып ойнойт.
9-сап:
*2) туюу органдарынын жардамы менен сезилбестен ойдон куралып сөз аркылуу түшүнүктү пайда кылуучу абстракция жаңы окуу материалын өздөштүрүүнүн биринчи этаптарында сезилүүчү абстракция өтө зарыл, анткени ал көргөзмөлүү, далилдүү жана ишенимдүү болот.
Окуу процессинде абстракциянын ар кандай деңгээли пайдаланылат, мунун өзү окуучулардын реалдуу чындыкты диалектикалык көз карашта үйрөнүү жөндөмдүүлүгүн арттырат. Мисалы, [[математика]] сабагында окуучуларга сандар – булар конкреттүү буюмдардын абстракциясы, тамгалар болсо сандардын абстракциясы, көптүктөр – тамгалардын абстракциясы ж.б. экендигине жана бул абстракциялардын улам кийинкиси улам мурдакысына салыштырмалуу жогорку даражадагы абстракция экендигин көрсөтүү алардын жалпы математикалык кругозорунун өсүшү үчүн өтө пайдалуу.
 
== Колдонулган адабияттар ==
"Кыргыз педагогикасы: энциклопедиялык окуу куралы". Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Башкы редактор Ү.Асанов, жооптуу редактор И.Бекбоев. Бишкек - 2004. УДК 37.0 ББК 74.00я2 К 97
 
* Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Философия (энциклопедиялык окуу куралы).-Б.: 2004,ISBN 9967-14-020-8
 
[[Category:Философиялык терминдер]]
 
"https://ky.wikipedia.org/wiki/Абстракция" булагынан алынды