Кет Бука: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
м Кет бука Кет Бука-деп аталышы өзгөртүлдү
No edit summary
1-сап:
'''Кет Бука''' – акын, 13-кылымда жашаган. Анын өмүр сүргөн кылымын кесе айтуунун тарыхый жана фольклордук негизи бар. Анткени ал Чынгыз хандын жортуулу мезгилинде жашаган. Ал жөнүндө [[Санжыра|санжыра]], [[Уламыш|уламыш]], [[Күү|күү]], легенда тарыхында жана тектеш элдердин ([[Ногой|ногой]], казак) [[Фольклор|фольклорунда]] ачык маалыматтар сакталып калган. Алсак эл арасында [[Чыңгыз Хан|Чыңгыз хандын]] улуу баласы [[Жуучу|Жуучунун]] ([[Жучи]]) өлгөнүн (ал 1227-ж. каза болот) табышмактуу ыр менен Кет Бука угузуптур деген сөз бар. Ырдын алгачкы тексти 13-кылымда [[Кыпчактар|кыпчак]] талаасынан белгисиз [[Перс|перс]] автору тарабынан жазылып алынып, “Түрктөрдүн ата-теги” аттуу жыйнакка жана араб тарыхчысы [[Ибн-Аль-Асир|Ибн-Аль-Асирдин]] [[Летопись|летописине]] (ал 1323-ж. каза болот) кирген. Бул чыгарманын алгачкы өзөгү 1227-ж. түзүлгөн деп так көрсөтүүгө негиз берет.
== Кет Бука ==
 
XIII кылымда, Чынгызхандын жортуулу мезгилинде жашаган улуу ырчы жана улуу комузчу. Анын ысмы түрк элдеринин ичинде кеңири белгилүү болгон. Акындын кайсы жылы өлгөндүгү белгисиз.
Кет Бука [[Наймандар|найман]] уруусунан чыккан. Эл оозунда “Өчкөн көңүлдү толкуткан улуу ырчы”, калкка кадырлуу бий, чыр-чатактын түйүнүн чечкен чечен, чоң комузчу катарында мүнөздөлөт. [[Перс]] авторунун берген маалыматына караганда, [[Жуучу]] [[Чыңгыз Хан|Чыңгыз хандын]] балдарынын эң улуусу болуп, атасы өтө жакшы көрүп, кадырлоочу экен. Анын өлгөндүгү жөнүндө ордого кабар келгенде эч ким даап айта албай, атайын Улуг-ырчыны чакыртып келишет. Ал табышмактантып отуруп, баласынын өлгөнүн атасына туюнтат. Уулу өлгөндөн кийин алты айдан кийин [[Чыңгыз Хан|Чыңгыз хан]] каза болот. Угузуучунун мазмунунан анын орду [[Дашт-Кыпчак]] талаасы экендиги ачык көрүнөт.
 
Негизинен ушул чыгармадан башат алган варианттар казак, [[Ногой|ногой]] [[Фольклор|фольклорунан]] да катталган. Бирок, угузуучунун кыргыз [[Фольклор|фольклорунда]] айтылышы ногой, казак нускаларынан кескин айырмаланат. Кыргыз [[Фольклор|фольклорунан]] бул угузуу өз алдынча өнүккөн чыгарма катарында учурайт. Кара сөз түрүндө эки, ыр түрүндө төрт вариант болуп, ар бири идеялык-мазмуну, көркөмдүгү, стили жагынан такталып, калыптанып бүткөн чыгарма катарында жашайт. Дээрлик бардык нускада угузган ырчы Кет Бука же Бука ([[Ногой|ногойлордо]] Кет Бука) аталып, өзүнүн акындык дараметинин күчтүүлүгү, комуздун муңдуу ыргагы менен оор кайгыны айта билүү, туюндуруу устаттыгы, аткаруу чеберчилиги менен окуяны [[Чыңгыз Хан|Чыңгыз ханга]] жеткирип, өз сөзүн өзүнө оодарып, хандын каарынан, өлүм жазасынан кутулуп кетет. Чыгарманын азыркы турпатында да 13-к. кагазга түшүрүлгөн түрк ыры менен генетикалык жалпылыгы бар ыр саптарынын сакталып калышы кызыктуу факт. Бирок айрым ыр түрмөктөрүнүн түрк ырына тутумдаш айтылгандыгына карабастан, кыргыз варианттарында мааниси кеңейип, көркөмдүк-эстетикалык таасиринин арткандыгы ачык байкалат.
 
Кет Буканын табышмагында, [[Чыңгыз Хан|Чыңгыз хандын]] чечмелешинде, кайталангыс салыштыруулар, терең ойлор орун алып, угузуу азыркы турпатында да 13-к. кагазга түшүрүлгөн [[Түрк|түрк]] ырынан алда канча бийиктикке көтөрүлгөн. Бул болсо чыгарманын эл арасында көп айтылып, такталып, мазмундук-көркөмдүк жагынан калыптанып, өз алдынча өсүп-өнүгүшүнүн күбөсү. Улуттук Алтын казынага кирген “Кет Бука” күүсү да тыңшоочуларды кайдыгер калтырбайт. Күү залкар комузчулар [[Карамолдо Орозов|Карамолдо Орозовдун]] аткаруусунда жазылып алынган. Мындан башка да варианттары бар. Бизге жеткен ушул угузуунун сөздөрүнүн тереңдиги, образдуулугу Кет Буканын акындык кудуретин, анын улуулугун, сөз чеберчилигин ачык аныктап турат.
 
 
== Айрым шилтемелер ==
"https://ky.wikipedia.org/wiki/Кет_Бука" булагынан алынды