Плутократия: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
No edit summary
No edit summary
4-сап:
 
Плутократия термини саясий түзүлүштүн өзгөчө формасы катары байыркы грециялык ойчул жана жазуучу [[Ксенофонт|Ксенофонттун]] «Сократ жөнүндө эскерүүлөрүндө» кездешет. [[Байыркы Греция|Байыркы Грециянын]] бир катар шаар-мамлекеттеринде плутократия б.з.ч. VII–VI к. бай аристократ уруулук аристократиянын үстүнөн жетишкен жеңишинин натыйжасында орногон. Плутократиянын эң көрүнүктүү мисалдарына байыркы кылымдардагы Карфагендин жана Орто кылымдардагы Венеция республикасынын мамлекеттик түзүлүшү кирет.
 
'''Плутократия''' (байыркы грек. πλοῦτος–байлык, κράτος–бийлик) – өкмөттүн чечими жалпы элдин көз карашы (тилеги) эмес, таасирлүү таптын бай адамдары аркылуу аныкталган бийликтин бир формасы. Ушундан улам Плутократия олигархиянын айрым көрүнүшү катары саналат. Чыныгы бийлик анча көп эмес топтун (мисалы, ак сөөктөр, куралдуу-күчтөр, партиялык төбөлдөр же мамлекет башчысынын туугандары) колунда болгондуктан, социалдык теңсиздиктин деңгээли жогору, социалдык жактан өнүгүүнүн ылдамдыгы тескерисинче төмөн болот. Плутократия мурун кээ бир мамлекеттерде (мисалы, 1919-ж. чейин Италияда, 1893-ж. чейин Бельгияда ж. б.) мүлктүк ценз аркылуу ишке ашкан. Азыркы учурда көп пайдаланылбай, негизинен айыптоо маанисинде (мисалы, Улуу Британия же АКШга каршы) колдонулат. Орус тилинде сүйлөгөндөр Плутократия терминин туура эмес байланыштыргандыктан («плут»–«алдамчы», «митаам», «шум»), ал терс түшүнүк берет.
== Колдонулган адабияттар ==
"Саясат таануу: энциклопедиялык окуу куралы". Башкы редактор: Ү.Асанов, жооптуу редактор: А.Акунов. Бишкек - 2004. ISBN 9967-14-011-9