Цунами: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
м r2.7.2) (робот кошту: ki:Tsunami
25-сап:
* 2011-жылдын 11-мартында [[Япония]]да болгон жер титирөөнүн магнитудасы 8,9 баллга жеткен. Очогу [[Токио]] шаарынын түндүк-чыгыш тарабынан 373 чакырым алыстыкта болгон. Мындан пайда болгон цунаминин бийиктиги жээкте 10 метрден ашып, көптөгөн кыйроолорду алып келди. Алынган маалыматтарга караганда, жер титирөөнүн очогу суу астында 24 метр тереңдикте болгон. <br>
==Жаныбарлардагы табигый инстинкт==
[[Файл:Cats-rescued-after-tsunami-in-Japan.jpg|250px|thumb|Мышыктар кырсыкты алдын ала билишкен]]Окумуштуулар жаныбарларды изилдеп отуруп, өтө чоң кыйратууга алып келген табигый кырсыктарда да аз эле жаныбар өлгөнүн аныкташкан. Ал гана эмес, бул тууралуу тасма да тартышкан. Заманбап технологиянын жардамы менен так биле албаган цунамини жаныбарлар алдын ала сезишкендиги тасмадагы негизги идея болгон. <br>
[[Түштүк Индия]]дагы деңиз чырагынын (маяктын) кароолчусу 2004-жылкы цунамиден бир нече саат мурун антилопалар чуу түшүрүп, жакынкы тоолорду көздөй качып кеткенин айткан. [[Тайланд]]]да болсо байланып турган пилдер жиптерин үзүп, жогору жакка качып кетишкен. Кырсык болордо фламинголор кадимки азыктанчу жайларынан бийик жактарга учуп кетишкен.
2004-жылдын 26-декабрында [[Азия]] өлкөлөрүнүн жээктерин кыйроого учураткан жер титирөө сейсмикалык байкоолордун тарыхында кубаттуулугу боюнча 2-орунга чыгып, магнитудасы Рихтердин шкаласы боюнча 9,3 баллга жеткен. Бул табигый кырсык, болжол менен, 300 миң адамдын өмүрүн алып кеткен. Тарыхчылардан баштап биолог, науралист, сейсмолог, метеорологдорго чейин атайын адистер [[Тайланд]], [[Шри-Ланка]], [[Түштүк Индия], [[АКШ]] ж. б. өлкөлөрдө ар тараптуу изилдөөлөрдү жүргүзүп, жогорудагыдай эле жыйынтык берген көптөгөн маалыматтарды топтошкон. Натыйжада жапайы жаныбарлар адамдарга караганда эрте жана көбүрөөк маалымат алары аныкталган. "Жаныбарлар табигаттын берген белгилерин туура кабыл алышат жана убагында коркунучсуз жайга кетип калышат. Эгерде адамдар жаныбарлардын жүрүм-турумун "окуй" билишкен болсо, көптөгөн курмандыктардын жана зыяндардын алдын алууга болмок", - дейт биолог, доктор Майк Хайтхаус.<br>
 
==Кызыктуу фактылар==
* Цунамилер суу түбүндөгү титирөөдөн болот деген божомолду биринчи жолу байыркы грек тарыхчысы Фукикид б. з. ч. 426-жылы "Полепонеск согушунун тарыхы" деген китебинде жазып кеткен. <br>
"https://ky.wikipedia.org/wiki/Цунами" булагынан алынды