Айтыш: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
No edit summary
No edit summary
1-сап:
'''АЙТЫШ''' — ырчылардын, чечендердин өз чыгармачылык кудретин, чеберчилигин сыноо үчүн өз ара мелдеши; кыргыз элдик оозеки чыгармачылыгында өнүккөн жанр.
Ал адат-салт айтыштары жана акындар айтыштары болуп эки чоң топко бөлүнөт. Ал экөө өз кезегинде мазмун жана форма жагынан бири биринен айырмаланган түрлөрдөн турат. Адат-салт айтышына:
[[бадик,]] [[кайым]], [[сармерден,]] [[кыз-жигит]] айтышы ж.б.
Акындар айтышынана: алымсабак, табышмак, кордоо, учурашуу ж.б. кирет. Бирок бул түрлөр так жиктелбейт, кээде биринин белгилери экинчисинде да кездеше берет. Тарыхта чечендердин айтыштары да болгону белгилүү. Келип чыгышы жана өнүгүшү жагынан айтыш жанры байыркы үрп-адат, ырым-жырымдарга байланышып, элдик турмушту кенен чагылткан деңгээлге чейин жеткен. Атыш жанрынын алгачкы түрлөрү көркөм сөз өнөрүнүн адамдарга практикалык жана руханий кызмат кыла башташы менен тең жаралган. Мисалы: бадик айтуу, «Бекбекей» ж.б. [[Бадикте]] адамдар кезек-кезек менен туруктуу ыр саптарын айтып, ооруну денеден «кубалашса», [[«Бекбекейди»]] түнкүсүн короо кайтарганда алмак-салмак ырдашкан. Жаштардын ой-санаалары, кубаныч-эңсөөлөрү кайым, кыз-жигит, сармерден айтыштата кенен чагылган.
Уруучулук доордо акындар айтыштары кеңири өнүккөн. Акындар өз өнөрү менен көпчүлүктөн айырмаланып чыкканда, бийлөөчулөр аларды той-тамашаларда, атайын жыйындарда уруу кызыкчылыгы үчүн пайдаланышкан. Уруулук мамилелердин курчушу менен акындык айтышта да учурдун маселелери курч коюла баштаган. Маселен, мурда эки уруунун акындары бири бирине жөнөкөй мазмундагы суроолорду берип айтышса, кийинчерээк өз уруусунун артыкчылыгын, баатырларын даңазалап, атаандаш уруунун кемчил жактарын ачып, кордошуп айтышышкан. Атаандашын жеңүү үчүн анын уруусун, башчыларын кордоп ырдаганда, кээде моралдык-этикалык нормага сыйбаган ыкмаларды да колдонуп, диний татаал түшүнүктөрдү чечмелешип да айтышышкан.
 
[[Айтыш]] өнөрүнө Токтогул идеялык-эстетикалык жаңы принциптерди кийирди. Ал айтыштарда уруучулук кордошууга, бири бирин кемсинтүүгө каршы турду. Өз айтышында учурашуу, калың элдин көңүлүн ачуу, эзүүчү менен эзилүүчүнүн ортосундагы күрөш мотивдерин кеңири чагылтты. Табышмак айтышта акындар бири биринин турмуштук, философиялык диний маалыматтарын сынап көрүшсө, алымсабак айтышта негизинен жаш акындын талантын өстүрүүгө аракеттенишкен. [[Токтогул,]] [[Эшмамбет]], [[Эсенаман,]] [[Барпы]], [[Калык]] сыяктуу акындар айтыш өнөрүнүн ири чеберлери болгон. Советтик мезгилде айтыш өнөрүн Калык, [[Алымкул]], [[Осмонкул]] баш болгон акындар өнүктүрдү. Азыр айтыш элдик турмушту кеңири чагылтып, кемчилигин сындаган публицистикалык салтанаттуу трибунага айланды. айтыштын мазмуну совет адамдарынын бейпил турмушун, күжүрмөн эмгегин; тынчтыкты даңазалоо болуп калды. Форма жагынан айтыш салтанаттуу келип, майрамдарда театр сахналарында аткарылат, радио-телевидение, газета-журнал аркылуу тарайт. Юмор, күлкү, тамаша арбын колдонулуп, сөзсүз жеңишке жетишүү аракети жок, анын ордуна жыйынтык чыгарылып, айтышкандар бир бүтүмгө келишет. 1922-ж. Союз Кошчунун салтанаттуу жыйынында Калык менен Осмонкулдардын айтыштары, 50-жылдарда Алымкул менен Осмонкулдун совхоздор жөнүндөгү, Ысмайыл менен [[Токтонаалынын]] тамашалуу, Эстебес менен Токтосундун юбилейлик айтыштары белгилүү. айтыштын формасын профессионал акындар да колдонуп келишти. Айтыш өнөрү акындык таланттын, төкмөлүктүн, акындык ойлоонун татаал табиятын изилдөөдө илимий-практикалык зор мааниге ээ. Анткени бул көрүнүштөр нукура белгилери менен дал ушул айтыш процессинде ачык байкалат. Айтыш казак элинде да кеңири өнүккөн. Көркөм сөз өнөрүндө мелдешүүнүн түрдүү формалары башка элдерде да байыркы замандардан тартып өнүгүп келген. Мисалы байыркы гректерде, арабдарда; япониялыктарда, индиялыктарда, тажиктерде, өзбектерде ж.б.
Таштемиров Ж., Айтыштар «Кыргыз элинин оозеки чыгармачылык тарыхынын очерки» деген китепте, Фр.Фрунзе, 1973; Айтыштар, Фр., 1972.
 
 
15-сап:
 
 
[[en:AytyshАйтыш]]
[[Категория:Айтыштар]]
[[kaa:Aytıslar]]
[[Category:Маданият]]
[[Category:Адабият]]
"https://ky.wikipedia.org/wiki/Айтыш" булагынан алынды