Рашид ад-Дин: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
м r2.7.2+) (робот кошту: no:Rašīd ad-Dīn
No edit summary
1-сап:
[[File:Estelik Rashid Ad-din.jpg|180px|thumb|Хамадандагы Рашид Ад-Диндин эстелиги]]
'''Рашид ад-Дин ''', Фазлаллах ибн Абу-л-Хайр Али Хамадани (фарси тилинде رشیدالدین, 1247, Хамадан–18. 7. 1318, Тебриз, азыркы Иран) – мамлекеттик ишмер, дарыгер, энциклопедиячы-окумуштуу. Рашид ад-Доулэ, Рашид ат-Табиб («Рашид табып») деген аттар менен да белгилүү. Чыңгыз хандын небереси Хулагу курган мамлекеттин (13-к.–14-кылымдын орто чени) ханы (1265–82) Абаканын тушунда мамлекеттик кызматка келип, Газан хандын (1295–1304) мезгилинде вазир, Олжейту (Улжейту) хандын (1304–16) учурунда иш жүзүндө башкы бийликке ээ болуп, Абу Саид хан (1316–35) такка отургандан кийин бардык кызматынан ажырап, жалган жалаа менен дарга асылган. Газан хандын тушунда экономикалык реформаларды (туруктуу алык-салык системасын киргизүү, дыйкандардын жашоо-турмушун жеңилдетүү, айыл-чарба, кол өнөрчүлүк, соода тармагын өнүктүрүү, сугат каналдарын оңдоо ж. б.) жүргүзүп, борбордук бийликти чыңдоодо ийгиликтерге жетишкен. Ал жүргүзгөн реформалардын натыйжасында көчмөн моңгол хандары мамлекетти башкаруудагы отурукташкан жашоо-шартка ылайыктуу бийликтин мурунку (ирандык) формасына тез өткөн. Мындан тышкары тарых, медицина, ботаника, эстетика, дыйканчылык жана курулуш техникасы, мусулман дини боюнча бир нече эмгектерди жазган. Анын ичинен Газан хандын өтүнүчү менен жазылган «Жами ат-Таварих» (фарси тилинде جامع‌التواریخ – «Тарыхтар жыйнагы») аттуу эмгеги өзгөчө маанилүү болуп эсептелет. Аны жазуу иши 1307-ж. башталып, бир нече жардамчынын (мисалы, тарыхчы Абдаллах Кашани, катчы Ахмед Бухари ж.б.) аракети менен 1310/11-ж. бүткөн. Эмгекти жазууда Махмуд Кашгаринин Диван-и лугат ат-түрк, Жувейнинин «Тарих-и жахангушай» («Дүйнөнү жеңип алуунун тарыхы») жана моңгол тилинде Чыңгыз хандын өмүрүн камтыган «Алтан дэбтэр» («Алтын китеп») сыяктуу эмгектер пайдаланылган. Автордун ою боюнча «Жами ат-Таварих» эки негизги бөлүктөн туруп, биринчи бөлүгүндө моңголдор жана алар түзгөн зор империя, анын ичинде Хулагу курган мамлекеттин тарыхы баяндалган. Экинчи бөлүгүнө исламга чейинки бүт дүйнө; халифаттын түзүлүшү; моңголдор чабуулуна чейинки Газневи, Селжук, Хорезм ж. б. мамлекеттери; мусулман эмес мамлекеттер (Байыркы еврейлер, Индия, Кытай, ж. б.) менен элдердин (герман, франк, огуздар ж. б.) тарыхы кирген. Булар менен кошо анда Жучунун Енисей кыргыздарын каратып алышы, Чагатай улусунун түзүлүшү, кыргыздар жана алар менен кошуна турган түрк, моңгол уруулары тууралуу көптөгөн маалыматтар кезигет. Мындан тышкары дүйнө жүзүнүн географиялык маалыматы жана Моңгол империясынын бардык соода жолдорун камтыган 3-бөлүгүн жазуу каралган. Бирок анын тагдыры азырынча белгисиз, кээ бир пикирлерге караганда, аны жазууга автордун чамасы жетпей калган.
Рашид Ад-Дин Фазлаллах ибн Абу-л-Хайр Хамадани (1247-1318) - [[иран]]дык энциклопедиячы, тарыхчы жана мамлекеттик ишмер.

==Өмүр таржымалы==
== Колдонулган адабияттар ==

[[Хамадан]] шаарында туулган. 1298-жылдан Газан хандын, кийин Улжейту хандын вазири болуп, 20 жыл [[моңгол]] хандарында кызмат өтөгөн. Газан хандын реформаларынын демилгечиси болгон. Улжейту ханга уу берди деген жалаа менен дарга асылган.

Петрушевский И. П. Рашид ад-Дин и его исторический труд. //Рашид ад-Дин. Сборник летописей. М.-Л., 1952.
==Эмгектери==
[[Category:Кыргыз тарыхы]]
Ал тарых, медицина, ботаника, эстетика, дыйканчылык жана курулуш техникасы, мусулман дини (сүннөт) боюнча эмгектерди жазган. Алардын ичинен Газан хандын өтүнүчү боюнча 1311- ж. жазылган «Жами ат-Таварих» («Тарыхтар жыйнагы») илимий эмгеги озгөчө маанилүү. Бул эмгекти жазууда булак катары моңгол жана түрк элдеринин оозеки мурастарын жана [[Махмуд Кашгари]], Жувейнинин эмгектерин пайдаланган. Анда моңгол жана [[түрк]] урууларынын, [[Чыңгыз хан]] жана анын мураскорлорунун, династиялар менен мамлекеттердин, моңгол дөөлөтүнүн тушундагы [[Кытай]], [[Борбордук Азия]], Иран тарыхы баяндалган. Мындан тышкары Чынгыз хандын туң уулу [[Жучу]]нун [[Енисей]] кыргыздарын кантип каратып алгандыгы, [[Жети-Суу]]да [[Чагатай]] улусунун түзүлүүсү, кыргыз мамлекеттик, кыргыздардын ошол доордогу коңшулары катары наймандарды, кори, баргу, тумат, байаут сыяктуу түрк жана моңгол урууларын көрсөткөн.

Кыргыздардын чакан мамлекетин «инал» титулу бар бийлик ээлери башкарарын, алардын бири Урус-инал экендиги айтылат.

== Колдонулган адабияттар ==
* [http://bizdin.kg/books/item/24-short_hist_enscl Кыргыз тарыхы боюнча кыскача энциклопедия. Бишкек. 2003]
[[Category:Персоналия]]
[[Category:Тарых]]