Цунами: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
No edit summary
18-сап:
Цунами толкундарынын таралышы да татаал процесс. Толкундардын ылдамдыгы океандын тереңдигинен көз каранды. Ошондуктан очоктон толкундардын шакек түрүндө таралышы бузулуп, түздөлүп кетет же таптакыр башка форма боюнча таралат, айрым учурда бөлүнүп да кетет. Суу алдындагы жер титирөө цунамини пайда кылуу үчүн, жок дегенде, [[Рихтердин шкаласы]] боюнча магнитудасы 7 баллга жетиши керек. Ар бир жүз жылдыкта өтө чоң кыйроолорду алып келген 6-7 күчтүү цунамилер катталат. Ал эми ар кандай чоңдуктагы цунамилер - жыл сайын болуп туруучу көрүнүш.

==Тарыхтагы эң чоң цунамилер==
[[File:Tsunami dalgalari hawaiiye ulasti3.jpg|thumb|300px|right|Мегацунами, Гаваи...]]* 1952-жылы [[Камчатка]]нын жээгинен 130 чакырым алыстыкта [[Тынч океан]]да магнитудасы 8,5-9 баллга жеткен жер титирөөнүн натыйжасында цунами пайда болгон. Бийиктиги 15-18 метрге жеткен үч толкун Түндүк [[Курильск]] шаарын талкалап, анын айланасына да зор чыгымдарды алып келген. Расмий маалыматтарга караганда, 2 миңден ашык адамдын өмүрүн алып кеткен.<ref>http://www.oceanographers.ru/index.php?option=com_content&task=view&id=1258&Itemid=178 - Цунаминин пайда болуу себептери,Электрондук Энциклопедия</ref>

* 1957-жылы Андреяновск аралдарында ([[Аляска]]) магнитудасы 9 баллга жеткен жер титирөөнүн натыйжасында пайда болгон цунами бийиктиги 15 метрге жеткен толкундарды жараткан. Ошол эле учурда 200 жыл тынч жаткан Умнак жанар тоосу кыймылга келип, атылган. үч жүздөй киши каза болгон.

* Аляскадагы эң катуу жер титирөөлөрдүн бири 1964-жылы [[Принц Уильямс]] кысыгында болгон. Магнитудасы 9,2 баллга жеткен бул жер титирөө бийиктиги 67 метрге жеткен толкундарды пайда кылган. Цунамиден өлгөн адамдардын саны жүз элүүгө жеткен.

42-сап:
Локальные цунами: предупреждение и уменьшение риска, сборник статей./ Под редакцией Левина Б. В., Носова М. А.- М.: Янус-К, 2002

http://tsun.sscc.ru/tsulab/H_School/titul.htm - Жер титирөө жана цунами. Орто мектептин окуучулары үчүн окуу колдонмосу.

== Шилтемелер==
</references>

==Интернеттеги шилтемелер==
"https://ky.wikipedia.org/wiki/Цунами" булагынан алынды