Стоицизм: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
No edit summary
м r2.7.3) (робот кошту: xmf:სტოიციზმი; косметические изменения
1-сап:
'''Стоицизм''' б. з. ч. 300-ж. Байыркы Грецияда, Афинада биринчилерден жайгашкан [[Китиондук Зенон|Китиондук Зенон]] негиздеген. Философиялык мектеп аты ал орун алган жердин атынан — Стоа Пойкиле (грекчеси στοά ποικίλη "кооздолгон портик")деген сөздөн алынган. Портик(лат. porticus) — жабык галерея дегенди түшүндүрөт. Илимий адабиятта стоицизмдин баскычтарын айырмалоо кабыл алынган. Байыркы Стоа (б. з. ч. 3–2-к..) [[Китиондук Зенон|Китиондук Зенон]], Клеанф, Хриапп жана анын окуучулары; Орто Стоа (б. з. ч. 2–1-к.) Панеций Посидоний жана кеч Стоа (рим стоя) – Сенека, Мусоний, Руф, Эпиктет, Герокл, Стоик Марк Аврелий) ж. б. болгон.<br />
 
== Стоикалык философия ==
11-сап:
Стоикалык философиянын системасы үч бөлүктөн: [[Логика илими|логикадан]], [[Физика|физикадан]] жана [[Этика|этикадан]] түзүлөт. Зенон жана башка стоиктер философияны же организм менен, же бак менен, же жумуртка менен салыштырышат. Философияны жумуртка менен салыштырып, алар жумуртканын сарысы — этика, агы — физика, кабыгы — логика дешкен. Ал эми аны организм менен салыштырышып, тарамыштар менен сөөктөр — логикага, эт — этикага, жан — физикага туура келет деп эсептешкен. Стоиктердин пикири боюнча, философиянын үч бөлүгү тең талдап карап чыгууга татыктуу, анткени логика системаны бекемдөөгө, физика — жаратылыш жөнүндө билимдерди берүүгө, этика болсо «жаратылышка ылайык» жашоого мүмкүндүк берүүгө тийиш.
 
Логиканын маселелерин иштеп чыгуу аристотелдик логиканын таасири тарап жаткан мезгилге туура келген. Өзүнүн логикасында [[Китиондук Зенон |Зенон]] баарынан мурда ой-пикирди билдире турган форма катарында тилге, сөзгө кайрылат. Логика аңгемелешүү баш ийе турган эрежелерди иштеп чыгуучу риторикага жана байланыштырып ырааттуу баяндоо эрежелерин иштеп чыгуучу диалектикага бөлүнөт. Диалектика өз учурунда «белгилене» тургандарды иликтей турган логикага жана сөздөрдү же «белгилөөчүлөрдү» иликтей турган грамматикага бөлүнүп кетет.<br />
 
== Стоиктердин философиясына байланыштуу түшүнүктөр ==
 
* [[Белгилер жөнүндөгү окуу]]
* [[Лектон теориясы]]
* [[Маңыз категориясы]]
 
== Кудай тууралуу ==
41-сап:
Бирок стоиктер өздөрүнүн автаркиясына (дүйнөдөн аша кечүүчүлүк) карабастан социалдык баалуулуктарды танган эмес. Алар үй-бүлө, мамлекет жана башкаларсоциалдык институттардын адам турмушундагы маанисин таанышкан. Ал гана эмес, алар адамдар өзүнүн жаратылышы боюнча бирдиктүү жана өздөрүн ажыратып турган баардык тоскоолдуктарды жеңип чыгып, өзүнчө бир космостук бир туугандаштыка, космополитизмге келүүлөр тийиш деп эсептешип, адамдарды социалдык биримдикке чакырышкан. Зенондун пикири боюнча, «Космос — бирдиктүү мамлекеттик түзүлүш жана бирдиктүү мыйзамдары бар зор мамлекет. Табийгый акыл-эс эмнени иштөө керек экенин көрсөтүп, иштелбей турган нерселерге тыюу салып турат». Ушундан улам Зенон аялдардын жалпыга бирдей аял болушун, шаарларда храмдарды курууга тыюу салууну, акчаны жоюуну сунуш кылган. Бул окууда Платондон кийин тоталитардык мамлекеттин дагы бир түрү пайда болгон.
 
== Колдонулган адабияттар ==
* Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Философия (энциклопедиялык окуу куралы).-Б.: 2004,ISBN 9967-14-020-8
* [http://www.bizdin.kg/elib/kitepter/pdf/philosophy_blinnikov.pdf Л. В. Блинников.Философтордун кыскача сөздүгү. - Б.: 1997, ISBN 5-900162-16-8]
 
[[Category:Философия]]
[[Category: Байыркы грек философиясы]]
[[Category: Батыш философиясы]]
 
[[CategoryКатегория:Философия]]
[[CategoryКатегория: Байыркы грек философиясы]]
[[CategoryКатегория: Батыш философиясы]]
 
[[ar:رواقية]]
Line 110 ⟶ 109:
[[tr:Stoacılık]]
[[uk:Стоїцизм]]
[[xmf:სტოიციზმი]]
[[zh:斯多亞學派]]
"https://ky.wikipedia.org/wiki/Стоицизм" булагынан алынды