Эйдос: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
Created page with "'''Эйдос''' (гр. eidos – образ, элес, көрүнүш) – образ, түшүнүк, идея. Гуссерлдин феноменологиясында..."
(Айырма жок)

16 июнь 2012, саат 10:07 учурдагы нуска

Эйдос (гр. eidos – образ, элес, көрүнүш) – образ, түшүнүк, идея. Гуссерлдин феноменологиясында маңыз менен маанилер алынат. Эйдетика же Гуссерлдин пикири боюнча эйдология Эйдос жонундөгү окуу; эйдетикалык илимдер – тышкы фактылар жонундөгү илимдерге карама-каршы келген маңыз тууралуу илимдер. Феноменологиялык методго эйдетикалык редукция «дүйнөдө болуу» түшүнүгү кирет. Анын мааниси кабылдануучу нерсенин жаратылыш кубулуштарынын тизмегинде алган орду менен аныкталуучу анын жекече абалын билдирет. Эйдетикалык редукциянын өңүтү боюнча тажрыйбанын, көз караштардын, жоболордун ошол нерсеге байланыштуу болгон илимий жана илимий эмес маалыматтары толугу менен кароодон алынып ташталат, демек нерсенин маңызы эркин жана айкын болуп калат.