Экинчи сапаттар: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
Created page with "'''Экинчи сапаттар'''– өң-түс, жыт, даам ж. б. сапаттарды белгилөө үчүн англис философу [[Локк, Жон|Д..."
 
(Айырма жок)

16 июнь 2012, саат 10:57 учурдагы соңку нуска

Экинчи сапаттар– өң-түс, жыт, даам ж. б. сапаттарды белгилөө үчүн англис философу Дж. Локк тарабынан киргизилген термин. Анын айтуусунда нерселерге обективдүү түрдө таандык болгон биринчи сапаттардан (тыгыздык, көлөм, фигура ж. б.) айырмаланып, экинчи сапаттар нерселерге таандык эмес, жана субъективдүү кабыл алууда гана болот, ошондой эле, нерселердин биринчи сапаттарынын сезим органдарына кылган таасирдин аркасында пайда болот. Мындай айырмалоо Локко чейин Демокриттин, Декарттын, Гоббстун ж. б. окууларында кездешет. Жалпысынан материалисттик болгон ушул көз караш бир жагынан чындыкка сыйбаган объективдүү предметтердин касиетин сезим менен окшоштурууга, экинчи жагынан сезимди чагылдырган предметтердин касиетинен таптакыр бөлүп таштаган жаңылышктыкка алып келген. Механикалык материализмдин ушул ыраатсыздыгынан пайдаланып, англис субъективдүү идеалисти Дж. Бэркли жалпы дүйнөнү «менин сезүүлөрүмдүн комплекси» катары караган, башкача айтканда жалаң эле экинчи сапаттардын эмес, биринчи сапаттардын дагы объективдүүлүгүн танган.