Альтруизм: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
No edit summary
No edit summary
1-сап:
Альтруизм([[Француз тили|фра]]. altruisme, [[Латын тили|лат]]. alter – башка) <br>
Жаны жаралган этнос өзү жөнүңдө жарыя салары менен түздөн-түз [[Lүйнөлүк тарыхый процесстер|дүйнөлүк тарыхый процесстерге]] катышууга киришет. Бул деген анын өзүнө ар дайым душмандашып келген коңшулары менен өз ара аракеттне башташын түшүндүрөт. Башкача болушу мүмкүн эмес, анткени жаны, активдүү, мурда учурабаган нерсенин пайда болушу дайыма жашоонун көнүмүш жана көңүлгө жаккан жагдайларын өзгөртүп жиберет эмеспи. Этнос жаралган региондун байлыгы да дайыма чектелүү болот. Баарынан мурда азык-түлүктүн аздыгы байкалат. Андыктан мурдагы туруктуу турмуш абалында, жайчылыкта жашап келаткандар капыстан чыга келген, жөн-жайы түшүнүксүз, көңүлдөрүнө жакпаган адамдарга катарынан орун берүүнү, өздөрүн чектөөнү деги эле каалабайт. Жаңыга каршылык көрсөтүү өзүн-өзү сактоонун табигый көрүнүшү катары пайда болот жана курч мүнөзгө ээ, ал көпчүлүк убакта кызыл-кыргын согушту жаратат. Жеңишке жетиш, эң кур дегенде өзүн коргоп калыш үчүн этностун ичинде альтруисттик этика, т. а., жамааттын кызыкчылыгын өзүнүн жеке кы- зыкчылыгынан жогору коюу орун алышы зарыл. Мындай этика үйүрлөшүп жашаган жаныбарларда да учурайт, бирок бул этика адамдарда гана өз түрүн сактап калуунун бирден бир фактору катарында мааниге ээ. Альтруизм ар дайым өзүмчүлдүк (эгоисттик) этикага катарлаш турат. Өзүмчүлдүк этикасында жеке жана үй-бүлөлүк кызыкчылык коомдук кызыкчылыктан жогору коюлганына карабай, коом менен жеке адамдын кызыкчылыктары көпчүлүк учурларда дал келгендиктен курч карама- каршылыктар сейрек кездешет. Адамды түр катары сактап калуу, т. а. этносту сактап калуу көз карашынан алганда бул эки этикалык концепциялардын эриш-аркактыгы оптималдуу абалды түзөт. Бирок функция- лар бөлүнүп кетет. "Альтруисттер" этностун бир бүтүндүгүн коргойт, "өзүмчүлдөр" этностун тукумун улайт. Анткени менен табигый тандалуу "альтруисттердин" санын кыскартып отургандыктан акыры этнос өз кор- гоочуларынан ажыраган кезде коңшу этностор аны өзүнө сиңирип алат. "Өзүмчүлдөрдүн" тукуму болсо эми башка этностордун ичинде жашап, альтруисттерди өздөрүнүн эр көкүрөк коргоочулары катарында эмес, азоо чалыш, кекирейген жана кара мүртөз адамдар катары эстеп коюп жашай беришет.
 
"https://ky.wikipedia.org/wiki/Альтруизм" булагынан алынды