Байланыш: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
No edit summary
No edit summary
1-сап:
'''Байланыш''' – [[Мейкиндик|мейкиндикте]] жана [[Мезгил|мезгилде]] бөлүнүп жашаган көрүнүштөрдүн өз ара шарттуулугу.
 
Байланыш түшүнүгү-илимдеги эң маанилүү түшүнүктөрдүн бири: адамдын таанып-билүүсү нерселерге тикеден-тике тиешелүү болгон туруктуу байланыштарды ачып көрсөтүүдөн башталат. Ал эми [[Илим|илимдин]] негизи Байланыштын себеп, натыйжаларын талдоодон башталат да, ал аркылуу илимдеги мыйзам-ченемдүүлүктөрдү ачып берүүгө мүмкүн болот.
 
Таанып-билүүнүн тарыхында нерселердин жана көрүнүштөрдүн өз ара жалпы Байланыш принциби [[Диалектика|диалектиканын]] негизги жоболорунун биринен болуп келген. Бирок 20-кылымга чейин талкуунун негизги өзөгү өз алдынча Байланыш түшүнүгү же анын логикалык түзүлүшү тууралуу эмес, дал ошол өз ара жалпы байланыш принциби тууралуу болуп келген. Илим ички жана тышкы көрүнүш, зарылчылык жана кокустук, негизги жана негизги эмес деген өңдүү Байланыштын тар чөйрөсү менен гана иш жүргүзүп келген.
 
19–20-кылымда коомдук, табигый илимдердин өнүгүшү менен катар Байланыш түшүнүгү бир кыйла кеңейди.
 
– эл чарба тармагы. Ал материалдык өндүрүштүн бардык тармагын жана калкты тейлөө жагынан ар түрдүү каражаттар (почта, телеграф, телефон, [[радиоуктуруу|радио]], телекөрсөтүү, электрондук почта, [[Интернет]] ж.б.) аркылуу кабар берүүнү камсыз кылат.
 
== Колдонулган адабияттар ==
* Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Философия (энциклопедиялык окуу куралы).-Б.: 2004, ISBN 9967-14-020-8
[[Category:Философия]]
 
[[be:Сувязь]]
[[cv:Çыхăну]]
[[da:Forbindelse]]
[[de:Anschluss]]
[[en:Connection]]
[[fr:Connexion]]
[[hu:Kapcsolat (egyértelműsítő lap)]]
[[it:Connessione]]
[[ja:連結]]
[[nl:Aansluiting]]
[[ru:Связь]]
[[simple:Connectivity]]
"https://ky.wikipedia.org/wiki/Байланыш" булагынан алынды