Дай, Чжэнь: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
Created page with "'''Дай, Чжэнь''' (1724–1777) – кытай философ-материалисти. Анын пикири боюнча идеалдуулук (Ли) менен ма..."
(Айырма жок)

11 июнь 2012, саат 10:17 учурдагы нуска

Дай, Чжэнь (1724–1777) – кытай философ-материалисти. Анын пикири боюнча идеалдуулук (Ли) менен материалдуулуктун (Ци) сыяктуу карама-каршы башаттардан куралган дүйнө тынымсыз өнүгүп жана өзгөрүп турат. Оң маанидеги Ян менен терс маанидеги Индин (кара, Ян ж-а Инь) таасири астында дүйнөдөгү кыймыл жана өнүгүү чексиз, аларды жаратылыштан бөлүп кароо мүмкүн эмес, ал эми кубулуштар табигый зарылчылыктар менен мыйзам ченемдүүлүктөргө баш ийет. Дай Чжэнь билимдердин тубаса мүнөзүн четке каккан, анын пикири боюнча билимдер күнүмдүк турмуш-тиричиликте жана окутуунун негизинде пайда болот, алардын чындыгын тажрыйбалар аркылуу сынап көрүү зарыл.

Колдонулган адабияттар

  • Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Философия (энциклопедиялык окуу куралы).-Б.: 2004,ISBN 9967-14-020-8