Аверроэс: нускалардын айырмасы
Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
AvocatoBot (талкуу | салымы) м r2.7.1) (робот өзгөрттү: bs:Ibn-Rušd |
No edit summary |
||
1-сап:
[[File:AverroesColor.jpg|thumb]]'''
Ал философия менен дин өзүлөрүнүн ой жүгүртүүлөрүнүн багыты боюнча ото окшош экендигин көрсөтөт. «[[Философия]] — диндин жолдошу жана эмчектеш карындашы... Алар жаратылышы боюнча жолдоштор, маңызы жана тубаса жакындыгы (шыгы) боюнча достор» (Цитата төмөнкү эмгектен келтирилди: Сагадеев А.В. Ибн Рушд. М., 1973. 198-6.). Философиянын да, диндин да изилдөөсүнүн предмети [[Кудай]], бирок ал жөнүндө алар таптакыр эки башка усул менен ой жүгүртүшөт. Эгерде дин Кудан жөнүндө Курандагы образдуулукту пайдаланып, корком сөздөр менен ой жүгүртсө, философия далилдөө жолун, б.а. көбүрөөк адекваттуу жолду пайдаланат. Бирок, бул дин менен философиянын ортосунда карама-каршылык бар дегендикти билдирбейт. Жон гана дин Куранда берилген сөзмө сөз маанини таанып-билет, ал эми философия болсо Курандын текстинин ички маңызын таанып-билет. Философия акыйкатка ыйык тексттерди аллегориялык түрдө талкуулоо жолу менен жетишет. Аверроэске рационализм мүнөздүү болсо да ал Абелярга окшоп бардык диний догматтарды философиялык жактан негиздөөгө умтулбастан, дүйнөгө жана адамга тиешеси бар жалпы жоболорду гана философиялык негиздөөгө умтулган. Аверроэс ошондой эле бүткүл орто кылым мезгили үчүн борбордук маселе болгон бытье маселесин: дүйнө түбөлүк жашап келгенби же аны Кудай жаратканбы деген маселени да карап чыгат.
Аверроэстин көз карашы боюнча материалдык дүйнө түбөлүктүү болуп келген, Кудай да түбөлүктүү нерсе, бирок ал дүйнөнү жараткан эмес. Дүйнөнүн пайда болушунун креационисттик концепциясын четке кагуу менен Аверроэс Кудайды биринчи кыймылдаткыч кагары караган аристотелдик түшүнүктөн баш тартпайт. Ал ошондой эле Кудайга караганда төмөн турган жана асман чөйрөлөрүн кыймылга келтирүүчү күчтөрдүн пайда болушун түшүндүргөн платондук эманацияны да тааныйт. Бытьенин түпкү себеби — Кудай, ал иерархиянын эң чокусунда турат жана ал өзүнөн өзү ой жүгүртө турган ойлом болуп эсептелинет. Материя формалардын туруктуу мүмкүнчүлүгү катарында жашайт, формалар болсо материядан пайда болот: материя менен форма, Аверроэс үчүн бөлүнгүс нерселер жана алар бир бүтүндүктү түзөт. Индивидуалдуу жандар (души) түбөлүктүү эмес, анткени алар дене менен кошо өлөт. Аверроэстин этикасы, адам жакшылыктарды өзүн тиги дүйнөдө Тозок күтүп турганына же Бейиш күтүп турганына карабастан өзү туткан жобого ылайык өзү жаратат деген окууга негизделет.
|