Иртыш: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
Created page with "'''Иртыш''', Эртиш – Кытайдагы Моңгол Алтай тоолорунан башталып, Батыш Сибирь түздүгү аркылу..."
(Айырма жок)

12 июнь 2012, саат 08:17 учурдагы нуска

Иртыш, Эртиш – Кытайдагы Моңгол Алтай тоолорунан башталып, Батыш Сибирь түздүгү аркылуу Обь дарыясына сол тарабынан куйган дарыя. Узундугу 4248 км, алабынын аянты 1643 миң км2. Дарыянын аты 11-кылымдагы тарыхый даректерде (Махмуд Кашгари) эскерилген. Иртыштын жогорку агымын ээлеген карлуктар 8-кылымдын ортосунда Теңиртоо тарапка ооп келишкен. Иртыш боюнда кимактар бийлик кылып калган. Борбордук Азияда кыргыздардын саясий таасиринен улам (9-к-дын 2-жарымы – 10-к-дын башы) Иртыштагы кимак-кыпчактар Батышка оогон. 10–12-к-да Иртышты кыргыздардын айрым бөлүктөрү жана түрк уруулары мекендеп турган. 13-кылымда Жучу хандын байтактысы Иртышта жайгашкан жана бул аймак моңголдордун карамагында турган. 14-к-дын 2-жарымынан Иртыш Моголстан мамлекетинин карамагына кирген жана анын түндүк чегарасы катары эсептелген. 14-кылымдын 2-жарымынан Иртыш Ойрот конфедерациясынын карамагына өткөн. 17-кылымдын 1-жарымында Иртыштын ортоңку агымында калмактардын биригүү процесси башталып, Жуңгар хандыгы негизделген. Жуңгар хандыгы кулагандан кийин Иртышты казак уруулары жайлаган. Орустардын Сибирди өздөштүрүшү менен Иртыш аймагы Россия империясынын карамагына өткөн. Жогорку Иртыш өрөөнү Енисей жана Теңиртоо кыргыздарынын этностук байланышын изилдөөдөгү маанилүү тарыхый аймактардан болуп эсептелет.

Адабият

Кыргыз Тарыхы. Энциклопедия. Мамалекеттик тил жана энциклопедия борбору. Бишкек, 2003. И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик педагогикалык университети.