Адабият теориясы: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
Created page with "Адабият теориясы — көркөм адабият жөнүндөгү илимдин составдык бир бөлүгү. Ал көркөм адабияттын ..."
 
No edit summary
1-сап:
Адабият теориясы — көркөм адабият жөнүндөгү илимдин составдык бир бөлүгү. Ал көркөм адабияттын пайда болуу жана өнүгүү закон ченемдерин, спецификасын, социалдык табиятын жана маанисин изилдеп, адабияттын идеялык-эстетикалык тажрыйбасын теориялык жактан жалпылайт, адабий процесстин түпкүлүктүү закондорун ачат, адабияттык анализдин жана синтездин принциптерин иштеп чыгат. Адабият теориясы, эң оболу адабият тарыхы менен байланыштуу өнүгөт. Ал ошондой эле эстетика (к.),көркөм адабий сын (к.), көркөм адабияттын тарыхы (к.) менен да эриш-аркак байланышта болот. Адабият теориясы өзүнүн тео¬риялыктеориялык корутундуларын иштеп чыгууда бир чети эстетиканын закон ченемдүүлүгүнө таянса, бир чети адабият тарыхында чогултулган фактыларга таяпаттаянат. Өз кезегинде адабият теориясынын негизги жоболору адабият тарыхчысы менен сынчынын ишине таасирин тийгизип, бүкүлү адабий процессти анализдөөнүн принциптерин аныктайт.
 
Булак: http://kyrgyzinfo.ru
 
==Колдонгон адабият: ==
Шериев Ж.. Муратов А. Адабият .Терминдердин түшүндүрмө сөздүгү.
Кыргыз энциклопедиясынын башкы редакциясы. Бишкек, 1994