Вильгельм Вундт: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
Created page with "'''ВУНДТ Вильгельм''' (1832–1920) – немец психологу, физиологу ж-а философу. Лейпцигде 1879-ж. дүйнөдө би..."
(Айырма жок)

11 июнь 2012, саат 07:59 учурдагы нуска

ВУНДТ Вильгельм (1832–1920) – немец психологу, физиологу ж-а философу. Лейпцигде 1879-ж. дүйнөдө биринчи эксперименталдык психологиянын институтун негиздеген. Кийин ал эксперименталдык психологиянын эл-аралык борборуна айланган. Логика, метафизика, этиканы изилдегени м-н көпчүлүк убактысын психологиянын маселелерин изилдөөгө арнаган. Анын психологиялык көз караштарынын негизин психофизикалык параллелизм түзөт. Метафизикалык, өзүнө бардыгын камтыган, реалисттик негизделген, идеализм м-н бүткөн дүйнө-таануунун өкүлү. Анын пикирине ылайык, философия, башка илимдердин жардамы м-н ачылган жалпы натыйжаларды бирдиктүү, карама-каршылыксыз системага салуу максатын койгон универсалдуу илим. Рух чөйрөсүндө жаратылыштын бардык кубулуштары карамагында болгон себеп ж-а натыйжанын эквиваленттүүлүгүнүн ордунда, рухтун чыгармачылык күчү көрүнүп турган, энергиянын көбөйүү мыйзамы аракеттенет. Дүйнө – бул рухтун максатка ылайыктуу өнүгүшү, ошондуктан аны кудайдын дүйнөлүк ыктыяры катары кароо зарыл деп эсептеген.