Адабият тектери: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
No edit summary
No edit summary
1-сап:
'''Адабият тектери''' — адабий чыгармаларды системага салуу жана топ-топко ажыратуу принциби. [[Көркөм адабият]], [[эпос]], (к.), [[лирика]] (к.), [[драма (к.)]] деген тектерге бөлүнөт. Бул көркөм адабияттын узакка созулган тарыхый өнүгүшүнүн натыйжасында келип чыккан. Көркөм чыгармачылыктын тектери байыркы замандан бери бири-биринен ажырабаган (синкреттүү) мүнөздө болуп, коомдук турмуштун татаалданышынан улам ич ара жиктеле баштаган. Көркөм адабияттагы мындай жиктелүүнү алгач илимий сөз (термин) менен [[Аристотель|Аристотел]] атаган. Адабий чыгармалар реалдуу дүйнөнү чагылдыруу ыгына жараша тектерге бөлүнөт. Эпос турмуш көрүнүштөрүн, келки окуяларды сүрөттөө аркылуу чагылдырууга умтулат; драмада окуялар каармандын кыймыл-аракети жана өз ара сүйлөшүүсү аркылуу берилет; лирикада адамдын ички сезимдери туюнтулат; ушуга жараша лирикада — монолог, драмада — диалог, эпосто монолог-диалогдон башка окуялардын жүрүшүн баяндоолор, портреттик жана пейзаждык мүнөздөмөлөр басымдуулук кылат. Бирок адабият тектери бири-биринен окчун ажырап турган көрүнүштөр эмес, алардын бирине тиешелүүсү экинчисине оошуп өтө берет. Анын үстүнө адабий чыгармалардын тектерге бөлүнүшү дайыма шарттуу (болжолдуу) мүнөзгө ээ болот.
 
==Колдонгон адабият: ==
Булак: http://kyrgyzinfo.ru
Кыргыз адабияты: энциклопедиялык окуу куралы. Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, - Б.: 2004
 
[[Category:Маданият]]
==Колдонгон адабият: ==
[[Category:Адабият]]
Шериев Ж.. Муратов А. Адабият .Терминдердин түшүндүрмө сөздүгү.
[[Category:Адабият теориясы]]
Кыргыз энциклопедиясынын башкы редакциясы. Бишкек, 1994
[[Категория:Кыргыз адабияты]]
[[Категория:Филология]]