Аксиология: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
м r2.7.1) (робот кошту: az:Aksiologiya
No edit summary
1-сап:
'''Аксиология''' – баалуулук, нарктуулук жана бийик дөөлөттөр жөнүндөгү [[илим]]. Коомдогу жана коом мүчөлөрүнүн ортосундагы [[адеп-ахлак]] мамилелериндеги баалуулук, нарктуулук түшүнүктөрдү, эрежелерди, талаптарды өз ичине камтыйт. Педагогикалык аксиология – жаштарды коомдун баалуулуктарына, асыл нарктарына, адеп-ахлактык идеяларына, канондоруна шайкеш тарбиялоо маселелери жөнүндөгү [[Педагогика|педагогикалык илим]] тармагы.
 
== Аксиология [[Философия|Философияда]] ==
Аксиология (гр. axios – баалуулук жөнүндөгү окуу) – азыркы кездеги [[Философия|философиядагы]] негизги бир тармак.
 
20-кылымдын башында пайда болгон. Аксиология коомдук көрүнүштөрдү [[Идеалист|идеалистче]] түшүндүрөт, коомдук болмуш менен коомдук аң-сезимдин [[Мыйзам ченемдүүлүк|мыйзам ченемдүүлүгүн]] танат. Аксиологиядагы негизги нерсе – баалуулук жөнүндөгү түшүнүк. Баалуулук [[Этика|этикалык]], [[Эстетика|эстетикалык]], [[Дин|диний]], [[Укук|укуктук]], [[Саясий илимдер|саясий]], [[Экономика|экономикалык]] ж. б. болуп бөлүнөт. Жалпысынан Аксиология – [[Тарыхый материализм|тарыхый материализмге]], [[Социология|илимий социологияга]] каршы багытталган [[Идеалист|идеалисттик окуулардын]] жыйындысы.
 
== Колдонулган адабияттар ==
* "Кыргыз педагогикасы: энциклопедиялык окуу куралы". Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Башкы редактор Ү.Асанов, жооптуу редактор И.Бекбоев. Бишкек - 2004. УДК 37.0 ББК 74.00я2 К 97
* Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Философия (энциклопедиялык окуу куралы).-Б.: 2004, ISBN 9967-14-020-8
[[Category:Билим берүү]]
[[Category:Педагогика Философия]]
[[Category: Билим берүү]]
[[Category: Педагогика]]
 
[[ar:إكسيولوجيا]]
"https://ky.wikipedia.org/wiki/Аксиология" булагынан алынды