Империя: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
Created page with "'''Империя'''(латын тилинен келген imperium – бийликке ээ, кубаттуу, күчтүү)– 1. Байыркы Римд..."
 
No edit summary
1-сап:
[[Файл:Romia Imperio.png|thumb|250px|Рим империясынын картасы]]'''Империя'''(латын тилинен келген imperium – бийликке ээ, кубаттуу, күчтүү)– 1. Байыркы Римде – шайлоолордо, мыйзамдарды кабыл алууда, согуш жарыялоодо жана тынчтыкка келишүүдө, жогорку сотто көрсөтүлгөн элдин жогорку мамлекеттик бийлиги; 2. байыркы римдик магистр – падышалардын, Рим республикасында – консул, претор, диктатор, протопретор, шаардык жана преториандык префект жана цензорлордун жогорку полномочиеси. Жогорку мамлекеттик бийлик аларга же шайлоо аркылуу же өзгөчө мыйзам менен берилген. Диктатор Рим республикасында император жогорку даражасын алган; Империянын полномочиелеринин республикалык мүнөзүнүн жоюлушу менен анын жогорку даражасы бийликке ээ болоору менен Римдик императорлоруна өмүрлүк кылып берилген; алардын Империясы тарабынан.Рим көзөмөлдөгөн аймактын бардыгына таркалган; 3. Императордун бийлиги таркаган аймак;
4. Император титулун алган же династиялык жол аркылуу ага ээ болгон адам башкарган мамлекет;
5. Метрополия – колония, борбор – провинция, борбор – улуттук республикалар жана чет жакалар мамилесинин негизинде катуу борборлошкон бийликтин астында гетерогендик этно-улуттук жана администрациялык-аймактык бирикмелерди бириктирген саясий система. Бардык маанилеринде Империя түшүнүгү жер-жерлерде борбордук бийликти катуу колдонуу менен байланышка.
"https://ky.wikipedia.org/wiki/Империя" булагынан алынды