Деонтология: нускалардын айырмасы
Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
Created page with "'''Деонтология''' (гр. deontos – милдеттүү, logos – окуу) – адамдык парз менен моралдык талаптардын проб..." |
(Айырма жок)
|
11 июнь 2012, саат 10:35 учурдагы нуска
Деонтология (гр. deontos – милдеттүү, logos – окуу) – адамдык парз менен моралдык талаптардын проблемасын изилдеген этиканын бөлүмү. Термин англиялык философ Иеремия Бентам тарабынан киргизилип, адептүүлүк тууралуу окууну белгилөө үчүн колдонулган (“Деонтология, же мораль тууралуу Илим” – “Deontology or the science of morality», vol. 1–2, 1834). Кийинчерээк Деонтологияны моралдык баалуулуктар тууралуу окуу болуп саналган аксиологиядан айырмалай башташкан. Деонтология кызмат абалын социалдык мыйзамдардын талабы болуп саналган адеп-ахлактуулук менен так аткаруунун формасын чагылдырат.
Колдонулган адабияттар
- Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Философия (энциклопедиялык окуу куралы).-Б.: 2004,ISBN 9967-14-020-8