Эдилова: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
Created page with "'''Эдилова Мариям Миталиповна''' [1951-жылы туулган, Ленинполь району, Ленинполь (азыркы Бакайата) а..."
(Айырма жок)

16 июнь 2012, саат 09:37 учурдагы нуска

Эдилова Мариям Миталиповна [1951-жылы туулган, Ленинполь району, Ленинполь (азыркы Бакайата) айылы] – философия илимдеринин доктору (2002). Жалалабат педагогикалык окуу жайын (1969), КМУнун(Кыргыз Мамлекеттик Университети) тарых факультетин (1974) бүтүргөн. 1975–1982-жылдары Кыргыз энциклопедиясынын Башкы редакциясында илимий, улук илимий редактор, редакция башчысы, 1982–1985-жылдары. КМУУнун философия кафедрасынын социология лабораториясында инженер, улук инженер, 1985–2000-жылдары Кыргыз Агрардык Академиясында окутуучу, доцент, кафедра башчысы, тарбия иштери боюнча проректор, 2001-жылдан Жусуп Баласагын атындагы КУУнун философия кафедрасында профессордун милдетин аткаруучу. Социалдык философия тармагында адис. 100гө жакын илимий макалалардын, 4 монография, бир нече брошюралардын автору. Негизги эмгектери: Жакырчылык-социалдык көрүнүш (өткөөл мезгилдеги Кыргызстандын мисалында). Бишкек, 2000; Транзиттик коомдогу элет жакырчылыгы жана өспүрүм балдар. Бишкек, 1998; Демократия, гендер жана аялдар укугу (авторлош). Бишкек, 2001 ж. б.