Жан-Поль Сартр: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
Created page with "250px|thumb|right|Сартр, Жан-Поль
Жан Поль Сартр (1905—1980) — француз философу, атеи..."

No edit summary
1-сап:
[[Файл:Jean-Paul Sartre FP.JPG|250px|thumb|right|Сартр, Жан-Поль]]

'''Жан Поль СартрСарт'''р (1905—1980) — француз философу, атеисттик экзистенциализмдин өкүлү. Ал ошондой эле жазуучу жана сынчы, Франциянын саясый турмушуна эпкиндүү катышкан.

Парижде демейки Жогорку мектепте билим алат да, кийин Париждеги жана башка шаарлардагы бир катар лицейлерде сабак берет. Экинчи дүйнөлүк согушта солдат катарында катышып, Германияда согуш туткундары үчүн лагерде тогуз ай жашайт. Бошогондон кийин Каршылык көрсөтүү кыймылына катышат. Согуш аяктагандан кийин социалисттик жана экзистенциялык басылма болгон, бир айда бир жолу чыгуучу «Новое времянын» редактору болот. 1964-жылы ага адабият боюнча Нобель сыйлыгы ыйгарылат, бирок ал бул сыйлыктан баш тартат. 1968-жылы май айынан, Франциядагы жаштар кыймылынан бери тарта эпкиндүү саясый иш-аракеттерди жүргүзөт.

[[Файл:Beauvoir Sartre - Che Guevara -1960 - Cuba.jpg‎|thumb|Жан-Поль Сартр жана Симона Бовуар Че Гевара, Эрнесто менен сүйлөшүүдө]]
== Негизги чыгармалары ==
Сартрдын негизги чыгармалары төмөнкүлөр: «Кыялдануу» (1936), «Эмоциялар теориясынын эскиздери» (1939), «Кыялдагы нерселер» (1940), «Бытие жана жок нерсе» (1943), «Экзистенциализм — бул гуманизм» (1946), «Кырдаалдар» (1947—1964), «Усул проблемалары» (1947), «Диалектикалык акыл-ойго сын» (1960). Аталгандардын баарысы философиялык эмгектер. Мындан башка да ал көркөм чыгармаларды жазган: «Жүрөк айнуу» (1938), «Эркиндикке карай жолдор» (1946—49), «Чымындар» (1943), «Капаста» (1945), өмүр таржымалы жөнүндө «Сөздөр» (1964) деген чыгарма. «Эркиндикке карай жолдор» деген үчилтиги XX кылымдын адабиятынын классикалык чыгармасы деп эсептелет.
Өзүнүн философиялык жана адабий чыгармаларында Сартр экзистенциализм идеясын үгүттөйт. Экзистенциализм белгилүү агым катарында көз караштардын кеңири чөйрөсүн камтыйт, бирок анын көңүлүнүн борборунда — адамдын жашоо-турмушу жөнүндөгү маселе, ар бир адамдын инсандык турмушунун шарты жана структурасы жөнүндөгү маселелер турат.

== Экзистенциализм койгон проблема ==[[Файл:Beauvoir Sartre - Che Guevara -1960 - Cuba.jpg‎|thumb|Жан-Поль Сартр жана Симона Бовуар Че Гевара, Эрнесто менен сүйлөшүүдө]]
Экзистенциализм койгон негизги проблема — жашоо-турмуштун маани маңызын индивидуалдык аң-сезим кандайча аңдап-биле аларын сүрөттөп жазуу болуп саналат. Мындан келип экзистенциализм иликтеген башкы маселелер: тандоо эркиндиги, адамдык менен инсандыктын дал келүүчүлүгү, башка дүйнө жана башка адамдар менен болгон алака-мамиле, индивиддин өз жашоо-турмушунун максат-багытын аңдап билүүсүнөн баштап маани-маңыздарды жана баалуулуктарды түзүшүнүн жолдору жөнүндөгү маселелер келип чыгат.
== «Бытие жана жок нерсе» чыгармасы ==