Касым Тыныстанов: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
No edit summary
wikiffy some links
1-сап:
'''Касым Тыныстан уулу/Тыныстанов''' ([[1901]], Чырпыкты кыштагы, - [[1938]]) - [[кыргыз тили|кыргыз тил]] илиминин негиздөөчүсү, акын, драматург, коомдук ишмер; биринчи кыргыз профессор.
 
'''К.''' кыргыз жазма адабиятын жана илимий тил таанууну баштоочулардын бири. Кыргыздын улуттук жазуусун иштеп чыгууга, асыресе араб алфавитин кыргыз тилине ылайыкташтыруу, араб алфавитин латынча, латынчаны орус алфавитине алмаштыруу иштерине катышкан. Азыркы кыргыз орфографиясынын негизги принциптерин иштеп чыгып, кыргыз тилинде туңгуч окуу китептерин, кыргыз тилинин туңгуч грамматикасын жана тил илими боюнча кыргызча терминологияны түзгөн.
'''К.''' адегенде казакча, кийин кыргызча жазган ырлары Алматы жана Ташкенде казакча чыгуучу газета журналдарга жарыяланып, 1925 жылы «Касым ырларынын жыйнагы» деген ат менен Москвада жарык көргөн.
'''К.''' - туңгуч көркөм котормочу. Ал «Интернационалды», И.А.Крыловдун тамсилдерин биринчи жолу кыргызчалаткан. Орус революциячыл ырларын "Өзгөрүштүн ырлыры" деген ат менен которуп, кичине китеп кылып чыгарган.
'''К.''' кыргыз элинин оозеки чыгармаларын, асыресе [["Манас"]] эпосун жыйноого зор көнүл бөлүп, бул темада атайын макалалар жазган, уюштуруу иштерин жүргүзгөн. Мисалы, улуу манасчы Саякбай Карала уулунун айтуусундагы "Манас" үчилтигин толук жазып алуунун демилгечиси жана уюштуруучусу болгон. "Манас" эпосун орусчага которуу ишине катышкан.
 
[[en:Kasym Tynystanov]]
[[ru:Тыныстанов, Касым]]