Кааба: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
Created page with "'''Кааба''' (ар. кааба – «куб») – азыркы Сауд Аравиясынын Меке шаарындагы мусулмандар (сунн..."
 
No edit summary
1-сап:
[[Файл:0kaaba .jpg|350px|thumb|right|Кааба - мусулмандардын кыбыласы]]'''Кааба''' (ар. кааба – «куб») – азыркы [[Сауд Аравия]]сынын [[Меке шаары]]ндагы [[мусулман]]дар (сунниттер) зыярат кылуучу Ыйык [[мечит]]тин короосунда жайгашкан [[имарат]]. Анын узундугу 13м, туурасы 12 м, бийиктиги 15 м; пайдубалы мармардан, дубалы боз таштан тургузулган. Чыгыш тарабына Алла [[асман]]дан жиберген деп эсептелинген «кара таш» кошо коюлган. Каабанын үстүнө [[Куран]]дын аяттары алтын жип менен жазылган кара жабуу жабылган. Мухаммед пайгамбар исламды жаңы [[дин]] катары жарыялаганга чейин эле Каабага арабдардын [[курейш]] ж. б. уруулары сыйынып турушкан. Мусулмандар [[намаз]] окуп жатканда Каабаны карап («Кыбылага карап») турууга тийиш. Ажылыкка баргандар Каабаны жети айланып, анын «кара ташын» өбүшү ылаазым. Кыргыздын бай-манаптары 19–20-кылымдын башында өзүнүн таасирин чыңдоо үчүн Каабага барып, [[ажы]] болуп келүүгө аракеттенишкен. Эгемендүүлүктүн шартында Мекеге сыйынып келген кыргыздардын саны арбууда.
 
==Адабият==
"https://ky.wikipedia.org/wiki/Кааба" булагынан алынды