Гумбольдт, Вильгельм: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
Created page with "'''Гумбольдт, Вильгельм''' (1767–1835) – немец философу, тилчи, мамлекеттик ишмер. Анын негизги эмгект..."
(Айырма жок)

11 июнь 2012, саат 10:09 учурдагы нуска

Гумбольдт, Вильгельм (1767–1835) – немец философу, тилчи, мамлекеттик ишмер. Анын негизги эмгектери – «мамлекеттик ишмердиктин чеги жөнүндө» (1792), «Гетанын Герман ж-а Доротей эпосуна обзор» (1799), «Тарыхчынын милдети жөнүндө» (1821), «Ява аралындагы кави тили жөнүндө» (1836–39). Канттын философиялык окуусун кабыл алганы менен Гумбольдт аны коомдук тарыхтын материалында конкреттештирип жатып, объективдүү материализм жагына оогон. Гумбольдтун ою боюнча, дүйнөлүк тарых рухий күчтүн натыйжасы болуп саналат. Гумбольдт немец буржуазиясынын либералдык бутагынын өкүлү. Анын феодализмге каршы көз карашы Германияны бириктирүү идеясынан ары чыга алган эмес.

Колдонулган адабияттар

  • Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Философия (энциклопедиялык окуу куралы).-Б.: 2004,ISBN 9967-14-020-8